Феминизм
Феминизм (лат. femina “аял”) – аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык укуктарын кеңейтүүгө жана сексизмди жеңүүгө багытталган идеологиялардын, саясий жана коомдук кыймылдардын жыйындысы.[1] Феминизм кыймылы патриархалдык коомго жооп катары жаралган, жыныстык жана гендердик белгилер боюнча дискриминацияга каршы күрөшүүнү максат кылат. Кыймыл аялдардын тандоо укугу, мамлекеттик кызматта иштөөгө, жеке менчикке, билим алууга, өз денесине өзү ээ болууга жана төрөт боюнча өргүүгө, эмгекке жана тең маяна алууга күрөшүп келген. Феминисттер ошондой эле контрацепцияга, мыйзамдуу абортко жетүүнү камсыз кылуу, аялдарды жана кыздарды зордуктоодон, сексуалдык асылуулардан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн күрөшүп келишкен.[2] Феминисттик кыймыл – аялдардын укугу чөйрөсүндө негизги тарыхый коомдук өзгөрүүлөрдүн артында турган негизги күч деп эсептелет. Феминизм – аялдардын укугу үчүн күрөшөт деп кабыл алынганы менен, айрым феминисттер патриархалдык коом, салттуу гендердик ролдор эркектерге да зыянын тийгизет деп эсептешет.[3] Мисалы, жигитти милдеттүү түрдө аскердик кызматка чакыруу, окшош эле кылмыш үчүн эркекке катаалыраак жаза берүү жана башка. Кээ бир чөйрөлөрдөгү көрүнүктүү прогресске карабастан, дүйнөнүн бир дагы өлкөсү - бай же кедей - гендердик теңчиликке жетише элек. Көп учурда аялдар жана кыздар ден соолук, билим берүү, үйдө жана эмгек рыногунда дискриминацияга дуушар болушат, бул алардын эркиндигине терс таасирин тийгизет[4].
Феминисттик кыймылдын символу Венеранын күзгүсүндө камтылган түйүлгөн муштум (күрөштүн жана каршылыктын символу). Кызгылт көк түс - феминизмдин салттуу түсү.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Феминисттик идеялардын таралышынын социалдык өбөлгөлөрү феодалдык коом урап, буржуаздык мамилелер жаралган учурга, б.а., аялдар жалданма жумушка чыгып өз эмгегинин ээси боло баштаган учурга туш келет. Италиялык жазуучулар Изотта Ногаролла, Лаура Черета, Кристина Пизанская жана айрым франциялык, англиялык жазуучулар кыймылдын идеясынын жайылтуучулары деп аталып келет. Жазуучу Француа Пуллен де Ла Барр өзүнүн “Эки жыныстын тең укуктары” деген эссесинде (1673) аялдардын тең укуксуздугу, алар эркектердин орой мамилесине кабылары тууралуу жазган.[5]
XVIII-кылымдын орто ченинде франциялык агартуучулар феминисттик идеялардын кайра жаралышына түрткү беришкен. Вольтер “аялдын үлүшү адилетсиз”, Монтескье болсо “аял коомдук турмушка аралашышы керек” деп жазган. 1789-жылдагы Француз революциясынын[en] башталышында аялдардын тең укуктуулук үчүн күрөшүнө арналган биринчи журнал чыга баштаган, аялдардын революциялык клубдары пайда болгон, алардын мүчөлөрү саясий күрөшкө катышкан. Бирок 1791-жылкы Франциянын Конституциясы аялдарды шайлоо укугунан ажыраткан; ошол эле жылы Улуттук ассамблеяга Олимпия де Гуж тарабынан «Аялдын жана жарандын укуктарынын декларациясы» сунушталган, анда аялдардын толук социалдык жана саясий тең укуктуулугун таануу талап коюлган. Ошол эле учурда аялдардын биринчи саясий уюму түзүлөт, бирок 1793-жылы коомдун ишмердүүлүгүнө Конвенция тарабынан тыюу салынып, көп өтпөй декларациянын автору Олимпия де Гуж, гильотинага жиберилди.
