Евфрат

Википедия дан
Евфрат жана Тигр.
Евфрат.

ЕвфратТүркия, Сирия, Ирак аймактары аркылуу аккан дарыя. Мурат жана Кара-Суу дарыясынын кошулушунан пайда болот. Узундугу (Мурат дарыясынын башталышынан Тигр менен кошулганга чейинки) 3065 км, алабынын аянты 673 миң км2. Армян тайпак тоосунан башталып, Жезире платосу, Месопотамия ойдуңу аркылуу агат. Төмөнкү агымында Тигр дарыясына кошулуп, Перс булуңуна куйган Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Жазында ташкындап, жайында тартылат. Орточо чыгымы Хит шаары тушта (ушул жерден баштап кеме жүрөт) 840 м3/сек, төмөн жагында 300–400 м3/секга чейин азаят. Негизинен сугатка пайдаланылат (Месопотамия ойдуңундагы жээктеринде оазистер көп). Евфратка Кебан (Түркия), Табка (Сирия) гидро­түйүндөрү курулган. Боюнан Бирежик (Түркия), Эр-Ракка, Дейр-эз-Зор (Сирия), Эр-Рамади, Эль-Фаллужа, Эль-Куфа, Эс-Самава, Эн-Насирия (Ирак) шаары орун алган.

Евфрат менен Тигрдин аралыгы байыркы цивилизациянын очогу болуп (к. Шумер, Ассирия, Вавилония макалаларын), байыркы Вавилон шаары Евфраттын боюнда турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1