Ачы, урук

Википедия дан

Ачы уругу - багыш уруусунун курамындагы урук[1].

Айрым маалыматтар бул этникалык аталыштын параллелдери кыргыздын бөрү, мунгуш урууларынын курамдарында бар экендигин чагылдырат.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ачы - эң байыркы кыргыз уруусунун энчилүү аты. Энисей кыргыздары татаал этникалык жалпылыкты түзүшкөн. Алар негиздеген мамлекеттин курамы түрдүү тилдик жалпылыктарды түзгөн аймактарды кучагына камтыгандыгын тарыхый булактардагы жана илимий адабияттардагы маалыматтар тастыктайт. Кытай жыл баяндары тарабынан эскерилген, Тибетке расмий сапар менен барган кыргыз элчиси атактуу “болчар” (болшар) уругунан чыккан. VI-IX кк. кыргыздардын этникалык курамына таш жана аска беттериндеги жазуу эстеликтеринде баяндалган “ач” аттуу эл кирген[2]. “...VII-IX кк. Кара Июс дарыясынан Енисейге, Уйбат дарыясынан Койбал чөлүнө чейинки аймактарды кыргыздын “ач” аттуу уруусу мекендегенин таш бетиндеги жазуулар ырастайт”[3]. Ошону менен бирге, бул жазуу эстеликтеринде ач, болчарлар менен бирге кыргыздын “ли” аттуу уруусу да эскерилет. Таанымал окумуштуу Н.А. Сердобов бир катар иликтөөлөрдүн соңунда, VI-VIII кк. Июс жана Уйбат дарыяларынын ортолугундагы жерлерде кыргыздын “ач” аттуу уруусу мекендеген деген С.В. Киселевдун көз карашын колдогон[4]. 1924-жылы Уйбаттан табылган байыркы кыргыздарга таандык күмүш идиште:

“...алтын..., ач элинин белеги...”

- деген маалымат бар[5].
С.Е. Малов бул жазууну “...алты он ашагы ачын - ач элинен алтымыш түр тамак” маанисинде чечмелеп окуган. Автор “ач” элин енисей кыргыздарынын бир бутагы болгон деп эсептейт[6]. Д.Г. Савинов “ач” эли VII-IX кк кыргыздардын этностук курамынын өзөгүн түзгөн деген ойду айтат[7]. Жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары байыркы бабаларыбыз түптөгөн мамлекеттин уруулук курамынын түзүлүшүн чагылдырары ырас.
Мындан сырткары, Кыргызстандын жана Түштүк Сибирдин топонимиясында чагылдырылган Ачы (Көк-Арт өрөөнүңдөгү, Базар-Коргон жергесиндеги топонимдер), Ачинск, Канск-Ачинск (Россия Федерациясы, Түштүк Сибир аймагы) сыяктуу жер-суу аталыштары (этнотопонимдер) жогорудагы фактыларды бекемдери ырас.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Аттокуров, 1995, 69.
  2. Савинов, 1984, 78.
  3. Евтюхова, 1948, 5.
  4. Сердобов, 1971, 88.
  5. Евтюхова, 1948, 33.
  6. Малов, 1952, 15.
  7. Савинов, 1984, 77-78.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]