Улуу Британияда аялдардын бирдей укуктарын талап кылууну Мэри Уоллстоункрафт «Аялдардын укуктарын коргоо» (1792) аттуу эмгегинде көтөргөн.[6]
Орусияда аялдар кыймылы 1850-жылдардын орто ченинде социалдык-экономикалык жана саясий кризистин жана аны коштогон жалпы демократиялык көтөрүлүштүн шартында калыптана баштаган.[7] 1880-90-жылдарында аялдар кыймылы жаңы, феминисттик идеологияны түзө баштаган жана аялдардын шайлоо укугуна жетишүүнү өзүнүн негизги максаты катары койгон. 1917-жылы, Октябрь революциясынан кийин бир ай өткөндөн кийин, убактылуу өкмөт мурдагы Орусия империясынын аймагында аялдардын укуктарын чектеген бардык мыйзамдарды жокко чыгарган. Аялдар билим алууга, менчикке, кесипти эркин тандоого, ажырашууга жана бойдон алдырууга укуктарга ээ болушту. Бирдей эмгек акы киргизилип, аялдардын граждандык жана саясий укуктары биринчи Советтик Конституцияда бекемделген.
СССРдеги феминисттик кыймыл
[түзөтүү | булагын түзөтүү]СССРдеги феминизм советтик бийлик орногонго чейин коомдук кыймыл катары калыптана баштаган жана убактылуу өкмөттүн убагында ийгиликтерге жетишкен. Октябрь революциясынан кийин большевиктер адегенде аялдар кыймылы менен кызматташып, феминисттер ондогон жылдар бою даярдап, жайылтып келген реформаларды жүргүзүшкөн. Ошону менен бирге Совет өкмөтү аялдардын көз карандысыз эмес кыймылынын болушун жактырбай, аялдарды саясий жана экономикалык жактан мобилизациялоого багытталган өзүнүн эмансипация долбоорун ишке ашырган.[8]Аялдардын боштондук саясатында маанилүү ролду “Аялдар бөлүмү” (Женотдел) жана делегаттык кыймылдар ээлеген. Аялдарды өндүрүшкө жана коммунисттик курулушка тартуу саясаты аялдарды экономикалык көз карандысыз кылууну, сабаттуулугун жогорулатууну, сексуалдык либералдаштырууну көздөгөн.[9] Ажырашуу жана аталык укукту таануу жөнөкөйлөштүрүлүп, аборт легалдаштырылган. Советтик Конституция аялдар менен эркектерге бирдей маяна төлөп берүүнү кепилдеген. Иштеген балалуу энелерди социалдык жактан камсыздоо жана колдоо саясаты жүргөн: бала бакчалар системи түзүлүп, бала эмизүүгө ишканаларда убакыт жана атайын орун берилген. Энелерге жөлөкпул каралган.[2] 1930-жылдары эмансипация саясаты өзгөрүп, мамлекет нике мыйзамдарын кайра катаалданткан.[8] Абортко тыюу салынган, салттуу гендердик идеология кайтып келген, сексуалдык мамилелер катуу көзөмөлгө алынган. 1970-жылдардын аягында аялдардын укугу маселеси кайра жанданып, бул жаатта атайын журналдар жарык көрө баштаган. Советтик феминисттер КГБ тарабынан куугунтукка кабылганы, журналдар тартып алынып, ар кандай коркутуулар болуп турганы айтылат.[10][11]
Хүжүм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизги макала Хүжүм
Хүжүм (түрк. “баштоо, киришүү”) – аялдардын статусун өзгөртүү максатында 1920-30-жылдары Борбордук Азияда жүргүзүлгөн кампания. Борбордук Азияда көп аялдуулук, жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, аялды мураска калтыруу (күйөөсү каза болсо, анын бир тууганына энчилеп берүү) көрүнүштөрү кездешчү.[12] 1920-жылдары СССР боюнча аялдардын коомдогу статусун жакшыртуу саясаты старт алган. 1920-жылдын ортосунда “Чыгыш аялдарынын боштондугу” кампаниясынын алкагында атайын көрсөтмө иштелип чыккан – бул худжум. Аялдар бала багуу, гигиена, укук, медицина боюнча окутула баштаган. Худжум – аялдардын коомчулук алдында паранжысын чечип ыргыткан радикалдуу акциялары менен белгилүү. Совет бийлиги 1924-жылы “Калың төлөөнү жоюу тууралуу” тууралуу декретти күчүнө киргизген, ушундан кийин биринчилерден болуп өзбек жумушчуларынын аялдары массалык түрдө паранжа ташташкан.[13]
Феминизм толкундары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тарыхый этапта феминизм 4 мезгилге бөлүнөт.
