Гендердик теңчилик

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Гендердик теңчиликтин белги тамгасы

Гендердик теңчилик – адамдардын гендерине карабастан, бирдей укуктук статусу жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү, башкача айтканда, аялдар менен эркектерге жынысына карабастан, жашоо турмуштун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөргө катышуу үчүн өз жөндөмдүүлүгүн эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилиши. Гендердик теңчиликте адам өзүнүн адамдык укуктарын жана улуттук, саясий, экономикалык, маданий өнүгүүгө салым кошуу потенциалын, жыргалчылыкка ээ болуу укугун таанып-билүү үчүн бирдей, теңдеш шарттарга ээ болот.

Гендердик теңчилик укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн бардык чөйрөсүн камтыйт, тактап айтканда, адам өмүрү үчүн зарыл болгон зарылчылыктар (саламаттыгына кам көрүү, билим алуу ж.б.) менен  укуктук коргоодон тартып, жеке жана коомдук чөйрөдө чечим кабыл алууга катышуу, ошондой эле коомдун саясий турмушунда өз позициясын билдирүү ж.б. бардык тармактарга бирдей тамырын жая алат.  

Гендердик тенчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери болуп төмөнкүлөр саналат.

  1. Гендердик тең укуктуулукту камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү, жакшыртуу жана өркундөтүү.
  2. Гендердик тенчилике жетишүүгө багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  3. Коомдогу гендердик тенчиликти бузууга багытталган маалыматтан, үгүт жана насыяттан коргоо.
  4. Гендердик тенчилик маданиятын тарбиялоо жана аны үгүттөө.
  5. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, ошондой эле КР гендердик теңчилик маселелерине тийиштүү эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Нью-Йорктогу Метрополитен искусство музейинде, Хатшепсуттун акиташ ташынан жасалган статуясы. Ханыша фараондун бийлигинин символу - падышалык уреус[en] менен кооздолгон немес[en] баш кийим менен сүрөттөлгөн.

Байыркы Мисир эркектер үстөмдүк кылган патриархалдык коом болгонуна карабастан египеттик аялдардын башка коомдордогу аялдарда болбогон өзгөчө укуктары болгон. Алар мүлккө ээ боло алышкан жана сотто эркектер менен тең укуктуу болушкан. Регент же өз алдынча аял башкаруучулар, ал тургай аял фараондор да болгон. Фараон аял Хатшепсут биздин заманга чейин 1478-жылы Мисирдин тактысына отурган. Египетологдор аны эң ийгиликтүү фараондордун бири деп эсептешет.

Агнодисе биздин заманга чейин 400-жылы Грецияда аялдар медицина менен алектенгени үчүн өлүм жазасына тартылып жаткан мезгилде биринчи аял гинекологдордун бири катары таанылган деп айтылат. Акыры кармалып, бейтаптар аны коргоого келгенде акталып практикасын улантууга уруксат берилген.

Ислам биздин замандын 600-жылдарынын башында аялдардын мураска, мүлккө жана кадыр-баркка укуктарын жарыялаган. Бул аялдар аз укуктарга ээ болгон учурда революциялык кадам болду.

Хуана Инес де ла Крус, акын, жазуучу, католик кечили, математик, философ

1691-жылы аялдардын билим алуу укугун коргогон мексикалык жазуучу жана кечил Сор Хуана Инес де ла Круз “кечки тамакты бышыруу учурунда философияны эң сонун түшүнсө болот” деп жазган. Бүгүн ал мексикалык улуттук икона жана 200 песого тартылган.

Жаңы Зеландиянын суфражисттери 1891-жылы парламентке аялдардын шайлоо укугун талап кылган петицияны тапшырган, анда 30 000ге жакын кол топтолгон – бул Жаңы Зеландиянын парламентине тапшырылгын эң чоң документ[1] жана аялдарга улуттук добуш берүү укугун берген биринчи эгемендүү башкаруучу өлкө болуп калышына алып келген маанилүү кадам.

