Аялдардын башкаруу органдарынын ишинде жана чечим кабыл алуу процесстеринде катышуусу
Аялдардын саясий катышуусу – аялдардын Кыргыз Республикасынын ар кандай мамлекеттик жана муниципалдык бийлик деңгээлдеринде чечим кабыл алуу процесстеринде ар кандай формада катышуусу. "Саясий катышуу" түшүнүгү жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары кабыл алган чечимдерге таасир этүү үчүн колдонгон механизмдерине байланыштуу. Катышуу принцибинде жарандардын жана топтордун агрегатталган кызыкчылыктары чагылдырылат. Аялдардын саясий катышуусунда бийлик органдары чечим чыгара турган ар кандай маселелер боюнча аялдардын кызыкчылыктары көрсөтүлөт. Биринчи кезекте, бул шайлоо жана шайлануу укугу жана мүмкүнчүлүгү, ошондой эле коомдук турмушта маанилүү чечимдерди кабыл алуу процесстеринде катышуу формалары жана шайланбаган саясий кызмат орундарына орношуу мүмкүнчүлүгү.
Саясий катышуу, шайлоо жана шайлануу укугу (жана мүмкүнчүлүгү) жана башка ыкма менен коомдук турмушта маанилүү чечимдерди кабыл алуу процесстеринде катышуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына орношуу укугу дегенди билдирет.
XX - XXI кылымдын башында аялдардын саясий кызмат орундарын ээлегендиги боюнча жалпы кырдаал аздыр-көптүр жакшырганы менен, гендердик теңчилик али орной элек деп айтсак болот. Алсак, 2012-жылы мамлекет жана өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлеген аялдар 5,35% жана 7,3% түзсө, 15,1% - парламенттердин спикерлери болуп, депутаттардын арасындагы үлүшү орто эсеп менен 19,5% түзгөн .
Саясий катышуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]СССРдин саясий турмушундагы саясий атаандаштык солгундаганы менен, саясий катышуу күч алган. Биринчи кезекте бул 1918-жылы Конституцияда аялдарга шайлоо укугунун берилгендиги менен орун алды (көптөгөн европа мамлекеттеринде аялдарга мындай укук бериле элек болчу). Борбордук Азияда, ошондой эле Кыргызстанда өлкөнүн саясий турмушунда аялдардын көбүрөөк катыша баштагандыгы Чыгыш аялдарын боштондукка чыгарган "Худжум" кампаниясына байланыштуу болду.
Советтер Союзунун ураарына аз калганда, бул абал өзгөрүүгө учурай баштады. 1989-жылдагы СССР депутаттарын шайлоодо Советтик аялдардын комитетине бөлүнүп берилген квота жокко чыгарылган. Совет бийлиги өкүм сүрүп турган мезгилде аталган комитеттин аялдарынын бийлик органдарында ойногон саясий ролу маргиналдуу мүнөзгө ээ болгон, тактап айтканда, бийлик органдарында кайра шайланбай турган жаш жумушчу кыз-келиндер болгон. Чыныгы бийликтин чордону болгон Политбюро жана ЦК КПССтин башка органдарындагы советтик министрлердин арасындагы аялдар 5% жана 3% гана түзүшкөн . Шайлоо жана шайлануу укугу
Аялдардын шайлоо укугу дүйнө жүзүнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө кездешет (Сауд Аравиясында 2015-жылы биринчи муниципалдык шайлоолор болуп өтүп, анда аялдар катыша алышты). Кыргызстанда советтик бийликтин алгачкы жылдарынан баштап эле аялдар добуш берүү укугуна ээ болушкан. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым чөлкөмдөрүндө үй-бүлөлүк добуш берүү тажрыйбасы шайлоодо өз алдынча жана жеке добуш берүү укугун белгилүү бир деңгээлде чектеп койду. Шайлоо участогу боюнча катталуу зарылчылыгы кээ бир чөлкөмдөрдө добуш берүү укугун жүзөгө ашырууда тоскоолдук жаратат, себеби нике расмий түрдө катталбай, аялдын күйөөсү жашаган жерге катталуу үчүн керектүү документтери жок болуп калат. Укуктук ченемдерде шайлануучу кызмат орундарына шайланууда эркектер менен аялдар бирдей укукка ээ деп айтылганы менен, Советтер союзу урагандан кийин Кыргызстандын жогорку мыйзам чыгаруу органында (Жогорку Кеңеште) аялдардын саны үчтөн бир бөлүктөн ашкан эмес, ал эми 2005-жылы шайланган парламентте депутаттардын арасында бир дагы аял болгон эмес. Бирок мындай жагдай Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүнө мүнөздүү нерсе, аларда да 2009-жылы парламенттеги аялдардын орточо үлүшү болжол менен 15% түзгөн .