Биринчи толкун
[түзөтүү | булагын түзөтүү]XIX кылымдын аягы – XX кылымдын ортосу. Биринчи толкун феминизмдин жөнөкөй максаты болгон: аялдардын мүлк эмес, адам экенин түшүндүрүү. Бул толкундун активисттери саясий тең укуктуулук жана билим алуунун жеткиликтүү болушу үчүн күрөшкөн.[14] 1848-жылы АКШнын Сенека Фолз шаарында Аялдардын укуктары боюнча биринчи конференциясында аялдардын жарандык, социалдык, саясий жана диний укуктары үчүн кыймылдын негизи болгон “Сезимдер декларациясына” кол коюлган. Бул декларация дүйнөлүк феминизмдин тарыхына бурулуш жасаган.[15] 19-кылымдын аяк ченинде добуш берүү укугу башка укуктарга жетүүгө көмөкчү болот деп аялдар шайлоо укугун талап кылууга басым жасай башташты. Аялдарга шайлоо укугун берүү кыймылынын катышуучуларын суфражисттер (француз тилинен suffrage – шайлоо укугу) деп аташкан.
19-кылымдын аягында бир нече өлкөлөрдө аялдар добуш берүү укугуна ээ болушкан. 1893-жылы Жаңы Зеландия 21 жаштан жогорку бардык аялдарга добуш берүү укугун берген биринчи өзүн-өзү башкаруучу өлкө болду.[16] Америкалык Кошмо Штаттары 1920-жылы, Улуу Британия 1928-жылы, ал эми Франция болсо 1944-жылы гана.
АКШда добуш берүү укугу берилгенден кийин жана Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен феминизмдин биринчи толкуну бир топ басаңдаган. Активисттердин көбү аялдардын укуктары үчүн күрөшүн улантышканына карабастан, кийинки туруктуу феминисттик кыймыл 1960-жылдары башталган деп эсептелет.[17]
Экинчи толкун
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1960-1980-жылдар. Биринчи жана экинчи толкундун ортосунда француз феминист-жазуучусу Симона де Бовуар аялдардын укугун коргоочу активдүүлүктүн кийинки толкундун багытын аныктаган фундаменталдык китепти чыгарды. 1949-жылы жарык көргөн анын “Экинчи жыныс” аттуу китебинде аялзатына кеңири түшүнүктөр берилген жана тарыхта аялдарга эркектерден кийинки экинчи адам катары мамиле жасалганы баяндалган.
Экинчи толкун Бетти Фридмандын 1963-жылы чыккан “Аялдардын табышмагы”[en] эмгеги менен козголгон деп айтылат. Биринчи толкун феминизм негизинен шайлоо укугуна жана гендердик теңчиликке мыйзамдуу тоскоолдуктарды жоюуга багытталган болсо, экинчи толкун феминизм талкууга: сексуалдык, үй-бүлө, үй чарбасы, жумуш орду, репродуктивдүү укуктар, де-факто теңсиздик жана расмий укуктук теңсиздиктерди кошкон.[18]
Үчүнчү толкун
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1990-2008-жылдар. Үчүнчү толкун 1991-жылы Анита Хилл, африкалык-америкалык укук профессору, Жогорку Соттун талапкери Кларенс Томас тарабынан сексуалдык асылууга туш болгондугу жөнүндө көрсөтмө берип, жумуш ордунда асылуу боюнча эң алгачкы коомдук талкуулардын биринен башталды.