1951-жылдын 18-февралында Дориа Шафик жана башка бир жарым миңдей аял Египеттин парламентинин алдына  аялдарга толук саясий укуктарды жана теңчиликти талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Бул жана башка көптөгөн аракеттер менен бирге 1956-жылы аялдардын кээ бир чектөөлөр менен болсо дагы добуш берүү укугуна  жол ачылды.

Гендердик теңчилик 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган адам укуктарынын жалпы декларациясы менен адам укуктары боюнча эл аралык укуктун бир бөлүгү болуп калган.

1995-жылы эгемендүү Кыргыз Республикасынын аялдар делегациясы биринчи жолу Пекинде өткөн аялдардын статусу боюнча IV Дүйнөлүк конференцияга катышкан. Бул катышуу республикадагы аялдар кыймылынын жаңы доору – аялдар жана гендердик маселелерди кайра карап чыгуунун доору болуп калды.[2]

Экономика жана мамлекеттик саясат[оңдоо | булагын оңдоо]

Жогорку Кеңештин 2016-жылдагы VI чакырылышынын аял депутаттары

Аялдардын укуктарын кеңейтүү, аялдар менен эркектердин ортосундагы теңчиликти түзүү, ар кандай жыныстагы адамдардын маданий жана экономикалык укуктары үчүн, ошондой эле ресурстарга теңдеш жана калыс жеткиликтүүлүктү жана чечим кабыл алуу укугун орнотуу максатында конвенциялар, иш-аракеттер пландары, милдеттенмелер кабыл алынды.

Кыргыз мамлекетинде 2005-жылы март окуясынан кийин Жогорку Кеңеште бир да аял депутат болгон эмес. Ошол убакта аялдардын эл аралык жыйындарына чакыруу келгенде эркек депутат барып келчү.[3] Ошондуктан кийинки жылдары партиялык тизме менен шайлоону киргизип жатканда атайын ар бир үчүнчү позицияда аялдар болсун деп шайлоо мыйзамына киргизилген. Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына «башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек» деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик эч кайсы органдарда аткарылбайт. 2019-жылы Жогорку Кеңеш, айылдык кеңештердеги мандаттардын 30 пайызын аялдар үчүн резервге коюу боюнча мыйзам долбоору сунушталып, колдоо тапкан.[4]

Аялдарды күчтөндүрүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Революция шейиттеринин эстелиги. Эл ичинде Уркуянын эстелиги деп аталып калган. Бишкек, Кыргызстан.

Аялдардын күчтөндүрүү же мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү бир нече жол менен аныкталышы мүмкүн, анын ичинде аялдардын көз карашын кабыл алуу, билим берүү, маалымдуулук жана сабаттуулук аркылуу аялдардын статусун жогорулатуу.[5]

Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү өнүгүү жана экономика тармагында талкуунун маанилүү темасы болуп калды. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аялдарга ресурстарды, активдерди жана кирешелерди көзөмөлдөөгө жана пайда көрүүгө мүмкүндүк берет. Ал ошондой эле коркунучтарды башкарууга жана аялдардын жашоосун жакшыртууга жардам берет.[6] Мындан тышкары аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аялдардын мурда четке кагылган стратегиялык тандоо жасоо жөндөмдүүлүгүн билдирет.[7]

Гендердик теңчиликти илгерилетүү экономикалык өнүгүүгө дем берүү катары каралат. Аялдардын экономикалык активдүүлүгү экономикадагы гендердик теңчиликтин жалпы көрсөткүчү болуп саналат. Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түшүнүгүн кабыл алган программаларды жана саясаттарды ишке ашыруудан улуттар, ишканалар, жамааттар жана топтор пайда көрүшү мүмкүн.[8] Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү өнүгүү үчүн жеткиликтүү адам ресурстарынын санын жана сапатын жогорулатат. Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү адам укуктары жана өнүгүү маселелерин чечүүдө негизги процедуралык көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. UN Women мындай дейт: "Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө инвестиция салуу - гендердик теңчиликке, жакырчылыкты жоюуга жана инклюзивдик экономикалык өсүшкө түз жол ачат."[9]

