Вавилония

Википедия дан

Вавилония- Байыркы Чыгыш мамлекети.

Хамурапинин закондору

Вавилониянын тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.з.ч. 2-миң жылдыктын башында Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө ( азыркы Ирак аймагында) пайда болгон. Адегенде Вавилониянын аймагы "Шумер жана Аккад" деп аталган. Б.з.ч. XIX-кылымдын башына чейин Вавелонияны Аккад падышалары, кийин Ур династиясынан чыккандар (Б.з.ч. XXII-к.аягы - XXI-к.) бийлеген. Б.з.ч. 1894-жылы Вавелонияда аморит урууларынан чыккан жергигиктүү династия тактыга келип, Хамурапинин (б.з.ч. 1792-1750) тушунда борборлошкон кул ээлөчүлүк чоң мамлекет түзүлгөн. Б.з.ч. XVIII-кылымдын 2-жарымынан тартып Вавилонияга сырткы душмандар,өзгөчө касситтер тез-тез кол салып турган. Алар б.з.ч. XVI-кылымда өлкөкөнү басып алган. Касситтер династиясы сүрүп турганда (б.з.ч. 1518-1204) Вавелониянын экономикасы, аздыр-көптүр оош-кыйышына карабастан, өйдөлөгөн. Касситтердин жана андан кийинки династиялар тушунда Вавилонияга сырткы душмандар (Ассириялыктар, Эламиттер) далай жолу басып кирген. Б.з.ч. VII-кылымда Ассирия аскерлери Вавилонияны 2 жолу кыйраткан.
Б.з.ч. 626-жылы ассириялык принц Набопаласар өзүн Вавилониянын падышасымын деп жарыялаган. 626-жылдан жаңы падышачылык башталат. Навуходоносор IIнин тушунда Вавилония Египетке жана анын азиялык союздаштарына каршы ийгиликтүү сагушкан. 586-жылы Иерусалим талкаланып, Иудея Вавилониянын провинциясына айланган. Набопаласар менен Навуходоносор IIнин тушунда Вавилониянын эканомикасы бир кыйла жогорулап, Вавилон Алдынкы Азиядагы негизги соода борборуна айланган. Кийин падыша сарайында бир нече төңкөрүш болгон. Б.з.ч. 539-жылы Персия падышасы Кир II Вавилонияны басып алган.

Колдонулган адабиятар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рифтина А.П., Старо-вавилонские юридические и административные документы собраниях СССР, М.-Л.,1937;
Дьяканов И.М. Законы Вавилонии, Ассирии и Хетского Царства, "Вестник древней истории", 1952, №3-4.