Андан тышкары үчүнчү толкун 80-жылдары Кимберле Креншоу тарабынан киргизилген интерсекционалдык, же кесилишкен, дискриминация тууралуу маалымдуулуктун жогорулашы менен мүнөздөлөт. Ал расизмдин, классизмдин, эйблизм жана башка дискриминация түрлөрүнүн кесилишкенин тааныган. Ошондой эле үчүнчү толкунда экинчи толкун феминизми ак, цис, түз, орто класстагы аялдардын талаптарын гана билдиргени үчүн сынга алган.
Сексуалдык жана гендердик иденттүүлүккө байланышкан көйгөйлөр актуалдуу боло баштайт. Үчүнчү толкун аялдардын гетеросексуалдуулугун стандарт жана норма деген түшүнүктөн баш тартат.
Төртүнчү толкун
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2008-жылдан азыркы учурга чейин.[20] Интернет, социалдык тармактар жана онлайн формат заманбап феминизмдин негизги аянтчасы болуп калды. Күн тартибине бодипозитив, харассмент деген жаңы терминдер кошулду. Төртүнчү толкун гендердик нормаларга, маргиналдашууга өзгөчө көңүл бурулат. “Түстүү аялдар” жана “транс-аялдар” деген топторду баса белгилейт. Саясатта жана бизнесте бардык адамдардын көз карашы эске алынса адилеттүүлүк болот деп эсептейт.[21] Гендердик стереотиптерди (мисалы, эмоцияны жана сезимдерди билдирүү мүмкүнчүлүгү) бузуу үчүн күрөшүшөт. Ошондой эле аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүгүн мындан да кеңейтүүнү, аялдарга кол салгандарга жана зомбулук көрсөткөндөргө татыктуу жаза берүүнү талап кылышат.[22]
Феминизмдин багыттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Феминизм үч негизги багытка бөлүнгөн: либералдык, радикалдык жана социалисттик феминизм.
Либералдык феминизм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Либералдык феминизм коомдун түзүлүшүн түп тамырынан бери өзгөртпөстөн, либералдык демократиялык алкакта саясий жана укуктук реформа аркылуу эркектер менен аялдардын тең укуктуулугун көздөйт; либералдык феминизм "мейнстрим коомдук структуранын ичинде иштеп аялдарды ошол коомдун структурасына интеграциялайт".[23] Либералдык феминисттер үчүн абортко болгон укук, сексуалдык асылуу маселеси, добуш берүү укугу, билим берүүдөгү теңдик, бирдей жумушка бирдей акы төлөө, бала багуу жеткиликтүүлүгү, медициналык жардамдын болушу, аялдарга карата сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн чечүү маселелери маанилүү.[24]
Дискриминацияга каршы мыйзамдарды кабыл алуу менен тең укуктуулукка жетишүүнү көздөйт.[25]
Радикалдык феминизм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Радикалдык феминизм - коомду радикалдуу түрдө өзгөртүүгө, социалдык-экономикалык тармакта эркектердин үстөмдүгүн жоюуга чакырган агым.[26] Ал эркектер башкарган капиталисттик иерархияны аялдардын эзилишинин себеби катары карайт жана коомдун толугу менен реконструкцияланышы керектигин көздөйт.[27]
Радикалдык феминисттер аялды сексуалдык объект катары кароого каршы, порнографияны жана проституцияны аялдарга карата зомбулуктун бир түрү деп эсептешет. Зордуктоо жана аялдарга зомбулук көрсөтүү боюнча коомчулукка маалымат жеткирүүнү күчөтүүнү көздөйт.
