Аэродром

Википедия дан

Аэродром (аэро ... жана грекче dromos - жүгүрүү, күүлөнүү оруну) - негизинен самолёт, вертолёт учуруу, кондуруу, башкаруу, орунга жайгаштыруучу жер бөлүгү менен курулуштар жана жабдуулар комплекси. Аэродром эки бөлүктөн (учуу-конуу зонасы жана анын үстүндөгү аба мейкиндиги) турат. Учуп-конуу зонасы учуп-конуу талаасын жана аба жолунун тилкесин камтыйт. Анда бир же бир нече учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору, перрондор, учуучу аппараттар жайгаштырылуучу орун болот. Учуп-конуу тилкесинен учуучу аппараттар учат жана ага конот. Ири аэродромдо узундугу 1000-5000 м, туурасы 200-400 мден 26 учуп-конуу тилкеси болот. Аба жолу самолётту учуруп жана кондуруу багытында учуу-конуу тилкесинен учуп чыккан (же конуучу) аба мейкиндиги. Аэродром самолётторду тейлөөсүнө, аянтынын өлчөмүнө, аянтына төшөлгөн плиталарга жана башка параметрлерине байланыштуу 5 класска бөлүнөт. Учуучу аппараттардын үзгүлтүксүз учуп туруусун жана учуу коопсуздугун камсыздоо максатында аэродром радио- жана жарык берүүчү техникалык каражаттар менен жабдылат. Абарайы бүркөктө самолёттун учуп-конуу коопсуздугун камсыз кылуучу радиомаяк (курстук, глиссаддык, маркердик) системасы менен камсыздалат. Абада учуу кыймылын башкаруу радиолокациялык көзөмөлдөө жана радио байланыш каражаттары менен ишке ашырылат. Аэродром жарандык жана аскердик болуп бөлүнөт. Жарандык аэродром - аэропорттун негизги курамдык бөлүгү; ал жүргүнчү, жүк, почтону аба менен ташуучу, ар түрдүү авиациялык жумуштарды (токой өртүн өчүрүү, айдалма өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо, оорулууларды ташуу жана башка) аткаруучу самолёт, вертолётторду тейлейт. Аскердик аэродромдо негизинен согуш аракеттерин, чегара кызматын, табигый кырсыктардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана башка кызмат аткаруучу самолёт жана вертолёттор жайгаштырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1