Дискриминация

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Дискриминация – (лат. discriminatio - ажыратуу, бөлүү) – айрым жарандарды расасы, улуту, жынысы, жыныстык ориентациясы, социалдык теги, дини, саясий көз караштарына байланыштуу укуктарынан ажыратуу же чектөө. Дискриминация жеке адамга же группаларга алардын кандайдыр бир топторго же социалдык категорияларга мүчөлүгүнүн негизинде башка адамдарга караганда адилетсиз мамиле жасалганда пайда болот.[1] Адамдар жашы, терисинин түсү, соттолгондугу, расасы, сырткы келбети, бою, салмагы, ден соолугу, психикалык оорулары, баңгизатын колдонгондугу, майыптыгы, улуту, үй-бүлөлүк абалы, генетикалык өзгөчөлүктөрү, дини, социалдык классы, билими, сексуалдык ориентациясы, гендердик өзгөчөлүгү, жумушу жана жашаган жери боюнча дискриминацияга кабылышы мүмкүн.[2] Ал бир топтун мүчөлөрүн башка топтун мүчөлөрү үчүн жеткиликтүү болгон мүмкүнчүлүктөрдөн же артыкчылыктардан чектөөнү камтыйт.[3] Дискриминация сегрегациядан (атайын бөлүнгөн аймакка күч менен көчүрүп жиберүү), геноцидге чейин алып келүүсү мүмкүн. Кандай убакта жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, дискриминация адам укугун бузуу болуп саналат (1949-ж. БУУнун Конвенциясын кара). Дискриминация диний, гендердик, расалык, балдырга карата же башка болушу мүмкүн.

Советтик тоталитаризмде да дискриминациянын көп түрү болгон. Мисалы, кээ бир жогорку окуу жайларына өтүүдө, идеологиялык багыттар ж. б. Дискриминация либералдык-демократтык коомдо да орун алган, адам укугу жана эркиндигин улутуна, расасына, динине карабай сактоо, коргоо актуалдуу маселе болуп саналат. 1982-ж. БУУнун 42-сессиясында, Россияда инсандын укугу бузулуп жатат деп билдирген. СССР кулагандан кийин Д-лык жаңы фактылар пайда болуп, натыйжада жергиликтүү эмес калк эмиграцияга дуушар болууда. Мисалы, Эстонияда 1,5 млн. шайлоочудан 600000 жергиликтүү эмес калктын өкүлдөрүн шайлоо укугунан ажыраткан мыйзам кабыл алынган.

Дискриминация демократиялык мамлекеттердин ички укуктарында, ошондой эле эл аралык укукта тыюу салынган. Буга карабастан дискриминациялык салттар, саясаттар, идеялар, практикалар жана мыйзамдар дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө жана мекемелерде, анын ичинде дискриминация жалпысынан жек көрүндү болгон жерлерде бар. Кээ бир жерлерде дискриминацияга кабылгандардын пайдасына квота сыяктуу аракеттер колдонулуп келет. Бул аракеттер көп учурда  тескери дискриминация деп аталып карама-каршылыктарга дуушар болот.

Этимологиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Дискриминация сөзү латын тилинен discrīminātio – “обочолонуу”, “айырмалануу”  деген маанини түшүндүрөт. Америкалык жарандык согуштан (1861-1865 жж.)  бери "дискриминация" термини жалпысынан америкалык англис тилинде инсандын расасына негизделген калыстыксыз мамилени түшүнүү катары колдонулуп, кийинчерээк кандайдыр бир социалдык жагымсыз топко же социалдык категорияга мүчөлүк катары жалпыланган.[3] Кыргыз тилинде кемсинтүү деген сөз менен бирдей мааниде колдонулат.[4]

Тарыхтагы дискриминация[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөдө адамды дискриминациялоочу практикалар көп болгон, алардын айрымдары мурун болсо, кээ бирлери азыр деле бар.

Гендердик[оңдоо | булагын оңдоо]

1914-жылы Лондондо суфражисттин көчөдө камакка алынышы.