Социалисттик феминизм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Социалисттик/марксисттик феминизм – гендердик теңсиздиктин негизин жеке менчик жана капитализмден көргөн багыт.[28] Социалисттик феминизм аялдардын эзилишин марксистик идеялар менен айкалыштырат. Социалисттик феминизм аялдарды жумушта жана үйдөгү теңсиз абалдарынан улам эзилген катары көрөт.[29] Социалисттик феминисттерге карата патриархалдык система сойкулук, үй жумуштары, бала багуу жана турмушка чыгуу аркылуу аялдарды эксплуатациялайт. Социалисттик феминизм бүтүндөй коомго таасир этүүчү кеңири өзгөрүүлөргө багытталган. Социалисттик феминизмдин жактоочулары эркектер менен гана эмес, капиталисттик системанын ичинде аялдар сыяктуу эксплуатацияланган бардык башка топтор менен биргелешип иштөө зарылдыгын көрүшөт.[30]
Интерсекционалдык феминизм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Интерсекционалдык феминизм – дискриминациянын ар кандай формалары гендердик дискриминация менен кесилишет жана аны күчөтөт деп билдирет. Интерсекционалдуулук, же кесилиш теориясы, бул эзүүнүн, үстөмдүк кылуу системаларын же дискриминациянын ар кандай формаларынын же системаларынын кесилишин изилдөө. Интерсекционалдык феминисттер жынысына, расасына, жашына, классына, социалдык-экономикалык абалына, физикалык же психикалык жөндөмүнө, гендердик же сексуалдык иденттүүлүгүнө, динине же этникалык таандыктыгына жараша дискриминациянын ар кандай түрлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эске алуу керек деп ырасташат.
Антирасисттик феминизм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Антирасисттик же кара феминизм – расизмди жектеген, бардык расадагы аялдардын укугу үчүн күрөшкөн агым. Анын максаты сексизм, расизм жана класстык дискриминация менен күрөшүү.[31]
Сепаратисттик феминизм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сепаратисттик феминизм – радикалдык феминизмдин формасы. Ал эркектерден физикалык, эмоционалдык жана психологиялык обочолонуу идеясын жактайт.[32] Мисалы, жалаң аялдар менен жашоо же иштөө.
Постколониалдык феминизм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Постколониалдык феминизм – 1980-жылдары Үчүнчү дүйнөнүн теоретиктери тарабынан иштелип чыккан феминисттик ой жүгүртүүнүн агымы. Ал колониалдык өлкөлөрдүн аялдарынын уникалдуу тажрыйбасын этибар албаган батыш феминизминин сыны катары пайда болгон. Постколониалдык феминизм колониализмдин узак мөөнөттүү саясий, экономикалык жана маданий кесепеттери постколониалдык дүйнөдөгү аялдарга терең таасирин тийгизип, аялдар эки эселенген – императордук жана патриархалдык кысымга дуушар болушат деп ырастайт.
Экофеминизм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экофеминизм – феминизм менен экологиянын максаттарын бириктирген коомдук кыймыл жана философия. Экофеминизм патриархалдык коомундагы жаратылыш менен аялдарды эксплуатациялоонун ортосундагы параллелди өткөзүп, алардын философиялык биримдигине басым жасайт. Кыймылдын негизги максаты – аялдарга карата басмырлоону жоюу аркылуу дүйнөнү баштапкы гармонияга кайтаруу.
Помада феминизми
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Помада феминизми (lipstick feminism) – аялдар аялдыкты көрсөтүү, сексуалдык позитивдүү болуу же феминисттердин мурунку муундары айыптаган сексуалдуулуктун башка көрүнүштөрүн көрсөтүү жана ошол эле убакта феминист болуу мүмкүн экенин айтышат.
Кыргызстандагы феминисттик кыймыл
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эгемендик алган жылдары прогрессивдүү эмгек жана бойдон алдыруу укугу менен бирге Кыргызстан Совет доорунан калган үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана ала качууга каршы күрөшүүгө туура келди. Улуттук өзүн-өзү идентификациялоо процессинде чек аралардын ачылышы, гласность жана кийинчерээк интернетке кирүү менен коом салттуулуктун, динчилдиктин жана либералдык демократиялык баалуулуктардын өсүшүнө туш болду. Жарандык коом, анын ичинде аялдар кыймылы өсө баштады. Кыргызстанда биринчи феминисттик топ “Бишкек феминисттик демилгелери” Archived 2022-05-29 at the Wayback Machine 2009-жылы уюштурулуп, 2013-жылы биринчи жолу Бишкекте "Вагина монологдору"[en] спектакли өткөрүлдү. Салттуу жашоо эрежеси, бекем калыптанган стереотиптер феминисттик идеяны кабыл алууда тоскоолдук жаратарын окуялар көрсөтүүдө. Жыл сайын өткөрүлгөн 8-март маршы 2019-жылы коомчулукта келин институтун сындаган жана тран адамдарды колдогон плакаттары менен резонанс жараткан. 2020-жылы марш катышуучуларына бет капчан эркектер тобу кол салып, милиция марштын уюштуруучуларыy кармаган.[33] Ошол эле жылы Бишкектеги көркөм өнөр сүрөт музейинде “Фемминале” аттуу көргөзмө уюштурулуп, анда энеден туума жылаңач аялдын “көргөзмөгө” коюлушу да жаңжал чыгарган.[34] Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ал көргөзмөнү “чагымчылдык” деп атаган.
