Аюу, урук

Википедия дан

Аюу уругу - ават, бөрү, чекир саяк урууларынын курамдарындагы уруктар[1].

Аюу дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде эзелтеден тотемдик жаныбар катары белгилүү. Байыркы түрк тилдеринин диалектилеринде бул сөз "aziq", "adiq" формаларында айтылганы маалым (караңыз: Махмуд Кашгари, Т.1, 86; ДТС, 13). Азыркы тува жана хакас тилинин айрым диалектилеринде “адыг”, “азыг” түрлөрүндө айтылат. Түштүк Сибир түрк элдеринде, өзгөчө саха-якуттарда аюуга байланыштуу табу ( “тыюу салуу”) сөздөрү кенен таралганы анык. Мындан сырткары, аюуга байланышкан бир топ эвфемизмдер белгилүү. Мисалы, саха-якуттар аюуну - “өхө” (чоң ата), хакастар - “аба” (ата), алтайлыктар - “абага” (таяке, ага), тувалар - “ава” (эне, апа) деп аташат[2]. Тунгус-манжур элдеринде (эвенктерде) “манги” аюу келбеттүү адамды элестетип, ата-бабалардын духунун мифологиялык символу, шамандардын башкы колдоочусу деген түшүнүктү билдирет. “Манги” сөзү “аюу”, “ата-бабалардын духу” маанисин туюндурат[3]. “Тайганын кожоюну” деген ат менен белгилүү болгон аюу бүгүнкү күндө да бугу, жолборс, бүркүт сыяктуу кайберендер менен бирге тотемдик ыйык жаныбар катары эсептелет. Изилдөөчүлөр адамзат коомунун өнүгүүсүнүн энелик доордогу коллективдүү чарба жүргүзүү (коллективдүү аң уулоо) менен байланышына токтолушат. Сибирдин көпчүлүк элдеринде аюуга байланыштуу жамааттык түлөө өткөрүү ритуал-майрамы сакталып келери маалым[4]. Айрым изилдөөчүлөр Түштүк Сибирде тунгус-манжур урууларына чейин “манги” ( “аюу”) аттуу уруу жашаганын далилдеп келишет[5].

Бул этникалык аталыштар кыргыздарда эзелтеден эле белгилүү десе болот. Параллелдери башкыр, өзбек-коңураттарда бар[6].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абрамзон, 108.
  2. Щербак, 1961,131.
  3. Анисимов, 1951, 200-203.
  4. Васильев, 1948, 78-79.
  5. Васильевич, 1970, 31-32.
  6. Атаниязов, 1988,15.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]