Ачуу (процесс)

Википедия дан

Ачуу (процесс) – организмге жашоого керектүү энергияны камсыз кылуучу орг. заттардын алмашуусунун анаэробдук ферменттик кычкылдануу – калыбына келүү процесси. А. эң байыркы жана энергия жагынан аэробдук процесстерге караганда анчалык бай эмес. Жаныбарга, өсүмдүккө, көпчүлүк микроорганизмдерге мүнөздүү. Спирттин, орг. к-талардын, амин к-талардын, пурин – пиримидиндердин, углеводордун А-су белгилүү. Ачыгында субстрат жана метаболизм жолдоруна байланыштуу спирт (этанол), орг. к-талар (сүт, май к-талары жана башка), ацетон, башка орг. бирикмелери, көмүр кычкыл газы, суутек пайда болот. Азык түрлөрүнө жараша ачуу спирттик, сүт к-талык, май к-талык жана башка болуп бөлүнөт. Сүт к-талык, май к-талык А. процессине алып барган бактериялар сүт к-талык же май к-талык бактириялар деп аталат. А. процессинде анаэробдук жана аэробдук дем алуудан айырмаланып субстраттык фосфорилдөө өтөт.

Спирттик А-да канттардын этанол жана көмүр кычкыл газга айланышы ачыткычтардын таасири астында өтөөрүн 1837-ж. Каньяр де ла Тур божомолдогон. Андан кийин Л. Пастер А. процесси бүтүн жандуу клеткаларга мүнөздүү экендигин далилдеген. 1897-ж. Э. Бухнер кантын ачышы ачыткычтардын клеткасыз ширесинин таасири астында өтөрүн көрсөттү. Андан кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр А. процессинин ферменттери бөлүнүп чыгарылды.

Көпчүлүк организмдерге А. - орг. заттардын алмашылышынын биринчи этабы, анда пайда болгон заттар дем алуу процессинде толук ажырайт.

Жаратылышта заттардын алмашуусунда ачуу зор роль ойнойт (өзгөчө, целлюлозанын). Микрооорганизмдердин таасири астында болуучу А.: спирттик – вино, пиво бышырууда, отун пайда кылышында, сүт к-талык – айран уютууда, быштак бышырууда, тоют даярдаганда, жана башка өтө манилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]