Квоталар социалдык топтордун өкүлдөрүнүн шайлоодо катышуусун камсыз кылуу механизмдеринин бири болуп, 2013-жылы 118 өлкө жана аймактар парламентке шайлоодо квоталардын ар кандай формаларын колдонушкан . 2007-жылы КРнын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесине квоталардын киргизүү менен, жогорку мыйзам чыгаруу органында аялдардын да катышуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Ушундай эле көрүнүш 2012-жылы шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоодо квоталар бөлүнгөндө да байкалды. Бирок квоталар укуктук жактан бекитилгенде, шайлануучу кызмат орундарына шайлана турган аялдардын саны иш жүзүндө көбөйгөн жок. Алсак, 2012-жылы Бишкек шаарынын кеңешине депутаттарды шайлоодо жеңишке ээ болгон партиялардын биринин депутаттарынын арасында бир дагы аял болгон эмес. Ошол эле жылы райондордун бириндеги жергиликтүү шайлоолордо көрсөтүлгөн талапкерлердин 13% гана аялдар болушкан , бирок бул да болсо кандайдыр бир деңгээлде жакшы көрсөткүч деп айтсак болот, себеби 2008-жылы айылдык кеңештерге (жергиликтүү кеңештерге) депутаттарды шайлоодо талапкерлердин 7% гана аялдар болгон . Жергиликтүү кеңештеги депутат аялдардын саны жылдан жылга азаюуда (төмөнкү графикти караңыз).
1-график. Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын гендердик курамы
Маалымат булагы: Кыргыз Республикасындагы адам укуктары боюнча жылдык жыйнак, 2012-жыл /КРнын адам укуктары боюнча кеңеш – Бишкек, 2013. Мамлекеттик позицияларга дайындоо жана катышуунун башка формалары
Шайлануучу кызмат орундарынан тышкары, аялдардын саясий катышуусу мамлекеттик позицияларды ээлөө, ошондой эле мамлекеттик башкаруу тутумундагы чечим кабыл алуу процесстеринде катышуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу. Мамлекеттик кызматта катышуу мүмкүнчүлүгү кыйла чектелген. Мисалы, 2003-жылы улуттук деңгээлде аялдардын үлүшү 37,8%, райондук деңгээлде - 28,5% түзүп, алардын 73,5% жөнөкөй кызматкерлер жана техникалык адистер болушкан . 2006-жылдын 20-мартындагы КРнын Президентинин "Гендердик саясатты өркүндөтүү чаралары жөнүндө" жарлыгы мамлекеттик бийлик органдарында аялдардын санын көбөйтүүгө багытталып, бирок иш жүзүндө ийгиликтүү натыйжаларды берген эмес.
Аялдардын бейөкмөт уюмдары жана аялдардын кыймылы мамлекеттик күн тартибине маанилүү гендердик маселелерди киргизип, аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын илгерилетүү аркылуу мамлекеттик бийлик органдарындагы чечим кабыл алуу процесстеринде жалпы-жонунан жигердүү катышууда. Ушунун негизинде, аталган уюмдар "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө" мыйзам долбооруна макул болгон элдин колтамгаларын топтоп, КРнын Жогорку Кеңешине кароого тапшырып, жыйынтыгында, ал кабыл алынган.
Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1. Кыргызстандагы саясий партиялардын гендердик талдоосу / ПРООН. – Бишкек, 2008.
2. Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстеринде аялдардын саясий укуктарынын (АСУ) бузулушу: Аялдарга жардам берүү борборунун материалдары [Электрондук ресурс]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://www.wsc.kg/public/....33b1e543.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
3. Гендердик саясатты өркүндөтүү. 2006-жылдын 20-мартындагы КРнын Президентинин №136 Жарлыгынын ЖӨБОнын деңгээлинде аткарылышын талдоо / ПРООН, КРнын Өкмөтү. – Бишкек, 2009.
4. Кыргыз Республикасындагы адам укуктары боюнча жылдык жыйнак, 2012-жыл /КРнын адам укуктары боюнча кеңеш – Бишкек: ST.art Ltd», 2013.
5. Inter-Parliamenatry Union, Женщины в политике: 2012-жыл http://ipu.org/pdf/publications/wmnmap12_ru.pdf
6. International Institute for Democracy and Electoral Assistance (IDEA). Atlas of Gender Quotas, 2013.
7. Кочкина Е.В. Представленность женщин в российских органах власти. http://www.owl.ru/win/books/policy/kochkina.htm
8. Аялдардын саясий процесстердеги ролун бекемдеп, катышуусун кеңейтүү. / ПРООН. Братислава, 2009 [Электрондук ресурс]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://www.un.org/ru/development/surveys/docs/women_polit_participation.pdf
9. Мүчө-мамлекеттеринин Пекин иш-аракеттер платформасын жүзөгө ашыруу боюнча берген жооптору (1995) / БУУ. – Нью-Йорк, 2004 [Электрондук ресурс]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://www.un.org/womenwatch/daw/./KYRGYZSTAN-Russian.pdf(жеткиликсиз шилтеме)