Аштар

Википедия дан

Аштар(Наштар) — кыргыздардын элдик медицинасында колдонулган байыркы аспап. Кош миздүү, болоттон жасалган курч бычак. Жоокердик замандагы негизги милдети жараттагы бузук канды чыгаруу болгон. Манас эпосунда аштар денеге сайылып токтоп калган жебенин сыныгын же окту тилип чыгарып алуу үчүн да колдонулганы айтылат: Сом этине калды деп, Чыкпай туруп алды деп, Аштар алып колуна Тилип жаткан андан көп (Сагымбай Орозбаков, 1. 287). Денеге токтоп калган жебенин сыныгын же окту А. менен тилип алуу процесси эпосто аштар-лоо деп аталат: «Токтогон окту аштарлап — тилип жаткан андан көп» (Курама варианты, 1.130).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4