Гендердик дискриминациянын бир көрүнүшү экономикалык ресурстарга ээ болуу, анын ичинде мурас алуу укугу коомдордун көбүндө болуп келген кубулуш. Мисалы, Орусияда 20-кылымга чейин аялдардын мураскорлук укугу өтө чектелүү болгон. Каза болгон атанын кыздары мурастын 1/14, ал эми уулдары 13/14 бөлүгүн алышкан. Анын үстүнө аялдардын акча табуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, ар дайым жеке эмгеги менен жан багып кете алышчу эмес.[5]

Коомдун патриархалдык негиздеринен улам кыргыздардын каада-салт укугунда мүлккө ээлик кылуу ченеми колдонулган эмес. Салт боюнча, керээз калтыруучу дайыма эркек болгон. Аялдар эркектерге караганда бир топ азыраак мураска ээ болушкан. Бардык биргелешип алынган үй-мүлктөрү үй-бүлөлүк мүлк болуп эсептелип, ата тарап менен гана муундан-муунга өтүшү керек болгон. Үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү ал мүлктөрдү колдонуу, пайдалануу гана укугуна ээ болушкан. Үй-бүлө башчысы ддеп саналган эркек каза болгондо да мүлк бир урук союзунун чегинен чыга алган эмес.

Аялдардын бирдей билим алуу укугу дискриминацияланып келген жана азыркы убакытка чейин көп өлкөлөрдө дискриминацияланып келе жатат .  Мисалы, Англиядагы мамлекеттик мектептер кыздарды балдар каникулда болуп, мектептер бош турганда гана окутушкан. XIX-кылымдын башында аялдардын семинариялары  жана академиялары пайда боло баштаган. Бирок, алардагы программа негизинен саймачылык жана үй чарбасы боюнча сабактарды беришкен.[6]

Аялдар 20-кылымга чейин добуш берүү укугуна жана саясатка кийлигишүү укугуна ээ болгон эмес. Аялдардын шайлоо укугун биринчилерден болуп Жаңы Зеландия (1893) жана Австралия (1902) киргизишкен. Акыркылардын айрымдары: Кувейт (2005), Бириккен Араб Эмираттары (2006) жана Сауд Арабиясы (2011). Бүгүн күндө Ватиканда дагы эле аялдардын добуш берүү укугу чектелген.[7]

Аялдардын добуш берүү укугу 1948-жылы Америка мамлекеттер уюмунун Аялдардын саясий укуктары боюнча конвенциясында[8]  жана БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясында кабыл алышкан[9]. Декларациянын беренесинде төмөнкүлөр аныкталат:

Аялдардын шайлоо укугу БУУ тарабынан 1952 жана 1979-жылдары кабыл алынган Аялдардын саясий укуктары жөнүндөгү конвенцияда[10] жана Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жок кылуу жөнүндө конвенцияда[11] ачык бекитилген.

Рассалык[оңдоо | булагын оңдоо]

Америка Кошмо Штаттарында түстүү адамдардын колдонуусу үчүн суу фонтаны. 1938-жыл.

Адамзаттын тарыхында ар кандай көрүнүштөргө ээ болгон жана гендердик дискриминация менен бирге бүгүнкү күнгө чейин курч турган расизм европалыктардын географиялык улуу ачылыштар доорунда өнүгө баштаган. Анын натыйжасында европалыктар башка элдер жашаган өлкөлөрдү колониялаштырып башка элдерге салыштырмалуу технологиялык артыкчылыгын табигый артыкчылыгы катары карай башташкан, бул колониализм саясатынын негизи болуп калган жана кулчулукту идеологиялык жактан актаган.

Америка Кошмо Штаттары түзүлгөндөн бери расизм көйгөйлөрүнүн бири болуп келген. Өзүнүн улуттук жана диний өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган ак адамдар африкалык америкалыктар менен түпкүлүктүү америкалыктар - индеецтерге расисттик мамиле кылышкан.