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин өткөн ала качууга каршы митингде феминисттер ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып, митингдин катышуучуларына белгисиз бирөөлөр кайрадан кол салышкан.
Өлкөдө феминизмдин өкүлдөрүнүн бири – ырчы Зере Асылбек. Ырчынын 2018-жылы “Кыз” деген ыры талкуу жараткан. Ал ырда “аялды жана анын тандоосун урматта” деген чакырык айтылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8
- ↑ Beasley, Chris. What is Feminism? (англ.) — New York: Sage, 1999. — P. 3—11. — ISBN 9780761963356.
- ↑ Echols, Alice. Daring to Be Bad: Radical Feminism in America, 1967–1975 (англ.). — Minneapolis: University of Minnesota Press, 1989. — ISBN 0-8166-1787-2.
- ↑ Bell Hooks. Feminism is for Everybody: Passionate Politics. — Pluto Press, 2000. — ISBN 9780745317335.
- ↑ Gender Social Norms Index (GSNI) 2020. https://hdr.undp.org/en/gsni Кирген күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Научно-популярная энциклопедия "Кругосвет" https://www.krugosvet.ru/enc/istoriya/FEMINIZM.html Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Bee Rowlatt, The original suffragette: the extraordinary Mary Wollstonecraft, 2015. https://www.theguardian.com/lifeandstyle/womens-blog/2015/oct/05/original-suffragette-mary-wollstonecraft Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Юкина И. Русский феминизм как вызов современности. (орус) — СПб.: Алетейя, 2007.
- ↑ 8.0 8.1 Здравомыслова Е., Тёмкина А. Гендерное гражданство и советский этакратический порядок // Актуальные проблемы трансформации социального пространства / С. А. Васильев (общ. ред.). — СПб.: ГП МЦСЭИ «Леонтьевский центр», 2004. — С. 322—355.
- ↑ Здравомыслова Е., Тёмкина А. История и современность: гендерный порядок в России // Гендер для «чайников». — М.: Звенья, 2006. — С. 55—84. — ISBN 5 7870 0097 8. https://ru.boell.org/sites/default/files/gender_chaynik.pdf Archived 2018-03-29 at the Wayback Machine Кирүү күнү: жалган курандын 31, 2022.
- ↑ Вознесенская Ю. Женское движение в России // Посев. — 1981. — № 4. http://antology.igrunov.ru/authors/voznesenskaya/1145211846.html Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Малаховская Н. Как начиналось женское движение в конце 70-х // ФЕМИНФ. — 1993. — № 3. http://www.owl.ru/win/books/feminf/01/02.htm Кирүү күнү: жалган курандын 31, 2022.
- ↑ Татыбекова Ж.С. Великий Октябрь и женщины Киргизстана. Фрунзе: Кыргызстан, 1975.
- ↑ Женщины Узбекистана, №965, август 1967. https://smena-online.ru/stories/zhenshchiny-uzbekistana Кирүү күнү: жалган курандын 31, 2022.