Гендердик дискриминация көбүнчө аялдардын аз айлык акы төлөнүүчү жумушка орношуусуна жана жакырчылыктын, дискриминациянын жана эксплуатациянын пропорционалдуу түрдө жабыркашына алып келет. Аялдардын экономикалык жактан мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн эмне иштээрин тастыктайт, формалдуу финансылык кызматтарга жетүүдөн баштап айыл чарба жана бизнести башкаруу практикасы боюнча окутууга чейин, бирок бул кийлигишүүлөрдүн натыйжалуулугун тастыктоо үчүн ар кандай контексттерде көбүрөөк изилдөө талап кылынат.

Күчтөндүрүүнүн эки негизги формасы бар: политикалык жана экономикалык.

Экономикалык жактан мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө аялдарга  билим берүү, профессионалдык окутуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, аялдардын мүлктүк мураска жана жер укуктарына жеткиликтүүлүгүн күчөтүү, кредиттерге же микрокредиттерге жеткиликтүүлүк. Микрокредиттердин эффективдүүлүгү талаштуу[10] жана дайыма талкууланып келет.

Кыздарга билим берүүдөгү гендердик теңчилик[оңдоо | булагын оңдоо]

Мектептеги кыз окууганды үйрөнүп жатат.

Билим берүүдөгү жыныстык айырмачылыктар билим берүү системасында эркектерге да, аялдарга да билим алуу учурунда жана андан кийин таасир этүүчү жыныстык дискриминациянын бир түрү болуп саналат. Эркектер менен аялдар билим алуу максаттарына жетүү үчүн гендердик айырмачылыктарга ээ болушат. Эркектер менен аялдардын билим деңгээли бирдей болсо да, аялдар үчүн жогорку башкаруучулук жумушка ээ болуу кыйыныраак жана келечектеги жумуш жана каржылык түйшүктөр күчөшү мүмкүн.

Студенттердин эркектерге жана аялдарга карата гендердик стереотиптердин негизинде өз мүмкүнчүлүктөрүн ашыкча баалоосу да кадимки көрүнүш. Мисалы, көпчүлүк балдар математика жана табигый илимдер боюнча жөндөмдүүлүктөрүн ашыкча баалап, өз адистигин болжолдуу түрдө тандашат. Кыздар да тилдер жана гуманитардык илимдер боюнча жөндөмдүүлүктөрүн ашыкча баалашат жана балдар сыяктуу эле, ушуга негизделген адистик предметин тандашат. Демек, көптөгөн студенттер актуалдуу предметти тандабай, тескерисинче, гендердик стереотиптердин негизинде башка окуу курсун тандоого өздөрүн ынандырышат.[11]

Эркек балдар кесиптик окуу жайларда окуусун улантууну каалашат же киреше алып келүүчү иш-чараларга кошулууга аргасыз болушат. Белгилей кетчү нерсе, бир катар региондордо башкача көрүнүш байкалууда: кыздардын окуу жайга кабыл алынуусу балдарды кабыл алууга караганда көп. Бул эки түндүк облустар үчүн – Нарын жана Ысык-Көл, ошондой эле өлкөнүн бардык түштүк облустары үчүн мүнөздүү (Баткен, бир азыраак Жалал-Абад жана Ош облустары). Дээрлик бардык облустар (Ысык-Көлдөн башкасы) негизги билим берүү менен камтуунун деңгээли төмөн облустар, бирок ошол эле учурда алардын бардыгы дотацияда.

