Ашырова Сайракүл

Википедия дан

Ашырова Сайракүл Оймочу. 1924-ж. Тоң районундагы Бар-Булак айылында төрөлгөн.

1942-жылдан Кызыл-Туу» колхозунда эмгектенген, 1969-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Тоңдогу боз үй көтөрүү бөлүмүндө үйдөн уздануучу чебери. Энеси Сонунбүбү, таэнеси Шаар бүбүлөрдөн таалим алган. 1980-ж. В. И. Лениндин туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата Кыргызстан КП БКнын Лениндик Ардак грамотасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Сайракүлдүн жабык баш, шырдак, ала кийиз, аяк кап, эшик тыш, кылдырооч сыяктуу буюмдарды боз үйдүн ички-сырткы жасалгалары катары кармоосу узчулуктун салтын жана наркын баамдатат. Ал жабык башты оюуда жээк оюму үчүн «ит куйрук оюмун» алат. «Бармак боочу оюму» ортолору жиксиз табакча-табакча болуп түшөт да, аны «мүйүз оюму» жана «карга тырмак оюму» аркылуу айкалыштырат. Ак этек (ак билек да дешет) ак-кара түстө берилет. Бул кызыл-көктөн айкалышкан борбордук жана жээк оюмдарын ачык бөлөт. Ал Ала Too кыркаларын элестетет. Чебер кийиздин өңүн тандоодо кара сарыны, сары-кызылды да ич ара өңдөштүрөт. Сайракүлдүн уюткан ала кийиздери бир жүздүү да, эки жүздүү да көрүнөт. Андагы түстөр анча ачык берилбейт. Өң коюу да, көгүш, күлгүн, саргыч да, бири бирине анча жутушпай, ар бир көркөм оюмдун элементтери өзүнүн жүзүн ачык, так, төп көрсөтө алат. Уздун таалим тарбия берүү жышааны күчтүү. Ал айылдаштарына таасирдүү чебер. Анын уздук жөрөлгөсү жуккандар - Касымова Кайырбүбү, Ашырова Асанбүбү, Думанаева Кермекаш. Сайракүл өзүнүн узчулугунда жүздөй шырдак, элүүдөй ала кийиз, өнөркананын тапшырмалары үчүн үч жүздөй боз үйдүн кийиз, чий, түймө буюмдарынын үлгүлөрүн жаратты. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1977-ж. СССРдин ЭЧЖКдөгү элдик өнөрдүн Бүткүл союздук көргөзмөсү. Кийиз буюмдары үчүн күмүш медаль; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын республикалык кароо-сынагы. Аяк кап, текче буюмдарынын үлгүсү үчүн I даражадагы диплом.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0