Феминисттик кыймыл

Википедия дан
Феминисттик кыймылдын белгиси

Феминисттик кыймыл, же б.а. аялдардын кыймылы, репродуктивдүү укуктар, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, төрөт боюнча өргүү, тең эмгек акы, аялдардын шайлоо укугу, сексуалдык асылуу жана сексуалдык зордук-зомбулук ж.б. аял менен эркектердин теңсиздигинен улам келип чыккан маселелер боюнча реформалар үчүн күрөшкөн социалдык кыймыл же саясий кампанияларды билдирет. Кыймылдын приоритеттери ар кайсы өлкөлөрдө ар башка, Африка өлкөлөрүндө аялдын жыныс органдарын жабыркаткан операцияларга каршы чыгуудан баштап, Европа өлкөлөрүндө айнек шыпка каршы турууга чейин.

Батыштын кээ бир өлкөлөрүндө феминизм үч толкун болуп өттү[1][2].

  • Феминизмдин биринчи толкуну орто жана жогорку класстагы ак аялдардын абалына багытталган, алардын шайлоо укугун жана саясий теңчилигин камтыган.
  • Феминизмдин экинчи толкуну социалдык жана маданий теңсиздиктер менен күрөшүүгө аракет кылган. Феминизмдин биринчи толкуну негизинен ак түстөгү орто катмардагы аялдарга таасир этсе, экинчи толкунга түстүү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн келген аялдар тартылды[3].
  • Феминизмдин үчүнчү толкуну финансылык, социалдык жана маданий теңсиздик менен күрөшүүнү улантууда, ошондой эле саясатта жана медиада аялдардын көбүрөөк таасири үчүн үгүт иштерин камтыйт.
  • Акыркы (2010-жылдардын башында) изилдөөлөр жаңы медиа платформалар менен мүнөздөлгөн төртүнчү толкун болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат[4][5]. Феминизмдин төртүнчү толкуну салттуу маргиналдашкан топтордун социалдык катмарлануусуна өбөлгө түзгөн өз ара байланышкан бийлик системаларын изилдейт[6].

Кытайдагы феминизм 20-кылымда 1911-жылдагы Синхай революциясы менен башталган. Кытайда феминизм социализм жана класстык маселелер менен тыгыз байланышкан[7]. Кээ бир коментаторлор бул жакын бирикме кытай феминизмине зыян келтирет деп эсептешет жана партиянын кызыкчылыгы аялдардын кызыкчылыгынан жогору турат деп ырасташат[8].

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Феминизмдин тарыхы аялдардын тең укуктарга багытталган кыймылдардын жана идеологиялардын баяндарын камтыйт. Дүйнөдөгү феминисттер мезгилге, маданиятка жана өлкөгө жараша себептери, максаттары жана ниеттери боюнча айырмаланса дагы, батыш феминисттик тарыхчылардын көбү аялдардын укуктары үчүн аракет кылган бардык кыймылдарды феминисттик кыймылдар катары көрүү керек деп ырасташат[9][10][11].

17-18 кылым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Аялдардын сүйлөгөнү акталган" - Маргарет Фелдин[en] эң атактуу эмгеги жана 17-кылымдагы аялдардын диний лидерлиги боюнча негизги тексттердин бири[12]. Бул эмгекте Маргарет Ыйык Жазмалардын негизинде аялдардын диний кызмат кылууга укукгу болгонун ырастайт. Анын айтымында, жыныстардын тең укуктуулугу квакеризмдин[en] негизги жоболорунун бирине, тактап айтканда, рухий теңчиликке негизделген. Анын ишеними боюнча, бардык адамдарды Кудай жараткан, ошондуктан эркектер да, аялдар да пайгамбар болууга жөндөмдүү[13]. Фелди "феминисттик пионер деп аташат[14].