Нарын облусунда бир эле учурда эки тенденция байкалат. Биринчиси, балдардын негизги мектепке тартылышынын жалпы төмөндөөсү, экинчиси, кыздарды кабыл алуунун тездик менен жүрүп жаткандыгы. Экономикалык себептерден улам балдар мектепти көбүрөөк таштап кетишет, кээ бир салттардан улам кыздар мектепти таштап кетишет. Алардын бири – эрте турмушка чыгуу: Кыргызстанда кыздардын 12,2 пайызы бойго жете электе турмушка чыгышат. 18 жашка чейинки никеге туруу шаарга караганда айыл жеринде бир жарым эсе көп болот.[11]

“Гендердик режим” концепциясы Рейвин Коннелл тарабынан сунушталган. Ал түзүмдүк-конструктивисттик ыкманы пайдалануу менен гендер маселесин түзүмдөр менен институттардын деңгээлинде изилдеген. “Гендердик режим” түшүнүгү “гендердик мамилелердин ар бир институттагы абалы” дегенди түшүндүрөт. “Мектеп (ошондой эле мамлекеттик жана чиркөөлүк мекемелер же армия) “көндүмдөрдү” калыптандырат”.

Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы маалыматы боюнча, аялдар менен эркектердин ишмердиктин түрлөрү жана кесиптик топтору боюнча бөлүнүшү иштеген аялдардын билим деңгээли кыйла жогору экендигин аныктаган. 2020-жылы иштегендердин жалпы санындагы жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 28 пайыздан ашуун, эркектер – 19 пайыз, кесиптик орто билими барларына жараша 17 пайызды жана 8 пайызды түздү.[12]

Дүйнөнүн көп жерлеринде кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгү өтө чектелген. Дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан бөлүктөрүндө аялдар көп учурда билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылат, анткени кыздар менен аялдар көптөгөн тоскоолдуктарга туш болушат. Аларга төмөнкүлөр кирет: эрте жана мажбурлап никеге туруу; эрте бойго бүтүү; үйдө, мектепте жана коомчулукта гендердик стереотиптерге негизделген бейкалыстык; мектепке бара жаткан жолдо же мектептерде жана анын айланасында зордук-зомбулук; мектепке чейинки аралыктар; ВИЧ эпидемиясына алсыздык; ата-энелердин балдарын гана мектепке жиберишине алып келген мектеп төлөмдөрү; класстарда гендердик сезимтал ыкмалардын жана материалдардын жоктугу. OHCHR`дин айтымында, 2009-2014-жылдар аралыгында дүйнө жүзү боюнча мектептерге бир нече кол салуулар болгон, алар "бул кол салуулардын бир тобу атайын кыздарга, ата-энелерге жана билим берүүдөгү гендердик теңчиликти жактаган мугалимдерге багытталган". Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду мындай дейт:

“Дүйнөдөгү сабатсыз чоңдордун үчтөн экисине жакынын аялдар түзүшөт. Билимдин жоктугу аялдын маалыматка жана мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн кескин чектейт. Тескерисинче, аялдардын жана кыздардын билим деңгээлин жогорулатуу өзүнө гана эмес жеке адамдарга да, келечек муундарга да пайдалуу. Аялдардын билиминин жогорку деңгээли ымыркайлардын өлүмүнүн жана төрөттүн төмөндөшү, ошондой эле алардын балдарынын жакшы натыйжалары менен тыгыз байланышта.[13]

Гендердик мейнстриминг[оңдоо | булагын оңдоо]

Гендердик мейнстриминг 90-жылдарда пайда болгон стратегиялык программа. Гендердик мейнстриминг аялдар менен эркектердин кызыкчылыктарын жана турмуш шарттарын эске алуу менен алардын коомдо ар кандай социалдык жана маданий гендердик ролду аткаруусунун стратегиялык программасы. Ар кандай жыныстагы адамдардын ортосундагы өз ара мамиленин терс жактарын жоюу жана алардын теңчилигин камсыздоо – гендердик мейнстримингдин негизги максаты болуп саналат.