1933-1945 - жылдары Нацисттик Германиянын расисттик идеялары «арий расасынын артыкчылыгына» курулган. Фашисттик Германияда жана ал басып алган аймактарда нацисттер «расалык гигиена» түшүнүгүнүн негизинде расалык дискриминация жана ксенофобия саясатын жүргүзүшкөн. "Расалык гигиена" түшүнүгү расаларды аралаштыруу жагымсыз кесепеттерге алып келет деп ырастады, ошондуктан адамдарды жогорку расанын өкүлдөрүнө жана төмөнкү элементтерге бөлүү керек жана тийиштүү тандоо зарыл.

СССРде жарыяланган интернационализмге карабастан, коомдун этникалык бөлүнүшүнө үй чарбалык деңгээлинде гана эмес, интеллектуалдык чөйрөнүн арасында да, мамлекеттик саясатта да туруштук берүү мүмкүн болгон эмес. СССРде «раса» деген сөз этнос деген сөз менен алмаштырылып маданий расизм (же этноцизм) өрчүгөн. СССРде маданий расизмдин негиздери 1930-жылдардын экинчи жарымында түптөлгөн. Этникалык топтор өзүнүн оригиналдуу маданияты жана тили бар, өзүнүн «улуттук мүнөзү» бар өзүнчө бир субъект катары кабыл алынган. Алар этникалык топтун ар бир мүчөсүнө мүнөздүү касиеттер катары кабыл алынган жүрүм-турум стереотиптерине таандык болгон. Бийлик бүтүндөй элдерди “улуттук мүнөзү” айыбы менен чыккынчылыкта айыптап куугунтукка учуратчу же депортациялаган.

Касталык дискриминация Индияда биздин заманга чейин эле болуп келген жана адамдарды социалдык топторго бөлүп, эндогамия жана кесип тандоодогу чектөөлөр менен мүнөздөлөт. Индиянын 1950-жылдагы Конституциясы касталардын тең укуктуулугун жана кол тийбестердин мыйзамдуу толук укуктарын тааныган. Индиядагы кол тийбестер кастасына калктын 15-17%ы кирет, аларды кастасына карап дискриминациялоо кылмыш болуп эсептелет.

Дискриминациянын түрлөрү.[оңдоо | булагын оңдоо]

Гендердик дискриминация[оңдоо | булагын оңдоо]

Күрөшү жана каршылыгы үчүн репрессияланган, куугунтукталган жана курман болгон активисттердин элесине шам жагуу. Бишкек, 2014-жыл.

1917-жылы Октябрь революциясынан кийин убактылуу өкмөт мурдагы Орусия империясынын аймагында аялдардын укуктарын чектеген бардык мыйзамдарды жокко чыгарган. Аялдар билим алууга, менчик мүлккө ээ болууга, кесипти тандоого, ажырашууга жана бойдон алдырууга укуктар берилген. Бирдей эмгек акы киргизилип, аялдардын жарандык жана саясий укуктары биринчи советтик Конституцияда бекемделген. Ага карабай кыргыз аялдарын мектепке тартуу, коомдук-саясий иштерге аралаштыруу оор шартта өткөн. Алсак, Ош шаарына жакын Кара-Суу районунда басмачылар съездге делегаттарды шайлоо үчүн үгүт жүргүзүп жаткан эки активист аялды мыкаачылык менен өлтүрүп, денесин эт базарына илип коюшкан. Манаптар, бектер жана дин адамдары кыргыз калкынын арасында аялдардын билим алуусуна каршы багытталган катуу үгүт иштерин жүргүзүшкөн.

Эйджизм[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаш курагына карата (эйджизм) – кимдир бирөөнү жаш курагына карата кемсинтүү. Бул адамдын жашына карата басмырлоону же баш ийдирүүнү актоо үчүн колдонулган ишенимдердин, нормалардын жана баалуулуктардын жыйындысы. Эйджизмге көбүнчө карылар, өспүрүмдөр, жаш балдар кабылышат. Жаш курак дискриминациясы адамдарды жумушка кабыл алууда көп колдонулуп келет. Эйджизм маселесин көп көтөргөн саясатчылар адатта адамдардын эмгекке жарамдуу курагын көп этибарга алышпайт жана жаш куракка байланыштуу иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыгын четке кагып келишет.

