Аяз ата
Аяз ата — Жаңы жыл майрамындагы жомоктуу башкы каарман, орустардын «Дед Мороз» деген каарманынын кыргызча айтылышы.
Ал эми Аяз ата — европалык жана америкалыктар үчүн рождестволук аяз ата болгон Санта-Клаустун орусча варианты. Анын прообразы болуп, славяндардын кыш, суук жана аяз ээси делген кудайчалары да эсептелинет.
Аяз ата көгүш, көк, кызыл же ак чапан кийген, ак сакалчан, колунда таягы бар, чокой бутуна кийген абышка катары сүрөттөлөт. Ал аттарга чегилген араба менен жүрөт. Жанында Снегурочка (Аяз кыз) кошо жүрөт.
Пайда болуу тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Себеп болгон Ыйык Николай жана славян мифологиясындагы кудайчалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]XIX кылымдын 2-жарымында Орусиянын шаардыктары батыштагы замандаштарынын Николайы (Санта-Клаус) сыяктуу эле орус балдарына да белек бере турган «рождестволук ата» жаратууга аракет кыла башташкан. Барып-барып XX кылымдын башында биз билген Дед Мороздун образы калыптанган.
Аяз атанын чогултулган образы христиан дининдеги Ыйык Николайдын агиографиясынын мотивдери боюнча, ошондой эле Позвизд, Зимник жана Корочун деген байыркы славян ишениминдеги кудайчалардын баяндары боюнча иштелип чыккан. Позвизд (Посвист, Вихорь) – бороон-ташкын, мөндүр жана кар көчкүнүн кудайчасы. Ал алыскы тоолордун каардуу кожоюну болгон. Зимник болсо, колунда темир таягы бар, узун чапан кийген кудайча деп ишенишкен. Анын буту тийген жерде ызгаар суук башталат деп коркушкан. Карачун жер астындагы өлүктөрдүн падышасы деп, адамдын жанын алган кудайча деп эсептешкен.
[[Октябрь(жеткиликсиз шилтеме) Октябрь революциясына чейинки Аяз атанын сүрөттөлүшү
«Дед Мороз» деген сөз орус уламыштарындагы «Дедко Морозко» деген персонаждан келип чыгат. Ал элди үшүткөн жана ызгаар сууктун ээси болгон каардуу кудайчаны түшүндүргөн. «Дед Мороз» Некрасовдун «Мороз – Красный нос» деген поэмасында орун алган. Анда ал жаш дыйканчы жесир келинди өлтүрүп салат жана андан калган балдар жетим калат. Островскийдин «Снегурочка» деген пьесасында жана анын негизинде коюлган Корсаковскийдин операсында Дед-Мороз кышты элестеттирген каардуу абышка катары чагылдырылат.
1840-жылы В.Ф. Одоевскийдин «Сказки дедушки Иринея» деген жомоктор жыйнагы жарык көрөт. Анын ичиндеги «Мороз Иванович» деген бир жомокто биринчи жолу мурда сууктун кудайчасы болуп келген Мороздун образына адабий трактовка берилген. Бул образ Рождествого же Жаңы жылга байланыштырылбаса да, Мороздун жакшы каарманга айланышы ишке ашкан.
Элестин калыптанышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1917-жылдагы революциядан кийин бардык рождестволук салттар куугунтукка алынган. 1929-жылы болсо, христиандардын Рождество майрамы кадимки күн катары жарыяланып, майрамдын өткөрүлүшүнө бөгөт коюлган. 1935-жылы 28-декабрда СССР БАК Президиумунун мүчөсү болгон Павел Постышев балдар үчүн Жаңы жылды майрамдоону уюштурууну сунуштаган макаласын «Правда» деген гезитке жарыялаган. Ошондон кийин өлкө боюнча жаңы-жылдык иш-чаралар уюштурула баштаган. Ошол эле жылы 30-декабрда Харьков пионерлер сарайында СССРде биринчи жолу расмий түрдөгү жаңы-жылдык балаты өткөн. 1937-жылы январда жасалма Дед Мороз менен Снегурочка атайын Союздар Үйүндө конокторду тосуп алышкан. Мындай жаңы образдын калыптанышында советтик киноматографтардын салымы да болгон.