Медиа жана гендер[оңдоо | булагын оңдоо]

Жарнамадагы ролду чагылдыруу боюнча эң алгачкы изилдөөлөрдүн бири 1971-жылы Кортни жана Локерец тарабынан жасалган. Бул изилдөөчүлөр аялдардын стереотиптеринин негизги төрт темасы аялдын орду үйдө экенин, экинчиси аялдар маанилүү чечимдерди кабыл албашын, үчүнчүсү аялдардын эркек кесиптештеринен көз каранды экенин жана акыркысы аялдар сексуалдык объект катары кабыл алынарын аныкташкан. Акыркы эки пункт аялдардын сексуалдуулугуна жана денесине карата кандай бурчка ээ экенин баса белгилейт. Кылымдар бою аялдар сүрөткө же скульптурага сүрөткө түшүп турган мезгилден бери аялдын табияты баш ийүү жана баш ийүүнүн негизинде жатат деген стереотиптик түшүнүк медиа тарабынан бекемделип келген.

Феминист кино сынчысы Лаура Малви өзүнүн 1973-жылы чыккан "Визуалдык ырахат жана баяндоочу кино" деген макаласында кинодогу аялдардын эркек фантазияларынын проекциясы катары кызмат кылганын сүрөттөө үчүн эркектин көз карашы деген терминди киргизген.

Алынган маалыматтарга караганда, жарнамалык роликтерде ырахаттын объектиси катары аялдын образы басымдуулук кылат (жарнамалык роликтердин 24,7 пайызы). Экинчи орунда «очок сактоочунун» образы (17,3 пайыз) турат. Жарнамалык роликтердин 16 пайызын моделдин, 12,9 пайызын  аялдын, 10,4 пайызы эненин, 4,3 пайызы гана бизнес айымдын образын камтыйт. Үй-бүлөлүк чөйрөдө, ошондой эле ырахат алуу объектиси жана камкордуктун объектиси катары эркектерди чагылдырган видеолордун үлүшү дээрлик бирдей (тиешелүүлүгүнө жараша 13,6 пайызы, 12,3 пайызы жана 12,3 пайыз). Жарнамалык роликтердин 9,3 пайызында "ишкер" жана "спортсмендин" сүрөттөрү камтылган, жарнактардын 8,6 пайызында эркек жубайы, 7,4 пайызында ата катары көрсөтүлгөн.[14]

Азыркы учурда коомдо массалык маалымат каражаттары жаш муундарды жана чоңдорду социалдаштыруу системасынын бир бөлүгү болуп калды. Алар коомдук пикирди калыптандырууда, адамдарга жана окуяларга баа берүүдө чечүүчү роль ойношот.

Гендердик теңдик үчүн кыймылдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Феминизм[оңдоо | булагын оңдоо]

Гендердик теңдик маселесин алгачкылардан болуп активдүү талдоого алган негизги кыймылдардын бири – феминисттик кыймыл.

Феминизм – коомдун бардык чөйрөлөрүндөгү аялдардын укуктарын коргоо кыймылын түшүндүрүүчү термин, анын максаты – аялдарга карата басмырлоону жок кылуу. Бул кыймыл 18-кылымда классикалык либерализмден кийин пайда болгон, бирок 1960-жылдардын аягынан баштап күчөгөн.[15]

