Ассирия

Википедия дан

Ассирия — Кош өзөн түндүгүндөгү тарыхый аймак жана байыркы мамлекет (азыркы Ирак). Ассириянын борбору Ашшур шаары болгон. Калкынын алгачкы этникалык курамы белгисиз.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин заманга чейинки 2000-жылы калкынын көпчүлүгү семит-аккаддардан турган. Ашшур биздин заманга чейинки 19-кылымдын башында аморейлик Шамшиадад 1-нин (1813-1781) ири державасынын борбору болуп калат. 18-кылымда Ашшур жана ага жанаша жайгашкан шаарлар Вавилон падышасы Хаммураппиге, ал эми 16-кылымда Митанни падышаларына баш ийген. Акырындык менен Ассирия Вавилония жана Митанниден көз карандылыктан кутулуп, Ашшурдун башкаруучусу Ашшурубаллит 1-нин (15-кылымдын аягы 14-кылымдын башында) тушунда кайрадан күчтүү державага айланган. Анын тукумдары «Ассириянын падышалары» деген титул алышкан. Биздин заманга чейинки 1307-1206-ж. аралыгында Ассирия тарабынан Митанни, Вавилон, Закавказьедеги Наири урууларына, Кичи Азиянын түштүк-чыгышына, Сирияга, Финикияга жеңиштүү жортуулдар уюштурулган. 14-13-кылымда алар Түндүк Месопотамияны толук каратууга жетишишет. Баш ийдирилген аймактардан алынуучу салыктардын эсебпнен гүлдөгөн Ассирия мамлекети 11-10-кылымда арамей урууларынын басып кирүүсүнүн натыйжасында төмөндөгөн. 10-7-кылымда темир өндүрүү жана иштетүүнүн жогорулашына байланыштуу Ассирия кайрадан согуштук жана экономикалык абалын чыңдаган. Эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсү (Египет жана Вавилониянын начарлоосу, Хетт падышалыгынын кыйрашы) Ассирияга баскынчыл саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Тиглатпаласар III (745-727) мамлекеттик каржылоодо турган туруктуу армияны түзүп, анын жардамы менен империядагы сепаратисттик кыймылдарды басып турган. Ассириялык аскерлер бир нече жолу Вавилонияга, Урартуга, Мидияга, Сирияга басып киришкен. 671-ж. Асархаддон Егппеттп, 640-жылдары Ашшурбанапал Эламды жана Түндүк Аравия урууларын баш ийдирген. Ассириянын жүргүзгөн баскынчыл согуштары баш ийген өлкөлөрдүн, ошол эле учурда мамлекеттпн өзүнүн калкын да жакырлантып, экономикалык абалын начарлаткан. Ага каршы түзүлгөн мамлекеттердпн коалициясы (Вавилония менен Мидия) менен болгон согушта Ассириянын борбору Ашшур шаары кыйратылып (614), ал эми 609-ж. Харрандын алдындагы салгылашууда армиясынын калган бөлүктөрү толук талкаланган. Ошентпп байыркы дүйнөлүк алгачкы империя тарыхый аренадан кеткен. Анын аймагы жеңген мамлекеттердин курамына кирип, 6-кылымдын ортосунда Ассирия Перс пмперпясы, 4-кылымдын акыркы чейрегинде Александр Македонский тарабынан каратылган. Андан соң Македонскийдин аскер башчысы Селевка I Никатордун ээлигине айланган. 140-ж. бүткүл Месопотамия Парфия тарабынан каратылат. 115-ж. римдиктер парфиялыктарды талкалап, Ассирия провинциясын түзүшкөн. Бирок көп өтпөй жергиликтүү калктын көтөрүлүшүнөн кийин, Ассириянын аймагы кайрадан парфиялыктарга кайтарылган. Биздин замандын 3-кылымында Ассириянын аймагы Персиянын (Сасаниддер династиясы) бийлиги астына өткөн. Ассириянын искусствосунун гүлдөө мезгили 13-14-кылымга таандык. Ашшур (б. з. ч. 9-14-к.), Кальху (б. з. ч. 9-кылым), Дур-Шаррукин (б. з. ч. 7-8-кылым) шаар маданияттын тарыхый борборлору болгон. Шаардын айланасы таш түптөлгөн, бышкан кирпичтен салынган чеп-дубалдар менен курчалган. Бийик мунаралуу, дарбазалары арка түрүндө, төрт бурчтуу салынган бастпондор курулган. Шаардын борборунда чеп-сарайлары, көркөмдөлгөн,татаал пландагы көптөгөн храмдар, зиккурат-мунаралар, чарба курулуштары (Дур-Шаррукиндеги Сарогон IIнин ак сарайы) орун алган. Ак сарайлардын кире беришине басып бара жаткан канаттуу букага падышанын башын орноткон таштан чегилген статуялар - «шеду» тургузулган. Падышанын жатуучу жана кабыл алуучу бөлмөлөрү түстүү боёктор менен тартылган оймо-чиймелер, дубалдарга жазылган жазуулар, бронза жана таш колдонулуп жасалган рельеф, статуялар менен кооздолгон. Идеялык-көркөм чыгарманын мазмуну ошол кездеги падышалардын баатырдыгын даңазалайт. Ассириянын аймагында искусство эстеликтери б. з. ч. 4-миң жылдыкта бийик порталдар курушуп, андагы композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кирпичтерди кыноо аркылуу кооздоо өнөрү өркүндөгөн. Гипертрофияланган адамдардын мүчөлөрүн, булчуңдарын, келбетин рельефтерде эркин композициялар менен (Ниневиядагы Синахериба аксарайындагы рельефтерде) чагылдырышкан. Таштан жасалган эстеликтер, падышалардын статуялары, скульптуралар жогорку чеберчиликте жасалган. Рельефтер жана статуялар менен ак сарайлардын, храмдардын ичин кооздошкон. Ассирия живописинен сүрөттөрдүн сыныктары сакталып калган («Ассириялык эки төрө», «Арстандарга мергенчилик» жана башкалар, б. з. ч. 8-кылым, Халеб музейи). Асыл таштарга, ташка оймо-чийме, сүрөттөрдү кесип түшүрүү өнөрү кеңири өнүккөн. Кесип оюлган таштар мөөр, тумар жана жасалга катары колдонулган. Көркөмдөп токуу, жыгач жана сөөк буюмдарын жасап, иштетүү өнүккөн. Дубалдардагы рельефке падышалардын мергенчиликтеги, жеңиштүү жүрүштөрдөгү сүрөттөрү, музыкалык аспаптарда ойногон, бийлеген, ырдаган адамдардын келбети түшүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1