Ачык-Таш мөңгүсү

Википедия дан

Ачык-Таш мөңгүсү - Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталында, Ленин атындагы чокунун түндүк чыгыш тарабынан орун алган. Узундугу 5,5 км, аянты 5,8 км2. Абляция облусунун аянты 3,5 км2, көлөмү 0,2 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4880 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Фирн облусундагы чокунун түндүк-чыгышындагы тармагынын Ленин мөңгүсүн караган батыш бетинде жатат. Жакынкы мезгилде эле Ленин мөңгүсүнүн бпр айрыгы болгон. Чегинүүнүн натыйжасында өзүнчө бөлүнгөн. Алардын этек мореналары бпр тилкеде жатат. Мөңгүдөн агып чыккан суу Кызыл-Суунун сол куймасы Ачык-Ташка куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1