Linux Mint

Википедия дан
Linux Mint 19.

Linux Mint (англ. mint - жалбыз) - Linux операциондук системинин дистрибутиви. Башында, Linux Mint Ubuntu'га негизделген. Мунун натыйжасында түрлөрү улам көбөйүп отуруп, адепки (англ. default) testing тарамындагы репозиторийлүү Debian'га негизделген дистрибутив тарамы пайда болгон. Ар бир курамада Mate, Cinnamon (GNOME Shell код базасынан тарамдалган GNOME иш үстөлү чөйрөсүнүн чели болуп саналат), KDE, Xfce жана башка популярдуу графикалык чөйрөлөрдүн бири колдонулат. Linux Mint'тин курумалары Ubuntu'дан жалпысынан дистрибутивге киргизилген пакеттердин курамы менен гана айрымалангандыктан, Ubuntu менен айкалышы турган иш. Муну иштеп чыккандар да моюндарына алышат. Дистрибутивдин максаты - колдонуучуга орноткондон кийин дароо ишке даяр болгон, популярдуураак иштетүү системдерин, ошондой эле популярдуу мултимедия форматтарынын кодектерин жүктөөнү талап кылбаган болушунча жөнөкөй систем берүү болуп эсептелет. Жалпысынан алганда Linux Mint Ubuntu менен дээрлик бирдей. Айырмалап турган - жашыл түскө басым кылынган жаңы оригиналдуу интерфейси жана Linux менен жаңы гана шугуулдана баштагандардын ишин жеңилдетүүнү көздөгөн аз сандагы өзүнүн тиркемелери (mintInstall, mintUpdate, mintMenu ж.б.). Дистрибутивдин урааны - "эркиндик кооздукка жеткирет" (англ. "from freedom came elegance").

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]