Ашшур

Википедия дан

Ашшур, Ассур — Ассириядагы байыркы шаар. Ирактын аймагында Мосул шаарынын түштүгүнөн 100 км аралыкта жайгашкан (азыр анын ордунда Эш-Шаркат орун алган). Шаар Тигр дарыясынын аскалуу бийик жээгинен орун алып таш пайдубалдуу, кыштан курулган мунаралуу дубал (бийиктиги 15 м, калыңдыгы 6 м) менен курчалган. Ашшур 3-миң жылдыктын аягы - 2-миң жылдыктын башында өкүмдар (мурастык) жана аксакалдар кеңеши башкарган соода борборуна айланган. Бул мезгил аралыгында биртоп басып алууларга дуушар болгон. Мисалы, Аккаддын, III Ура династиясынын, Шамши-Адад 1нин, Хаммурапинин тушунда Вавилониянын жана батыштагы коңшусу Митаннинин бийлигине баш ийген учурлар болгон. 2-миң жылдыктын ортосунан Ашшур Ассирия мамлекетинин борборуна айланган. 9-кылымда мамлекеттин борбору Калха, 7-кылымда Ниневия шаары экендигине карабастан, Ашшур диний борбор жана дүйнөдөн кайткан Ассирия падышаларынын коюла турган жери болуп, мамлекеттеги эң барктуу шаарлардын бири катары эсептелип, шаарга бир кыйла жеңилдиктер берилген (соодагерлерге жана шаардыктарга салык салынган эмес жана башка). 614-жылы Ассирияга каршы мидия-вавилон согушунун жүрүшүндө Ашшур мидиялыктар тарабынан ырайымсыз талкаланган. Ашшурду казып, изилдөө иштери 1903-14-жылдары немец чыгыш коому тарабынан В. Андренин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн. Асемделген хан сарайлары, храмдар, Ассирия падышаларынын жер алдындагы гробницалары, китепкана жана башкалар табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1