Феминисттик ойлор агартуу доорунда аялдардын билим алуусун жактаган англис жазуучусу жана саякатчы Леди Мэри Вортли-Монтагу жана француз философу, математик жана саясатчы Маркиз де Кондорсе сыяктуу ойчулдар тарабынан калыптана баштаган. 1785-жылы Нидерланддын түштүгүндөгү Мидделбург шаарында аялдардын биринчи илимий коому негизделген. Ошол эле мезгилде илим сыяктуу маселелерге арналган аялдар журналдары популярдуу боло баштады.

Аялдардын шайлоо укугун камсыз кылуу үчүн биринчи аракеттерди жасаган аялдар өз укуктары үчүн күрөшкө убактысын жана күчүн жумшаганга мүмкүнчүлүктөрү болгон кыйла туруктуу жана артыкчылыктуу тек-жайдан келишкен. Ошондуктан, баштапкы аялдар кыймылы негизинен орто жана жогорку катмардагы ак аялдардын көйгөйлөрү менен алектенген.

19-20 кылым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

19-кылымда жана 20-кылымдын башында Улуу Британияда жана АКШда феминисттик кыймыл аялдар үчүн нике, ата-энелик жана мүлктүк укуктарды алууга багытталган. Улуу Британияда 1839-жылы Балдарга камкордук көрүү жөнүндө мыйзам (Custody of Infants Act 1839) киргизилип, биринчи жолу аялдарга балдарын камкордукка алуу укугун берген[15].

Аялдарга добуш берүү укукгу биринчилерден болуп Британиянын Австралия колонияларында 19-кылымдын аягында башталган. Эң биринчи Жаңы Зеландиянын өзүн-өзү башкаруучу колониялары 1893-жылы аялдарга добуш берүү укугун берген; Түштүк Австралия 1894-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамды кабыл алган дагы 1902-жылы Австралия аялдарга шайлоо укугун берген[16].

Агымдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Феминизм» термини бир эле идеологияны билдирбейт, бул кыймылдын ичинде көптөгөн агымдар жана топтор бар. Бул ар кандай тарыхый прецеденттерге, ар кайсы өлкөлөрдөгү аялдардын абалынын жана социалдык абалынын айырмачылыктарына, ошондой эле башка факторлорго байланыштуу. Кээ бир агымдардын жалпы өзгөчөлүктөрү бар жана феминисттер бир нече агымдын жолдоочулары боло алышат.

Либералдык феминизм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Либералдык феминизм аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун саясий жана укуктук реформалар аркылуу көздөйт. Бул феминизмдин индивидуалисттик бутагы, ал аялдардын өз иш-аракеттеринин жана чечимдеринин негизинде эркектер менен бирдей укуктарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө багытталган. Либералдык феминизм эркектер менен аялдардын ортосундагы жеке өз ара аракеттенүүнү коомду өзгөртүүнүн башталышы катары колдонот. Либералдык феминисттердин айтымында, бардык аялдар эркектер менен бирдей болууга укуктуу[17].

Бул позиция көп жагынан акыл-эс жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн принциптеринде коомду куруу жөнүндөгү Агартуу доорунун классикалык концепциясынан келип чыгат. Бул принциптердин аялдарга карата колдонулушу 19-кылымда Жон Стюарт Милл, Элизабет Кэди Стэнтон жана башкалар сыяктуу теоретиктер тарабынан иштелип чыккан либералдык феминизмдин пайдубалын түзгөн. Ошондуктан, алар үчүн аялдын эркектен көз карандысыздыгын кепилдөөчү негизги укуктардын бири катары аялдын менчик укугу маселеси өзгөчө маанилүү болгон[18]. Ушуга таянып, либералдык феминисттер коомдук түзүлүштөрдү түп-тамырынан бери өзгөртпөстөн, аялдардын абалын өзгөртүүгө болот деп ишенишет. Либералдык феминисттер үчүн абортко болгон укук, сексуалдык асылуу маселеси, добуш берүү, билим берүүдөгү тең укуктуулук, «бирдей эмгекке бирдей акы», балдарга кам көрүү жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү, аялдарга карата сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө көңүл буруу сыяктуу маселелер маанилүү[17].

