Аштарханилер

Википедия дан

Аштарханилер - Бухара хандарынын династиясы (1599-1785); Астрахань хандарынын тарамынан чыккан.

Шейбанилер династиясы кулаган соң тактыны ээлеген. А-дин эң атактуулары: Имам-кули (1611-42), Надир-Мухаммед (1642-45), Абд-ал-Азиз (1645-80), Субхан-кули (1680-1702), Убайдулла II (1702-11), Абу-л-Файз (1711-47). Аштарханилер үстөмдүк кылган доордо ири өзбек уруулары Бухарадагы жана Хорезмдеги бийлик үчүн хандар менен тынымсыз катуу күрөш жүргүзүп турушкан.

Каракалпактар, казактар жана калмактар да узак убакыт бою аларга каршы күрөшүп келген. Мына ошол күрөштөрдүн баары өзбектердин Мангыт уруусунун Бухарада жана Конграт (Коңурат) уруусунун Хорезмдө бийликке келүүсү менен бүткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.