Майыптыгы бар адамдарга карата дискриминация[оңдоо | булагын оңдоо]

Майыптыгы бар адамдар билимге, саламаттыкты сактоого, инфраструктурага жана негизги кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүккө ээ эмес. Адамдар майыптыгы бар адамдарга кайдыгер, орой, кээде дискриминациялоочу мамиле кылышат.[12] Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн инфраструктура жетишсиз болгондугунан, окууга, иштөөгө жана толук кандуу реализацияланууга көптөгөн тоскоолдуктар турат. Бул тоскоолдуктардан улам алар негизинен аз квалификациялуу жана аз акы төлөнүүчү жумуштарда иштешет. Майыптыгы боюнча дискриминация талашсыз жана туруктуу, дейт "Майыптарга укуктук жардам берүү" фондунун президенти Толкунбек Исаков.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзам 2008-жылы кабыл алынган, Кыргызстан Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына 2011-жылы кошулган, бирок ратификациялай элек.[13]

Ар кандай эсептөөлөр боюнча, Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу курактагы майыптардын 80ден 85%ке чейин жумушсуздар жана эмгек рыногунан четтетилгендер.[14] Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, 20дан кем эмес адам иштеген уюм майыптарга 5 пайыздык квота бериши керек,[15] бирок бул мыйзамды жада калса мамлекеттик органдар да аткарбай келет.[16]

Улутуна карата дискриминация[оңдоо | булагын оңдоо]

Улутуна карап басмырлоо, кээде расалык дискриминация менен байланышып кетет. Улутуна карата дискриминация - бул улутуна карап жумушка алуудан баш тартууга, тек-жайына шек келтирүүгө, иштен бошотууга, компенсация жана эмгек акыга ж.б. тыюу салган мыйзамдарга чейин болушу мүмкүн. Мисалы, Бириккен Араб Эмираттарынын жашоочулары улуттар ортосундагы эмгек акынын ажырымы жумуш ордунда чоң көйгөй болгонун айтышат. Ошондой эле, сурамжылоолорго караганда БАЭ-да батыш өлкөлөрүнөн келген адистер көбүрөөк маяна алышат жана аларга жумушка орношуу оңоюраак.[17]

Сексуалдык ориентациясына карата дискриминация[оңдоо | булагын оңдоо]

Сексуалдык ориентация – карама-каршы жыныстагы, өз жыныстагы же эки жыныска тең адамдарга карата романтикалык же/жана сексуалдык тартылуу. Сексуалдык ориентация адатта гетеросексуализмге, гомосексуализмге жана бисексуализмге бөлүнөт, ал эми асексуализм кээде төртүнчү категорияга кирет. Башка азчылык топтор сыяктуу эле, гомосексуалдар жана бисексуалдар көпчүлүк топтун дискриминациясына дуушар болушат. Алар сексуалдык ориентациясынан улам башкалардын жек көрүүсүнө кабылышы мүмкүн; жыныстык ориентациясына негизделген мындай жек көрүү үчүн термин гомофобия деп аталат.

Дүйнө жүзү боюнча гомосексуализмди мыйзамсыз деп эсептеген 80 өлкөнүн бешөө гомосексуализм үчүн өлүм жазасына тартат.[18] Буга чейин 30 өлкө жана аймактар гейлер менен лесбиянкалардын баш кошуусуна уруксат берген улуттук мыйзамдарды кабыл алышкан.[19] Кыргызстанда кайсы бир жагдай боюнча, сексуалдык ориентация анын ичинде, дискриминация кылуу болбойт.[20] 2011-жылы Бириккен Улуттар Уюму ЛГБТ укуктарын тааныган биринчи резолюциясын кабыл алган.[21]