Радикалдык феминизм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Радикалдык феминизм – бардык социалдык жана экономикалык контексттерде эркектин үстөмдүгү жок кылынып, коомду түп-тамырынан кайра тартипке салууга чакырган феминисттик агым[19]. Бул идеология жана кыймыл 1960-жылдары пайда болгон.

Радикалдык феминисттер коомду эркектер аялдарга үстөмдүк кылган жана басмырлаган патриархат катары карашат. Радикалдык феминисттер аялдарды жана кыздарды адилетсиз коомдон бошотуу үчүн болгон күрөштө патриархатты жоюуга умтулушат. Бул күрөш аялдарды сексуалдык объективдештирүүгө каршы чыгууну, зордуктоо жана аялдарга карата башка зомбулук түрлөрү сыяктуу маселелер боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууну, гендердик ролдордун концепциясына шек келтирүүнү жана радикал феминисттер расалык жана гендердик капитализм катары көргөн нерсеге каршы чыгууну камтыйт. Шуламит Файерстоундун[en] айтымында: "Феминисттик революциянын негизги максаты, биринчи феминисттик кыймылдан айырмаланып, эркектин артыкчылыгын жоюу гана эмес, жыныстык айырмачылыктын өзүн жоюу болушу керек: адамдардын ортосундагы жыныстык айырмачылыктар мындан ары маданий жактан маанилүү болбойт."[20] Ошол эле учурда, радикалдык феминисттер жыныстык органдардагы жана экинчил жыныстык мүнөздөмөлөрдөгү айырмачылыктар маданий же саясий жактан мааниге ээ болбошу керек деп эсептешсе да, алар аялдардын тукум улоодогу өзгөчө ролу таанылышы жана жумуш ордунда жазасыз жайгаштырылышы керек деп эсептешет, ал эми кээ бирлери бул  социалдык жактан маанилүү жумуш үчүн компенсация сунушталышы керек деп эсептешет[21].

Постколониалдык феминизм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Одри Лорде[en] постколониалдык феминист (1934 - 1992жж.)

Постколониалдык феминисттер колониялык тажрыйба менен байланышкан басынтуу постколониялык коомдордогу аялдарга маргиналдаштыруучу таасирин тийгизген деп ырасташат. Постколониалдык феминисттер феминизмдин батыш формаларына (атап айтканда, радикалдык жана либералдык феминизмге) сын көз менен карайт[22], батыштан башка коомдордогу аялдардын пассивдүү жана унчукпаган курмандыктар, ал эми батыштык аялдарды заманбап, билимдүү жана жарандык укуктарга ээ деп көрсөтүлүшүнө каршы[23].

Постколониалдык феминизм колониализмдин гендердик теориясынан келип чыккан: колонизатор державалар колонияланган аймактарга өз нормаларын таңуулашат. Постколониалдык феминизм учурда гендердик басынтууну Батыш колонизаторлору таңуулаган моделдер аркылуу эмес, коомдун өзүнүн маданий моделдеринин алкагында жок кылуу үчүн күрөшүп жатат[24].

"Үчүнчү дүйнө" феминизми - бул "Үчүнчү дүйнө" деп аталган өлкөлөрдө өз көз караштарын түзгөн жана феминисттик иш-аракеттерге катышкан феминисттер тарабынан иштелип чыккан теориялар тобунун шарттуу аталышы[25]. Чандра Талпад Моханти жана Сарожини Саху сыяктуу үчүнчү дүйнө феминисттери батыш феминизмин этноцентрдик жана үчүнчү дүйнө аялдарынын уникалдуу тажрыйбасын эске албайт деген негизде сынга алышкан[26].

Дүйнөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мысыр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Араб феминизми араб улутчулдугу менен тыгыз байланышта болгон. 1899-жылы араб феминизминин "атасы" деп эсептелген Касим Амин аялдар үчүн укуктук жана социалдык реформаларды жүргүзүүнү жактаган "Аялдардын боштондугу" деген эмгегин жазган[27]. Ал Египеттин коомундагы аялдардын позициясы менен улутчулдуктун ортосундагы байланышты ачып, Каир университетинин жана Улуттук кыймылдын өнүгүшүнө алып келди[28]. 1923-жылы Хода Шаарави[en] Мысырдын Феминисттик бирдигин негиздеп, анын президенти жана араб аялдарынын укуктарын коргоо кыймылынын символу болду[28].

Иран[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кешаварз бульварында ирандык демонстранттар Аяк оона, 2022

1905-жылдагы Ирандын Конституциялык революциясы ирандык аялдардын кыймылын козгоду, анын максаты аялдардын билим алууда, никеде, мансапта жана мыйзамдуу укуктарында тең укуктуулугуна жетишүүнү көздөгөн[29]. Бирок 1979-жылдагы Иран революциясы учурунда аялдардын аялдар кыймылынан алган көптөгөн укуктары, мисалы, Үй-бүлөнү коргоо мыйзамы сыяктуу системалуу түрдө жоюлган[30].

2022-жылдын 16-сентябрында Махса Амининин полициянын камагында каза болушуна байланыштуу Иран өкмөтүнө каршы жарандык толкундоолор жана нааразылык акциялары башталды. Амини аны Ирандын милдеттүү хижаб кийүү мыйзамын бузду деген айып менен камакка алынган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аны патрулдук милиция кызматкерлери катуу сабап салышкан, бул ырастоо Иран бийлиги тарабынан четке кагылган[31]. Нааразылык акциялары Амининин кичи мекени Саккезден Ирандын Күрдистанынын башка шаарларына жана бүткүл Иранга жайылганда, өкмөт интернетти өчүрүү, социалдык медианы колдонууга чектөөлөр[31], көздөн жаш агызуучу газ жана ок атуу менен жооп берди[32].

Алгач аялдар жетектеген нааразылык акциялары милдеттүү хиджабды токтотууну талап кылган; бул нааразылыктар улуттук көтөрүлүшкө айланды.[33] Нааразычылык акциялары 2009, 2017 жана 2019-жылдардагыларга караганда кеңири жайылып, ал тургай Ислам Республикасынын ыйык Мешхед жана Кум сыяктуу шаараларын да камтыды.[34] Мындан тышкары, мектеп окуучу кыздары дагы көптөгөн санда демонстрацияга чыгышты.[35] Ирандыктар Аминин өлүмүнө нааразычылыгын улантып, милдеттүү хиджабды токтотууну талап кылуу менен бирге, андан кеңири эркиндиктерди жана аялдардын укуктарын талап кылып,[36] адеп-ахлак полициясына,[37] аятоллага жана теократиялык режимге каршы чыгышкан.

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкекте 2009-жылы биринчи жолу "Вагина монологдору" спектакли коюлган.

Кыргызстанда феминисттик кыймыл 20-кылымдын 20-жылдарында Советтик бийликтин өткөргөн Хүжүм кыймылы менен башталды.

