Аэротерапия

Википедия дан

Аэротерапия (аэро... жана терапия) - ачык абада организмди чыңдоо жана дарылоо ыкмасы. Дарылоо жана ден соолукту чыңдоо максатында колдонулат. Анын негизги максаты дененин сырткы температуранын терс таасирлерине чыдамдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Таза абада болуу узактыгы жыл мезгилине, аба ырайына (абанын температурасына, нымдуулугуна, шамал күчүнө) дененин чыдамдуулугуна, ден соолукка жараша болот. Ал санаторий-курорттук дарылоодо климат менен дарылоонун маанилүү бөлүгүн түзөт. Аба ваннасын кабыл алуу убактысы улам узартылып, нымдуу сүлгү менен сүртүнүү, душка, сууга түшүү менен айкалыштырылып жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1