Биринчи америкалык феминист деп эсептелген Абигейл Смит Адамс (1744–1818) Америка кошмо штаттарында аялдардын укуктарын коргоодо биринчилерден болуп үнүн көтөргөн. Ал феминизмдин тарыхына белгилүү сөз айкашы менен кирген: «Биз кабыл алынышына катышпаган мыйзамдарга жана биздин кызыкчылыктарды билдирбеген бийликтерге баш ийбейбиз» (1776). 1789-жылы бардык адамдардын эркиндиги, тең укуктуулугу жана бир туугандык урааны жарыяланган Улуу Француз революциясынын негизги документи Адамдын жана Граждандын укуктарынын декларациясы, ошентсе да аялдардын талаптары эске алынбастан кабыл алынган жана эркектерди гана эркин жана бирдей деп жарыялаган. Революцияга аялдар дагы активдүү катшыканына карабастан аялдарга шайлоого жана шайланууга укук берилген эмес жана алар коомдун "пассивдүү мүчөлөрү" катары классификациялаган. Мындан улам француз аялдардын жарандык жана саясий укуктарын коргоо кыймылы – феминизмдин пайда болушуна алып келген. Бул өлкөдөгү аялдар кыймылынын демилгеси жана биринчи француз феминистинин даңкы 1791-жылы Аялдын жана жарандын укуктарынын декларациясын түзгөн Олимпия де Гужеге таандык. Декларацияда аялдарга саясий, анын ичинде шайлоо укугун берүү, мамлекеттик кызматтарды ээлөө мүмкүнчүлүгүн берүү талаптары камтылган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. ‘The “Monster Petition” and the Women of Davis Street’, Provenance: The Journal of Public Record Office Victoria, issue no. 7, 2008. ISSN 1832-2522. Brienne Callahan. https://prov.vic.gov.au/explore-collection/provenance-journal/provenance-2008/monster-petition-and-women-davis-street Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.
  2. История женского движения в Кыргызстане // Аялдарды колдоо борборунун сайты http://wsc.kg/istoriya-zhenskogo-dvizheniya-v-kyrgyzst/ Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.
  3. Антониу Гутерриш: Гендердик теңчилик – эң оболу бийлик маселеси // Кубатбек Чекиров, 2018 https://www.bbc.com/kyrgyz/world-43331249 Кирүү күнү: бугу айынын 25,2022.
  4. Парламент аялдарга 30% квота берүүчү мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт, кулжа айынын 11, 2019 // https://www.azattyk.org/a/29992561.html Кирүү күнү: бушу айынын 25, 2022.
  5. Naila Kabeer (2005) Gender equality and women's empowerment: A critical analysis of the third millennium development goal 1, Gender & Development, 13:1, 13-24, DOI: 10.1080/13552070512331332273 http://dx.doi.org/10.1080/13552070512331332273 Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.
  6. Oxfam’s Conceptual Framework on Women’s Economic Empowerment (англ.) // Published by Oxfam GB for Oxfam International under ISBN: 978-0-85598-968-2 / DOI: 10.21201/2017.9682 in May 2017 https://oxfamilibrary.openrepository.com/bitstream/handle/10546/620269/gt-framework-womens-economic-empowerment-180118-en.pdf;jsessionid=282EF266FD8C1164F67B7CA6E5A5B4E7?sequence=7
  7. Innovation for women's empowerment and gedner equality // https://www.icrw.org/wp-content/uploads/2016/10/Innovation-for-Womens-Empowerment.pdf Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.
  8. Deneulin, Séverine; Lila Shahani, eds. (2009). "An Introduction to the Human Development and Capability Approach: Freedom and Agency" (англ.) // https://www.idrc.ca/en/book/introduction-human-development-and-capability-approach-freedom-and-agency Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.
  9. Economic empowerment (англ.) БУУ расмий сайты // https://www.unwomen.org/en/what-we-do/economic-empowerment
  10. Parmar, A. (2003). "Microcredit, Empowerment, and Agency: Re-evaluating the Discourse". Canadian Journal of Development Studies. 24 (3): 461–76. doi:10.1080/02255189.2003.9668932
  11. 11.0 11.1 Гендерное и инклюзивное измерение образования в Кыргызской Республике. Аналитический обзор. (орус.) // З.И.Кочорбаева, Н.П.Пригода, С.Орестис – Бишкек, 2016.
  12. Аялдардын билим деңгээли эркектердин билим деңгээлинен жогору. Маанилүү цифралар жана фактылар, 29.11.2021 http://www.stat.kg/kg/news/uroven-obrazovaniya-zhenshin-prevyshaet-uroven-obrazovaniya-muzhchin-vazhnye-cifry-i-fakty/ Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.
  13. "Gender equality". United Nations Population Fund. Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.
  14. Роль масс-медиа в гендерной социализации. Чикалова Е., https://lomonosov-msu.ru/archive/Lomonosov_2007/17/chikalova_ea.doc.pdf Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.
  15. Феминизм, Энциклопедия Кругосвет (орус.) // https://www.krugosvet.ru/enc/istoriya/FEMINIZM.html Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.