Заманбап Кыргызстанда өзүлөрүн феминисттик уюм деп ачык атаган биринчи коомдук демилгелер 2009-жылдан баштап пайда боло баштаган. Алардын келип чыгышын Бишкек шаарында коюлган "Вагинанын монологу" деген биринчи кайрымдуулук пьесасы шарттаган. Так ушул пьесадан кийин Кыргызстандын коомунда сексуалдык жана сексуалдык зомбулукка байланыштуу тыюу салынган темалар ачык талкууга алынган. Кыз ала качуу жосуну үчүн каралган жазалоону катуулатуу максатын көздөгөн "Сообща" деген улуттук тармакка биригишкен аялдардын кыймылынын кийинки жана мурунку муундарынын биргелешкен аракеттери менен, 2012-жылы феминисттик активизм кулачын жайып, бир кыйла кеңейген. Ушул сыяктуу нааразычылык акцияларынан, мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү сунуштарынан, феминисттик басылмаларды чыгаруу менен коштолгон ар кандай иш-чаралардан улам феминисттик активизм ЖМКда көбүрөөк байкалып, эл арасында кеңири талкуулана баштаган. Так ушул 2012-жылдан баштап феминисттик активизмде активист аялдардын ар кандай муундарынын өкүлдөрү катышкандыктан, анын курамы ар түрдүү боло баштаган. Учурда Кыргызстанда феминизм Кыргызстандагы аялдардын жарандык тармагындагы кууш багыт катары эмес, жигердүү коомдук кыймыл катары таанылып калды.

Дагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Humm, Maggie. The dictionary of feminist theory (англ.). — Ohio State University Press, 1990. — 278 p. — ISBN 9780814205075.
  2. Rebecca, Walker. Becoming the Third Wave (англ.) // Ms. : feminist magazine. — Liberty Media for Women, 1992. — January (iss. 41). — P. 39—41. — ISSN 0047-8318.
  3. Rampton, Martha. Four Waves of Feminism (англ.). Pacific University (25 октября 2015). Дата обращения: 24 мая 2020. Архивировано 26 апреля 2020 года.
  4. Baumgardner, Jennifer. The Fourth Wave (Approximately 2008-0nward!) // F'em!: goo goo, gaga, and some thoughts on balls (англ.). — Seal Press, 2011. — 256 p. — ISBN 9781580053600.
  5. Ruth Phillips and Viviene E. Cree. What does the 'Fourth Wave' mean for teaching feminism in twenty-first century social work? (англ.) // Social Work Education: The International Journal : academic journal. — Taylor & Francis, 2014. — October (vol. 33, iss. 7). — P. 930—943. — doi:10.1080/02615479.2014.885007.
  6. "Four Waves of Feminism" (англ.) Pacific University. 25.10.2015. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  7. 1952-, Lin, Chun. The transformation of Chinese socialism. — Duke University Press, 2006. — ISBN 978-0822337980.
  8. 1945-, Walter, Lynn. Women's rights : a global view. — Greenwood Press, 2001. — ISBN 978-0313308901.
  9. Witt, Charlotte (2012). "Feminist History of Philosophy". In Zalta, Edward N (ed.). The Stanford Encyclopedia of Philosophy (Fall 2012 ed.). Текшерилген күн: 25.04.2023.
  10. Walters, Margaret (October 27, 2005). Feminism: A Very Short Introduction. Oxford University Press. ISBN 978-0-19-157803-8.
  11. Kinnaird, Joan (1983). "Mary Astell: Inspired by Ideas (1668–1731)" (англ.). In Spender, Dale (ed.). Feminist Theorists: Three Centuries of Key Women Thinkers. Pantheon Books. p. 29. ISBN 978-0-394-53438-1. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  12. Margaret Fell, "Women's Speaking Justified, Proved, and Allowed of by the Scriptures, All such as speak by the Spirit and Power of the Lord Jesus" (англ.) Quaker Heritage Press Online Texts. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  13. Schofield, Mary Anne (1987). "'Women's Speaking Justified': The Feminine Quaker Voice, 1662–1797" (англ.) Tulsa Studies in Women's Literature. 6 (1): 61–77. doi:10.2307/464160.
  14. Margaret Fell (англ.) 26.01.2012. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  15. Wroath, John (1998). Until They Are Seven, The Origins of Women's Legal Rights. Waterside Press. ISBN 1-872870-57-0.
  16. "Votes for Women Electoral Commission". Elections New Zealand. 13 April 2005.
  17. 17.0 17.1 bell hooks. Feminist Theory: From Margin to Center [англ.]. — Routledge, 2014. — ISBN 978-1-317-58834-4.
  18. В. Брайсон. Политическая теория феминизма. Archived 2023-04-25 at the Wayback Machine (орус.) М.: «Идея-Пресс», 2001. — Глава 2. Либерализм: ведущее феминистское направление XIX века, бет. 42—73. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  19. Willis, Ellen (1984). "Radical Feminism and Feminist Radicalism". (англ.) Social Text (9/10, The 60's without Apology): 91–118. doi:10.2307/466537. JSTOR 466537.
  20. Firestone, Shulamith (1970). The Dialectic of Sex: The Case for Feminist Revolution (1st ed.) (англ.). New York, New York: William Morrow and Company. ISBN 0-688-12359-7.
  21. Hanisch, Carol. "Housework, Reproduction and Women's Liberation – MEETING GROUND OnLine" (англ.) Текшерилген күн: 25.04.2023.
  22. Greenwald, Andy. Postcolonial Feminism in Anthills of the Savannah (англ.). www.postcolonialweb.org (2002). Текшерилген күн: 25.04.2023.
  23. Mills, S. «Postcolonial Feminist Theory». — Jackson, Stevi; Jones, Jackie (ed.). Contemporary feminist theories. — Edinburgh: Edinburgh University Press, 1998. — ISBN 0-7486-0689-0.
  24. Bulbeck, Chilla. Re-orienting western feminisms: women’s diversity in a postcolonial world (англ.). — Cambridge: Cambridge University Press, 1998. — 270 бет. — ISBN 0-521-58975-4.
  25. Narayan, Uma. Dislocating cultures: identities, traditions, and Third-World feminism (англ.). — New York: Routledge, 1997. — 226 бет. — ISBN 0-415-91418-3.
  26. Mohanty, Chandra Talpade. Introduction. — Mohanty, Chandra Talpade; Russo, Ann; Torres, Lourdes. Third World women and the politics of feminism. — Bloomington: Indiana University Press, 1991. — бет. 49. — ISBN 0-253-20632-4.
  27. Stange, Mary Zeiss; Oyster, Carol K.; Sloan, Jane E. (2011). Encyclopedia of Women in Today's World. SAGE. бет. 79–81. ISBN 978-1-4129-7685-5.
  28. 28.0 28.1 Golley, Nawar Al-Hassan (2003). Reading Arab Women's Autobiographies: Shahrazad Tells Her Story. University of Texas Press. pp. 30–50. ISBN 978-0-292-70545-6.
  29. Ettehadieh, Mansoureh (2004). "The Origins and Development of the Women's Movement in Iran, 1906–41". In Beck, Lois; Nashat, Guity (eds.). Women in Iran from 1800 to the Islamic Republic. University of Illinois Press. pp. 85–106. ISBN 978-0-252-07189-8.
  30. Gheytanchi, Elham (2000). "Chronology of Events Regarding Women in Iran since the Revolution of 1979" (англ.) In Mack, Arien (ed.). Iran Since the Revolution. Social Research, Volume 67, No. 2. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  31. 31.0 31.1 Strzyżyńska, Weronika (22.09.2022). "Iran blocks capital's internet access as Amini protests grow". The Guardian.
  32. "76 deaths, 1,200 arrests in Iran response to protests". rte.ie. 26.09.2022. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  33. Ghattas, Kim (2 October 2022). "A Whole Generation Revolts Against the Iranian Regime". The Atlantic.
  34. "A barrier of fear has been broken in Iran. The regime may be at a point of no return". CNN. 5.10.2022. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  35. "Iran: A really simple guide to the protests". BBC News. 14.10.2022. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  36. "Iran warns the West over protests as international backlash grows". NBC News. 2022. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  37. "'They want the world to hear them:' St. John's rally held in solidarity with Iran protests". CBC. 1.10.2022. Текшерилген күн: 25.04.2023.