Дискриминациялаган ысымдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда жана кээ бир Борбордук Азия өлкөлөрүндө уул төрөлүшүн күткөн ата-энелер кыз төрөлгөндө, аялды уул төрөп бере алган жок деп жемелешет. Үй-бүлөдө катары менен кыздар төрөлүп кала турган болсо, дароо ырым-жырымдарга көңүл буруп башташат. Эң көп тараган ырымдардын бири - артынан уул ээрчитип келсин деп кызга Жаңыл, Бурул же Уулжан деген сыяктуу ысымдарды коюу. “Жаңыл” – мааниси боюнча кыздан жаңылып уул болсун дегени, “Бурул” – кыздан бурулуп уул келсин дегени, мындай маанидеги “Бурулсун”, “Бурулча” жана башка аттар дагы бар. Уул төрөлүшүн каалаган ата-энелер кыздарына уул уңгусу кошулган ысымдарды ыйгарышат. Ушундай эле “мырза” уңгусу бар аттар дагы коюла баштаган.[22]

Тил дискриминациясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бишкек шаарында автобустагы орус жана өзбек тилдеринде жазуу кыргыз тилде сүйлөгөндөрдүн дискриминациясы катары эсептелет.

Кайсы бир тилди билбеген, сүйлөй албаган адамдарга же адамдардын тобуна карата  басмырлоо, кемсинтүү мамилеси тил дискриминациясына кирет. Мисалы, Колумбияда жашаган миңдеген вайуу элинин жарандыгын тастыктоочу документтерине жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер шылдыңдап түрдүү күлкүлүү аттарды жазып жана баарынын төрөлгөн  күнүнүн  датасын бир күнгө жазып коюшкан. Жергиликтүү чиновниктердин вайуу элине карата мындай басмырлоосу көп жылдан кийин ачыкка чыккан.

Мурдагы Пакистандагы бенгал тилинин статусу үчүн күрөш Бангладешти түзүүдө негизги ролду ойногон саясий компания. 1948-жылы Мохаммад Али Жинна урду тилин Пакистандын улуттук тили деп жарыялап, мамлекетте эң көп сүйлөгөн бенгал тилин колдонууну колдогондорду мамлекеттин душмандары деп атаган.[23]

Кыргызстанда эки тил үстөмдүк кылат, мамлекеттик кыргыз тили жана расмий орус тили. Бир тилде сүйлөгөндөр экинчисине караганда басмырланат деп айтууга чындыкка жатпайт. Орус тилдүү жарандар кыргыз тилин билүү талабы өсүп жатканын белгилеп жатышса, кыргыз тилдүү жарандар жумушка орношууда, маалыматка же маданий иш-чараларга жетүү жагынан кыйынчылыктарга туш болушат. Орус тилин билбестен мамлекеттик мекемеге жумушка орношуу өтө кыйын. Ал эми орус тилин билбестен жеке уюмга жумушка орношуу дээрлик мүмкүн эмес. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Назаркул Ишекеев 2019-жылы мамлекеттик иш кагаздарынын 40%га жакыны гана кыргыз тилинде жүргүзүлөрүн билдирген.[24]

Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча өткөн илимий-практикалык конференцияда Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору Курманбек Токтоналиев: “Ачык эле айтыш керек. Мамлекеттик тил мыйзамынын көп жылдан бери ишке ашпагандыгынын себеби да ушул болууда. Анткени "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамында бардык расмий жолугушуулар, иш кагаздары мамлекеттик тилде же расмий тилде жүргүзүлөт деген жери бар. Мамлекеттик органдар ушуга таянып алып өздөрүнүн иш кагаздарынын баарын мамлекеттик тилде эмес, расмий тил болгон орус тилде жүргүзүп жатканынын да башкы себеби ушул болуп жатат", - деп орус тилинин расмий макамын алып салууну сунуштаган.[24]

Диний  дискриминация[оңдоо | булагын оңдоо]

Адамдарды же топторду тутунган динине же дин тутпоого карата басмырлоо диний дискриминацияга кирет. Бир нече диний жамааттар, анын өкүлдөрү болгон бир катар өлкөлөрдө дискриминация диний стратификация менен коштолот. Башкача айтканда, социалдык тепкичте жамааттар бири-бирине карата жогору же төмөн статуска ээ.[23]

Хайтизм[оңдоо | булагын оңдоо]