- ↑ Lear, Martha Weinman (March 10, 1968). "The Second Feminist Wave: What do these women want?". The New York Times. https://www.nytimes.com/1968/03/10/archives/the-second-feminist-wave.html?legacy=true Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Report of the Woman's Rights Convention - Women's Rights National Historical Park (U.S. National Park Service) https://www.nps.gov/wori/learn/historyculture/report-of-the-womans-rights-convention.htm Кирген күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Harper, Ida Husted The History of Woman Suffrage, Volume VI by I https://www.gutenberg.org/ebooks/30051 Кирген күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Н. Пушкарева, Гендерные исследования. Научно-популярная энциклопедия "Кругосвет". https://www.krugosvet.ru/enc/gumanitarnye_nauki/sociologiya/GENDERNIE_ISSLEDOVANIYA.html Кирген күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Elinor Burkett, Women’s rights movement. https://www.britannica.com/event/womens-movement Кирген күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Walker, Rebecca (January 1992). "Becoming the Third Wave" (англ.) Ms.: 39–41. ISSN 0047-8318. OCLC 194419734. Текшерилген күн: 27.04.2023.
- ↑ Abrahams, Jessica (14 August 2017). "Everything you wanted to know about fourth wave feminism—but were afraid to ask". https://www.prospectmagazine.co.uk/magazine/everything-wanted-know-fourth-wave-feminism Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Ealasaid Munro (5 September 2013), Feminism: A fourth wave? The Political Studies Association (PSA) (англ.). https://www.psa.ac.uk/psa/news/feminism-fourth-wave Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Ruth Phillips, Viviene E. Cree. What does the ‘Fourth Wave’ Mean for Teaching Feminism in Twenty-First Century Social Work? // Social Work Education. — 2014-10-03. — Т. 33, вып. 7. — С. 930–943. — ISSN 0261-5479. — doi:10.1080/02615479.2014.885007.
- ↑ West, Rebecca. "Kinds of Feminism". University of Alabama in Huntsville.https://www.uah.edu/woolf/feminism_kinds.htm Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Bell Hooks. Feminist Theory: From Margin to Center : [англ.]. — Routledge, 2014. https://funceji.files.wordpress.com/2017/08/bell_hooks_feminist_theory_from_margin_to_centebookzz-org_.pdf Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Tong, Rosemarie. Liberal feminism // Feminist thought: a comprehensive introduction (англ.). — London: Routledge, 1992. — ISBN 9780415078740.
- ↑ Willis, Ellen. Radical Feminism and Feminist Radicalism (англ.) // Social Text. — 1984. — Iss. 9/10. — P. 91—118. — doi:10.2307/466537
- ↑ Echols, Alice (1989). Daring to Be Bad: Radical Feminism in America, 1967–1975. Minneapolis: University of Minnesota Press.
- ↑ Desai, Murli (2014). "Feminism and policy approaches for gender aware development". In Desai, Murli (ed.). The paradigm of international social development: ideologies, development systems and policy approaches. New York: Routledge. p. 119. ISBN 9781135010256.
- ↑ Faith Wilding, Monstrous Domesticity. http://www.feministezine.com/feminist/domesticity.html Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Barbara Ehrenreich (1976). What is Socialist Feminism? (англ.).https://www.marxists.org/subject/women/authors/ehrenreich-barbara/socialist-feminism.htm Кирүү күнү: жалган курандын 30, 2022.
- ↑ Lisa Tuttle. Encyclopedia of feminism (англ.). — New York, N.Y.: Facts on File Publications, 1986. — 399 p. — ISBN 978-0-8160-1424-8.
- ↑ Christine Skelton, Becky Francis, Feminism and the Schooling Scandal, Taylor & Francis, 2009 ISBN 0-415-45510-3, ISBN 978-0-415-45510-7 p. 104.
- ↑ Неизвестные напали на участниц женского марша, организаторов задержали, (орус.) Радио Азаттык 8 март 2020; https://rus.azattyk.org/a/30475639.html Кирүү күнү: жалган курандын 31, 2022.
- ↑ «Противоречит менталитету». В Кыргызстане разгорелся скандал из-за выставки; Cabar Asia; https://cabar.asia/ru/protivorechit-mentalitetu-v-kyrgyzstane-razgorelsya-skandal-iz-za-vystavki/ Кирүү күнү: жалган курандын 31, 2022.