Ашыров Муратаалы

Википедия дан

Ашыров Муратаалы (1891, Кетментөбө өрөөнү - 1938) - алгачкы агартуучулардын бири, коомдук ишмер.

Арабча жана орус тилинде билим алган. Жергиликтүү элдин балдарын окутуп, сабатын жоюуга көп күч жумшаган.

1916-ж. Биринчи дүйнөлүк согушта Орусия падышачылыгы жергиликтүү элден оорук иштерине аскер топтоп, Россияга алып кеткен учурда Ашыровду миң башы кылып дайындашкан. 1917-жылкы төңкөрүштөн кийин ал кол алдындагы миң кишини поезд менен аман-эсен туулган жерине алып келген. 1919-ж. Кыргызстанда Совет бийлиги тарабынан жаңыдан уюштурулган революциялык аскер комиссариатынын курамына кирген. 1924-26-ж. Жалал-Абад округунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1926-ж. Бишкектеги советтик эл чарба кеңешинде (совнархоз) эмгектенет.

Кийинчерээк Кетментөбөгө келип, колхоздоштуруу иштерине жигердүү салым кошкон. Репрессия жылдарында жазыксыз жерден камакка алынып, ошол жерден каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5