Хайтизм - бул адамдарды боюна карап жек көрүү же басмырлоо. Негизи бул адамдардын боюнунун норма чегинен кичине же өтө узунуна карата басмырлоочу мамилени билдирет.[25]

Тескери дискриминация[оңдоо | булагын оңдоо]

Тескери дискриминация – үстөмдүк кылуучу же көпчүлүк топтун мүчөлөрүн азчылык топтун мүчөлөрүнүн пайдасына басмырлоо түшүнүгү.[26] Дискриминациянын бул түрүнүн пайда болушу позитивдүү дискриминациянын чектөөлөрүн укуктук аныктоодогу кемчиликтерден да, мурда басмырланган азчылыктардын убактылуу укуктук артыкчылыктарды кыянаттык менен пайдалануусунан да келип чыккан.

Позитивдүү дискриминация[оңдоо | булагын оңдоо]

Коомдун аялуу  катмарына белгилүү бир артыкчылыктарды берүү – бул "позитивдүү дискриминация". Адамдардын коомдун аялуу катмарына карата оң иш-аракеттер зарылдыгы жөнүндө көп айтылат. Бирок позитивдүү дискриминациянын адилеттүүлүгү, мыйзамдуулугу жана максатка ылайыктуулугу маселеси толук чечиле элек. Тагыраагы, АКШнын Жогорку Сотунда афроамерикалык жарандардын билим көрсөткүчтөрү төмөн болгонуна карабастан африкалык-америкалыктарга университеттерге кирүү үчүн жеңилдетилген шарттарды кепилдеген мыйзамдарды талкуулоодо бул маселе боюнча депутаттардын арасында карама-каршы көз караштар болгон. Карама-каршы көз караштагы депутаттар, позитивдүү дискриминацияга каршы күрөш кээ бир учурларда карама-каршы жагдайга - актардын тукумдарын дискриминациялоого алып келет дешкен. Мисалы, Зимбабведе актарды мүлкүнөн ажыратуу боюнча активдүү кампания башталгандан кийин “кара раса” термини пайда болгон. Бул нерсе ак терилүүлөр менен кандай конфликт болбосун кара терилүүнүн тууралыгын таануу үчүн агрессивдүү талап катары түшүнүлөт.[27]

Дискриминацияга каршы күрөш[оңдоо | булагын оңдоо]

БУУ жана башка Эл аралык уюмдар дискриминациянын бардык түрүнө каршы иш-аракеттерди жүргүзүп келишет. Жетинин айынын 25 "Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнү", бештин айынын 18 "Эл аралык мигранттардын күнү", бештин айынын 2 "Кулчулукка жана аны жоюунун курмандыктарын эскерүү күнү", жалган курандын 21 "Расалык дискриминацияны жоюунун эл аралык күнү", бугу айынын 17 "Эл аралык Гомофобия, трансфобия жана бифобия менен күрөшүү" күндөрү бекиген.[28]

Дискриминацияга каршы мыйзамдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөдө дискриминацияга каршы мыйзамдар тең укуктуулук принциптерине негизделген, тагыраагы адамдар эч ким тараптан басымырланып, кемсинбеши керек. Дүйнө жүзүндө көп мамлекеттерди дискриминацияга каршы мыйзамдар бар. Алар төмөндө.

Австралия[оңдоо | булагын оңдоо]

Австралияда 1975-жылы расалык, этникалык же улуттук теги боюнча дискриминацияга тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле 1977-жылы жыныстык өзгөчөлүгү бар адамдарга карата дискриминиация, 1992-жылы майыптарды басмырлоого тыюу салынган мыйзамдар жергиликтүү парламент тарабынан кабыл алынган.[29]

Бельгия[оңдоо | булагын оңдоо]

Белгиялыктар 2007-жылдын 9-июнунда жарандардын жашы, жыныстык артыкчылыктары, үй-бүлөлүк абалы, туулгандыгы, байлыгы, диний ишеними, саясий көз карашы, тили, ден соолугунун учурдагы же келечектеги абалы, майыптыгы, физикалык же генетикалык мүлкү боюнча тике же кыйыр басмырлоого тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алышкан.

