Организмди чыңдоо

Википедия дан

Организмди чыңдоо — аба ырайынын — климаттын жагымсыз шарттарынын таасирине организмдин туруктуулугун арттыруу үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралар комплекси.

Каражаттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Организмди чыңдоонун негизги каражаттары — аба, суу, күн нуру. Алар дене көнүгүүлөрү менен айкалышканда организмди чыңдоочу таасирлердин натыйжалуулугу артат. Организмди чыңдоонун кеңири таралган, ар кимге жеткиликтүү түрү — таза абада болуу. Мында жыл мезгилинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл. Жылдын жылуу мезгилинде денени чындоо үчүн таза абада узакка сейилдөө, абанын температурасы 16° Сден төмөн эмес бөлмөдө терезени ачып коюп уктоо пайдалуу. Ар күнү үйдүн ичинде бир минутадан баштап, ар бир 5—7 күндө бир минутадан кошуп олтуруп, 10—15 минута жылаңайлак жүрүү пайдалуу. Денени чыңдоо үчүн жөө басуу, лыжада жүрүү, жеңил кийимчен «жай» жүгүрүү, коньки тебүү жана башкалар керек. Организмди чыңдоо үчүн суу процедурасын пайдалануунун өзүнчө өзгөчөлүгү бар; абага караганда суу бир кыйла кубаттуураак фактор болуп эсептелет. Суунун жылуулук таасиринен тышкары капилярдык кан айланууну жакшыртуучу өзгөчө массаж катары териге механикалык таасир да тийгизет. Үй шартында сүртүнүү, куюнуу, душ алуу суу менен денени чындоонун кеңири таралган түрү. Денени температурасы 34— 35°суу менен чыңдай баштоо керек. Ар күнкү куюнууда (сүртүнүүдө) 6—7 күндөн кийин суунун температурасын 1°ка төмөндөтүп олтуруп, 22—24°ка жеткирүү керек. Бул температурадагы суу менен 2—3 ай сүртүнүү жана куюнуу сунуш кылынат. Терс таасири болбосо (жогорку дем алуу жолунун сезгенишин, алсыроо, уйку качуу, тамакка табити тартпоо) денени төмөнкү температурадагы суу менен чыңдоого өтүп, 22°тан ар 10 күндө 1°ка төмөндөтүү керек; ар күнкү сүртүнүүдө (куюнууда) суунун температурасын 10—12°ка жеткирүү зарыл. Мында 3 минутанын ичинде жылуу (40° Сдей) суу муздак сууга бир нече жолу алмаштырылат. Организмди чыңдоонун натыйжалуу ыкмасы болуп душ саналат. Организмди чыңдоо факторлоруна ошондой эле күн нурунун таасири жана дене тарбия көнүгүүлөрү, башкача айтканда таза абада же желдетилген бөлмөдө эртең менен гигиеналык гимнастика жасоо (Гимнастика) да кирет. Суук күндөрү организм өтө үшүп кетпесин үчүн көнүгүүлөр таза абада жасалып, көпкө созулбаганы оң. Ысык, айрыкча нымдуулук жогору күндөрү өтө ысып кетпөө керек. Дене тарбия көнүгүүлөрүнөн кийин душ алуу сунуш кылынат. Ачык көлмөлөргө түшүү организмди чыңдоочу эң мыкты таасирге ээ, анткени суунун жылуулук жана механикалык таасири абанын, күн нурунун таасири жана сүзүү кыймыл-аракети менен айкалышат (Сууга түшүү). Кышында дени сак адамдар, «морждор» гана ачык сууга түшө алышат; ага чейин организмди акырындап суукка көнүктүрүү (бир жылдан кем эмес) керек. Муздак сууга түшүү 20—30 секундадан ашпай, кыймыл-аракет менен коштолуусу зарыл. Кышында сууга түшүүнү каалоочулар врачтын көзөмөлү астында болуулары тийиш. Буу мончосуна түшүү организмди чыңдоочу зор мааниге ээ. Мында жылуулуктун, буунун, суунун таасири жана механикалык дүүлүктүрүү (жышынгыч менен жуунуу же шыпыргы менен чабынуу) айкалышып, зат алмашуу, дем алуу жана кан айланууну күчөтөт. Бирок улгайган адамдар тез - тез «бууланууга» болбойт (жумасына 1 — 2 гана жолу; бууда 10—15 минутадан ашык болуу жарабайт).

Бала организми тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала организмин төрөлгөндөн баштап чыңдай баштоо зарыл, бирок анын айрым органдары жана системалары али өсүп жетилбегендигин эске алып, этияттык менен үзгүлтүксүз жүргүзүү керек. Гипотрофиядан, итийден, кайталап кармаган же өнөкөт оорулардан начарлаган балдарга денесин чындоочу процедуралар өзгөчө керек. Бирок оорукчан жана начарлаган балдардын организмин чыңдоону врачтын көзөмөлүндө жүргүзүү зарыл. Бала таза абанын жетишсиздигин өтө сезгич келет. Желдетилбеген үйдө көпкө болгон балдар шалдырап чыргоолонот, уйкусу качып, тамакка табити начарлайт, башы ооруп, жүрөгү айланат. Баланы күндүз таза абада уктатуу пайдалуу. Баланын саламаттыгына жараша анын кийимин которгондо кыска мөөнөткө жылаңачтоо менен аба ваннасын алууга болот. Жарык жана күн ванналары өтө так дозаланышы керек, анда баланы улам оодарып жаткырып туруу керек. Оорукчан балдардын денесин чыңдоодо жуундуруу, нымдап сүртүү сыяктанган таасири азыраак суу процедуралары сунуш кылынат. Бир жашка чейинки балдардын денесин чындоо жөнүндө Эмчектеги бала макаласын караңыз.

Улгайган адамдардын денесин чыңдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улгайган адамдардын денесин чыңдоо этияттык менен врачтын кароосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Анткени алардын денеге күч келтирүүчү дүүлүктүргүчтөрдүн таасирине адаптациясы начарлап, денени чыңдоочу процедуралардан кийин физиологиялык функциялары жай калыбына келет. Аба ваннасын адегенде үйдүн ичинде, верандада, балкондо алууга, акырындык менен жеңил кийимчен сейилдөөгө көнүгүү керек.
Организмди чыңдоо режими жашына, жекече өзгөчөлүгүнө жана ден соолугуна жараша врачтын көрсөтүүсү боюнча түзүлөт. Ооруп калса денени чыңдоону убактылуу токтотуп, айыккандан кийин кайра башынан баштоо керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8