Чоң-Алай тоо кыркасы

Википедия дан
Чоң Алай кырка тоосу‎»‎ барагынан багытталды)
Чоң-Алай кырка тоосу & Алай өрөөнү.

Чоң-Алай тоо кыркасыКыргызстандын аймагынын эң түштүк четинде Памир тоолорунун түндүк чети болгон Чоң-Алай кырка тоосу орун алган. Чоң-Алай кырка тоосунун суу бөлгүчү Тажикстан менен Кытай Эл Республикасынан Кыргызстандын аймагын бөлүп турган чек ара катары милдет аткарат. Алай кырка тоосу менен Чоң-Алай кырка тоосунун ортосунда кеңдик боюнча созулган Алай өрөөнү Памир тоолору менен Алай-Түркстан тоолорунун табигый чеги болуп эсептелет. Кырка тоо батышта Кызыл-Суу менен Мук-Суунун чатынан чыгышта Чыгыш Кызыл-Суу менен Маркан-Суунун кошулган жерине чейин 250 км ге кеңдик боюнча созулуп жатат. Анын ичинен 190 км Кыргызстандын чегинде жатат. Эң бийик жери Ленин атындагы чокунун бийиктиги 7134 м, ал бийиктиги боюнча Кыргызстандагы экинчи орундагы чоку.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...