Европа Биримдиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Европа Биримдикте  дискриминацияга каршы бир нече негизги директиваларды, расалык теңчилик, жумуштуулук боюнча, бирдей мамиле боюнча директивалар кабыл алынган. Бул директивалар Европа Биримдигинин бардык мүчө-өлкөлөрү үчүн иштеген. Бирок ар бир мүчө-мамлекет бул максаттарга жетүү үчүн атайын мыйзамдарды иштеп чыкканга  жооптуу болгон. Европа Биримдигине мүчө бардык мамлекеттери Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына мүчө мамлекеттер болуп саналат. Конвенциянын 14-беренесине ылайык, адамдарды  жынысы, расасы, өңү, тили, дини, саясий же башка көз карашы, улуттук же социалдык теги, улуттук азчылыкка кошулушу, мүлкү, туулгандыгы же башка белгилери боюнча басмырлоого тыюу салынган.[30]

Улуу Британия[оңдоо | булагын оңдоо]

Улуу Британияда 1960-жылы  расалык жана этникалык жактан басмырланган, турак жай, коомдук жайларда, жумушка орношууда гендердик дискриминацияга каршы мыйзамдар кабыл алыган. 1970-жылдары дискриминацияга каршы мыйзам кыйла кеңейтилген. 1970-жылы кабыл алынган «Бирдей эмгек акы» мыйзамына ылайык, аялдарга бирдей жумуш үчүн эркек кесиптешине салыштырмалуу аз төлөнүп жатканын көрсөтсө, жумуш берүүчүгө каршы иш козгоого уруксат берген. 1975-жылкы Жыныстык дискриминация мыйзамында жынысы боюнча түз жана кыйыр түрдө басмырлоого тыюу салган.[31]

1990-жылы майыптыктын негизинде басмырлоодон коргоо чаралары каралып,1995-жылы Майыптарды басмырлоого каршы мыйзамы киргизилген.

Америка Кошмо Штаттары[оңдоо | булагын оңдоо]

1964-жылы АКШ Жарандык укуктар жөнүндөгү акты кабыл алган. Ал жарандык укуктар актысында добуш берүү, билим берүү, жумушка орношуу жана коомдук жайларда расасына, өңүнө, динине, жынысына же улуттук тегине карата коргоону камсыз кылуу боюнча маселелер каралган.[32]

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б [[Category:Кыргызстандын тарыхы]