Кыргыз адабиятына ылайыкташтыруу аракети
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аяз ата ― кыргыз мифологиясында сууктун ээси, суук түшүрүүчү «кырк чилденин» атасы. «Кырк чилде» кырк жигит экен да, алар жер бетиндеги жан-жаныбарлардын майын шылып, соруп турат экен.
Кырк чилде муздун астын үй кылып олтурат экен. Ошого муздун үй сыңары дөмпөйүп чыккан жерин «чилденин үйү» деп атайт. Үшүбөгөн кишини «чилденин майын жедиңби?» — дейт. Чилделер ошол муз үйүнө май сактап, Аяз атага берет экен.
Аяз атанын кырк чилдеси кыштын күнү талаада түнөп калган өгүздүн майын шымалап алгандыгы жөнүндө мындай мифтик баян айтылат:
«Бир абышка «өлүмтүгүмө кереги тиер» деп, жалгыз өгүзүн жайындасы жакшылап семиртип алган экен. Кыш түшөөрү менен эле тамынан чыгарбай байлап багыптыр. Бир күнү семиз өгүзүн сугарганы бара жатканда оюн салып, абышканын колунан чыгып кетет. Кантсе да кармай албай коет. Ошол чилденин мезгили экен. Талаада жүргөн семиз өгүздү түндөсү «кырк чилде» шымаланган жигиттер кармаптыр да, муздун астындагы үйлөрүнө алып кирип союп, майларын шымалай (шимирип) баштаптыр. Чоң өгүздүн майларын шымалап бүткөнчө, таң атайын деп калыптыр. Кырк чилде ашыгып өгүздүн мүчөлөрүн кайра кураштыра баштаптыр. Кураштырып бүткөндө өгүздүн бир сүбөө кабыргасынын сөөгү жок чыгыптыр. Аны издеп таба алышпаганда, шилбиден сүбөө сөөк жасап сала коюптур да, өгүздү тартайтып, бир сөөк, бир тери боюнча талаага кое бериптир. Таң саар менен өгүз каңкайып абышканын эшигинин алдында туруп калыптыр. Ошол бойдон абышка кайра канчалап бакканына болбой, өгүз көтөрүм болуп өлгөн экен. Абышка терисин сыйрып жатып, өгүздүн бир сүбөөсү шилбиден жасалганын көрүптүр.»
Демек Аяз атанын балдары кырк чилде кыштын күнү жан-жаныбарлардын майын шымалайт (арыктатат) май чогултат, деген тааным болгон. Ошондон улам ушул сыңары жомоктор айтылып, ошол ишеним боюнча, кыргыздар кыштын күнү чилдеде малды талаага түнөтпөйт. Чилдеде ар кандай мал короосуна түнөп калса, аны айдап чыкпайт. Жогорку «чилде жана аяз ата» жөнүндө айтылган эки баянда, «чилде» мезгилдин ээси, атасы бар экени айтылып, тотемдик (урук-тукумдук) байланыш баяндалып турат. Бул баяндар, жаратылыштын төрт мезгилин баамдап, анын себептерин наристе элестетүү менен түшүндүрүп жаткан мифтик көркөм адабият болуп эсептелет. Мында чилде менен аяз атанын «сууктун ээси, пири» деген элестетме образ жаралган. Аны баштапкы коом адамдары чындык катары кабыл алып, чын бүтүшкөн, ошого, ал бүгүнгө чейин уламадан уланып айтылып жүрөт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Түзг. Кеңеш Жусупов. Кыргыздар. - Б:. 1996, ISBN 5-7499-0033-9(жеткиликсиз шилтеме)