Ачык булактуу програмдык камсыздоо

Википедия дан
Xfce чөйрөсүндө иштеп жаткан Linux Mint, MediaWiki тарабынан өндүрүлгөн Уикипедияны серептеп жаткан Mozilla Firefox,эсептегич программа, тигилген календар, Vim, GIMP жана VLC медиа ойноткучунун скриншоту - булардын баары ачык булактуу програмдык камсыздоолор

Ачык булактуу програмдык камсыздоо (англ. Open-source software, OSS) — булак коду ачык жеткиликтүү болгон компүтердин програмдык камсыздоосу. Ал автордук укуктун ээси программалык камсыздоону изилдөө, өзгөртүү жана каалаган кишисине, каалаган максатта бөлүшүү укугун берген лицензия аркылуу жеткиликтүү болот. Ачык булактуу програмдык камсыздоо биргелешкен коомдук тартипте иштелип чыгышы мүмкүн. Аны изилдеген окумуштуулардын айтымында, ачык булактуу програмдык камсыздоолор ачык кызматташтыктын көрүнүктүү үлгүсү болуп эсептелет[1].

Ачык булактуу програмдык камсыздоону иштеп чыгуу, же бир нече көз карандысыз булактардан биргелешип иштеп чыгуу - кайсы бир компания көп убакыттан бери иштеп чыгып, колдоого алган учурларга караганда, долбоорлоонун бир топ эле башкача чөйрөсүн жаратат. Standish Group фирмасынын 2008-жылдагы баяндамасында белгиленгендей, ачык булактуу програмдык камсыздоонун үлгүлөрүн өздөштүрүү, керектөөчүлөргө жылына болжолдуу эсеп менен 60 млрд АКШ долларын үнөмдөп калууга өбөлгө түзгөн[2][3].

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Levine, Sheen S.; Prietula, Michael J. (2013-12-30). "Open Collaboration for Innovation: Principles and Performance". Organization Science 25 (5): 1414–1433. doi:10.1287/orsc.2013.0872. ISSN 1047-7039. http://pubsonline.informs.org/doi/abs/10.1287/orsc.2013.0872. 
  2. Rothwell, Richard Creating wealth with free software. Free Software Magazine (5 -август (баш оона) 2008). Текшерилген күнү 8 -сентябрь (аяк оона) 2008. Түп булактан архивделген күнү 8 -сентябрь (аяк оона) 2008. Калып:Dead link
  3. Калып:Cite press release Калып:Dead link