Династия

Википедия дан

Сулале(Династия)(гр. dynasttia – бийлик, үстөм дүк) – мурас боюнча падышалык тактыны биринен бирине өткөрүп берүүчү бир уруудан же бир тукумдан чыккан монархтар. Мисалы, Россияда – Романовдор, Францияда – Бурбондор, Австрия-Венгрияда – Габсбургдар, Араб халифатындагы Аббасиддер жана башка. Учурда Бернадоттор (Швецияда ), Виндзорлор (Улуу Британия ), Бурбондор (Испанияда ) династиялары башкарып келет. Династиялык башкаруудагы мамлекеттерге Бельгия, Дания, Иордания, Кувейт, Лесото, Люксембург, Монако, Нидерланд, Норвегия, Сауд Арабиясы, Япония жана башка кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1