Аэрочана

Википедия дан

Аэрочана - кыймылдаткыч айландырган аба буралгысынын (винтинин) тартуу күчү менен карда же музда сыйгаланып жыла турган механикалык чана. Аэрочананын лыжаларга орнотулган чанагы (кузову) жеңил материалдан жасалып, аны кыймылга келтирүү үчүн кубаттуулугу 25 а.кнөн кем эмес авиациялык кыймылдаткыч колдонулат. Чананын артында 2 лыжа, алды жагында руль механизми менен башкарыла турган 1 же 2 лыжа орнотулат. Лыжалар жыгачтан жасалып, таманына металл капталат же бүтүндөй калдыркан дюралюминийден жасалат. Аэрочананын ылдамдыгы 25-140 км/с. Түндүктө байланыш түзүүдө, арктика экспедицияларында, аэродромдо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1