Шумер

Википедия дан

Шумер, Сумер - Түштүк Месопотамиядагы (азыркы Ирактын түштүгүндөгү Тигр менен Евфраттын ортосу) байыркы тарыхый аймак.

Археологдордун маалыматы боюнча бул аймакты б. з. ч. 5-4-кылымда эле Шумерлер мекендеген. Алар чыгыштан (Элам тоолору) Перс булуңунун жогору жагына жер которуп келишип, саздуу аймактарга жайгашкан. Саздарды кургатып, дыйканчылык кылышкан. Иран, Элам, Ассирия, Индия, Тигр жана Жер ортолук деңиздин жээктериндеги райондор менен соода байланыштарын түзүп, шумер кыштактарын цивилизациялуу шаар-мамлекеттерге айландырышкан. Б. з. ч. 3-кылымда Шумер аймагында таптык коом жана мамлекеттик түзүлүш калыптана баштаган.

Б. з. ч. 3-мин жылдыктын ортосунда Аравиядан чыккан семит уруулары - аккаддар Түштүк Месопотамиянын түндүгүнө көчүп келип, шумерлер менен аралашкан. Б. з. ч. 2400-ж. ченде Аккад шаарын негиздешкен (к. Аккад). Ошондон баштап Шумердин түндүк бөлүгү Аккад деп аталган. Б. з. ч. 2700-2300-ж. Шумерлерде шынаа жазуулары пайда болуп, шаар-мамлекеттер (Ур, Урук же Эрех, Умма, Эриду, Лагаш, Ниппур, Сиппар жана Аккад) түзүлүп, храмдар курулган. Суу сактагычтар курулуп, сугат тармактары кеңейтилген.

Бийлик талашкан шаар мамлекеттер өз ара согушуп, бири-бирин басып алып турган. Б. з. ч. 2550-ж. Аккад шаарынын падышасы Саргон Аккаддык Байыркы Умма, Урук, Лагаш ж. б. шаар-мамлекеттерин багынтып, Аккад династиясын түзгөн. Бирок Аккад державасы кути (гути) урууларынын кол салуусунан кулаган. Кутилерди Уруктун падышасы Утухенгал сүрүп чыгарган. Ал өлгөн соң, бийликке Ур-Намма келип, ал Урдун үчүнчү династиясын негиздеп, «Шумер менен Аккад падышалыгын» түзгөн. Б. з. ч. 2000-ж. ченде семит урууларынын жаңы падышачылыгы - Амориддер күчүнө келип, Урдун үчүнчү династиясына кол салып, аларды талкалаган, к. Вавилония.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4