  1. discrimination, definition. Cambridge Dictionaries Online. Cambridge University.
  2. Wilhelm Heitmeyer, Kurt Salentin. Discrimination. Encyclopedia Britannica.
  3. 3.0 3.1 Anthony Giddens. Introduction to sociology. New York : W.W. Norton & Co., 2009— 7th ed. (англ.)
  4. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
  5. Вахромеева О.Б., Практика наследования для женщин в дореволюционной России https://cyberleninka.ru/article/n/praktika-nasledovaniya-dlya-zhenschin-v-dorevolyutsionnoy-rossii) (орус.)
  6. Короткова С.А. Движение женщин в США за право на образование и профессиональную деятельность во второй половине XIX вв. https://publications.hse.ru/mirror/pubs/share/folder/vbsbqsuj6n/direct/108692147.pdf (орус.)
  7. Ватиканда жарандык убактылуу. Чиркөөгө иштегендер гана Ватикан жараны боло алат жана эркек киши гана папа боло алат дагы аны кардиналдар шайлашат. Кардиналдар дагы өз кезегинде эркектер гана боло алышат.
  8. Inter-American Convention on the Granting of Political Rights to Women http://www.oas.org/juridico/english/treaties/a-44.html (англ.)
  9. БУУ расмий сайты. Всеобщая декларация прав человека https://www.un.org/ru/documents/decl_conv/declarations/declhr.shtml Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  10. Конвенция о политических правах женщин, 1954 // https://www.un.org/ru/documents/decl_conv/conventions/pdf/women. pdf (орус.) Кирүү күнү, бугу айынын 28, 2022.
  11. БУУ расмий сайты, The Convention on the Elimination of All Forms of Discrimination against Women (CEDAW), 1979https://www.un.org/womenwatch/daw/cedaw/cedaw.htm
  12. Е.Карповия, Н.Суюналиева, Отчёт о выявлении негативных стереотипов в отношении женщин и мужчин с инвалидностью и сельских женщин, 2018 (орус.)
  13. Токтом, 2018-жылдын 18-сентябры № 433http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/12630/10?cl=ky-kg&mode=tekst
  14. В Бишкеке обсудили интеграцию людей с инвалидностью на рынке труда. 2018 https://rus.azattyk.org/a/29310981.html (орус.)
  15. 28-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү жана квоталоо // http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/202329/40?cl=ky-kg&mode=tekst
  16. Л.Шевченко. Отчёт «Реализация прав ЛОВЗ на работу через активацию "спящих" норм закона" 2018 (орус.) https://soros.kg/wp-content/uploads/2018/12/Research-report_Shevchenko.pdf Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  17. A.Rizvi, J.Bell, ‘Western workers favoured in UAE’, survey respondents say https://www.thenationalnews.com/uae/western-workers-favoured-in-uae-survey-respondents-say-1.21895 (англ.) Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  18. K.Radia, D.Dwyer and E.Gorman, New Benefits for Mismo sexo Couples May Be Hard to Implement Abroad https://abcnews.go.com/Politics/story?id=7883204&page=1 2009
  19. D.Masci, E.Podrebarac Sciupac, M.Lipka, Same-Sex Marriage Around the World, 2019 https://www.pewresearch.org/religion/fact-sheet/gay-marriage-around-the-world/ (англ.) Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  20. Кыргыз Республикасынын конституциясы, 16-берене // Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.
  21. Резолюция, принятая Советом по правам человека 17/19 https://documents-dds-ny.un.org/doc/UNDOC/GEN/G11/148/78/PDF/G1114878.pdf?OpenElement (орус.)
  22. Б.Уланова, “Уулдуу болууну каалашкан ата-энелер”. Кыргызстандык кыздарга эмне үчүн ырымчыл аттарды коюшат? 2019. https://t-media.kg/2019/10/31/uulduu-boluunu-kaalashkan-ata-eneler-kyrgyzstandyk-kyzdarga-emne-ch-n-yrymchyl-attardy-koyushat/
  23. 23.0 23.1 New effort to ban religious hate http://news.bbc.co.uk/1/hi/uk_politics/4075442.stm 2005, Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  24. 24.0 24.1 К. Чекиров, Кыргызстанда орус тилинин макамы жөнүндө талкуу жандандыhttps://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan/2015/03/150325_russian 2015. Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  25. T.A. Judge, D.M. Cable, The Effect of Physical Height on Workplace Success and Income: Preliminary Test of a Theoretical Model // Journal of Applied Psychology, 2004 // Vol. 89, No. 3, DOI: 10.1037/0021-9010.89.3.428
  26. Fred. Reverse Discrimination: Dismantling the Myth. — Lynne Rienner Publishers. — Boulder, London, 2003. — 183 с.
  27. Джуринский А. Н. 2.3. Поликультурное воспитание в США и Канаде// Воспитание в России и за рубежом //http://window.edu.ru/resource/091/28091/files/prosv028.pdf Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  28. Международная конвенция о ликвидации всех форм расовой дискриминации, 1965 https://www.un.org/ru/documents/decl_conv/conventions/raceconv.shtml
  29. Disability Discrimination Act 1992, No. 135, 1992 https://www.legislation.gov.au/Details/C2017C00339 (англ.) Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  30. M.Bell (2008). "The Implementation of European Anti-Discrimination Directives: Converging towards a Common Model?". The Political Quarterly. 79 (1): 36–44. doi:10.1111/j.1467-923x.2008.00900.x. ISSN 0032-3179.
  31. https://www.legislation.gov.uk/uksi/1999/1102/regulation/2/made The Sex Discrimination (Gender Reassignment) Regulations 1999
  32. Civil Rights Act (1964) https://www.archives.gov/milestone-documents/civil-rights-act (англ.) Кирген күнү: бугу айынын 28, 2022.