Гендердик ролдор
Гендердик рол – адамдын жынысына таандык болгон жүрүм-турумдун кандай түрлөрү алгылыктуу, ылайыктуу же жагымдуу деп эсептелерин аныктоочу социалдык нормалардын комплекси.[1] Адамдын гендердик ролго ылайык келбеши – гендердик конформсуздук деп аталат. Ар кайсы маданияттарда гендердик ролдор айырмаланып турат, ошол эле учурда жалпыга таандык окшоштуктар дагы бар. Гендердик ролдор жана алардын түрлөрү кайсы деңгээлде биологиялык фактор менен аныкталат, кайсы деңгээлде коомчулук тараптан түзүлөт деген бирдиктүү көз караш жок. Жалпысынан гендердик ролдор биологиялык, когнитивдик жана социалдык факторлордун таасири астында өнүгүп жүрүп отурат.
Теориясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гендердин социалдык конструкциясы – бул коомдо гендердин жана гендердик ролдордун өкүм сүрүп жатканы жөнүндө социологиялык концепция.[2] Коом жана маданият гендердик ролдорду жаратат, анын уландысы катары бул ролдор конкреттүү жыныстагы адам үчүн идеалдуу же ылайыктуу жүрүм-турум катары бекитилет. “Эркек кандай болушу керек?” деген суроого конкреттүү бир маданияттын же коомдун берген жообу – социалдык конструктун негизи. Мисалы, көпчүлүк маданияттар эркек – үй-бүлөсүн финансылык жактан камсыз кылууга милдеттүү деп тааныйт. Башка маданияттарда, мисалы, тең укуктуулук көрсөткүчү жогору жана салттуу гендердик ролдор таасирин жоготуп бараткан коомдордо эркектин финансылык статусу, жөндөмү анчалык мааниге ээ болбошу мүмкүн. Айрым илимпоздор эркек менен аялдын ортосундагы жүрүм-турумдун айырмачылыгы социалдык шарттуулук гана дешет. Ал эми башкалар жүрүм-турумга ар кайсы деңгээлде көп тараптуу биологиялык факторлор таасир этет, ошондой эле социалдык гипотезалар жыныстык жүрүм-турумга олуттуу таасирин тийгизет деп бекемдешет.
Биологиялык факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эволюциялык психология – гендердик дифференциацияны тукум куучулук катары карайт.[3] Гендердик ролдордун тукум куучулуктан жаралышы сексуалдык өнөктөштү тандоо, репродуктивдик стратегия, ата-эненин тукум улоочулукка кошкон салымы жана эркектердин агрессивдүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу аркылуу анализделет. Бул көз караштан караганда, заманбап гендердик ролдор – адамдын ата-тегинин эркектер жана аялдардын репродуктивдик милдеттеринин айырмачылыктарына ийгиликтүү адаптациялануусунун натыйжасы. Эмпиристтик маалыматтар гендердик өнүгүүнүн биологиялык теориясынын негизги жоболорун четке кагат. Көптөгөн изилдөөчүлөр биологиялык-ориентацияланган изилдөөлөрдүн ыкмасын сындашат.[4] Анткен менен биологиялык теориялар популярдуу жана коомдо кеңири тараган.
Биологиялык детерминизм адамдын жана коомдун жашоосун толук бойдон биологиялык фактор аныктайт дейт.[5] Мисалы, назиктик – бул табияттан аялга таандык, же эмоционалдуулук – бул табияттан эркектерге жат нерсе деген көз караш. Гендердик ролдор үй-бүлөдө калыптана баштайт. Кыздар кичине кезинен: кыз деген назик, кыялкеч, алсыз, эмоционалдуу, сулуу, тыкан, камкор болушу керек деп тарбияланат.[4][6] Балдарды, тескерисинче, күчтүү, чечкиндүү жана чыдамкай болууга, ыйлабоого, эмоциясын жашырууга үйрөтүшөт. Балдар кызгылт түстүү кийим кийбеши керек, кыздар тапанча эмес, куурчак ойнойт деген нормалар... Күтүүнүн так ушул комплекси балдар менен кыздарда коомчулук “алгылыктуу”, “жагымдуу”, “ылайыктуу” деп тааныган гендердик ролдорду калыптандырат.
Гендердик ролдор жана маданият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Заманбап коомдо адамдарды 2 топко: эркектер жана аялдар деп бөлгөн бинардык гендердик систем үстөмдүк кылат.[7] Бул системге карата адамдын төрөлгөндөгү жынысы менен гендердик ролу, гендердик иденттүүлүгү жана сексуалдык ориентациясы шайкеш жүрүшү керек. Бирок антропологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай шайкештикти орнотуу дүйнө боюнча универсалдуу эмес: көптөгөн маданияттарда биологиялык, ошол эле анатомиялык жыныс гендердик ролдорду аныктоодо маанилүү ролду ээлебейт.[8] Түндүк америкалык айрым маданияттарда 3 же 4 гендер жана гендердик ролдор бар: алар үчүнчү жыныс, “эки жан дүйнөлүү адам”[9] же бердаштар деп белгилүү. Ал эми Батыш африкалык йоруба маданиятында гендер маанилүү социалдык категория эмес. Социалдык ролдор биринчи кезекте адамдын жаш курагына жана уруусуна карап аныкталат.[10] Атүгүл бири-бирине абдан жакын деген маданияттарда да гендердик ролдор айырмаланган учурлар бар. Мисалы, Батыштын орто класстагы катмарында 1950-жылдардан тарта аялдардын гендердик ролу – үй кожойкелик эле. Ушул эле коомдо үйдөн тышкары иштөө – жумушчу класстагы аялдар үчүн гендердик ролдун кадимки элементи болчу.[11]
Жалпылап караганда көпчүлүк патриархалдык маданияттарда гендердик ролдордун табияты окшош: аялдын негизги ролу – очок ээси болуу, тукум улоо жана бала тарбиялоо. Эркектин ролу – үй-бүлөнү коргоо, финансылык жактан камсыздоо. Эркектер күчтүү, чечкиндүү, агрессивдүү, бийлик жүргүзүүгө шыктуу, ал эми аялдар алсыз, бирөөгө таянып жашаган, сезимтал, назик жан деген элестетүү бекем орногон. Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин доценти Осауленко өзүнүн “Кадимки укуктагы мусулмандык диний нормалардын гендердик аспекттери” деген эмгегинде Исламдагы гендердик ролдогу айрым адилетсиз сезилген жагдайларга токтолот. “Исламда аялдын күйөөсүнүн көзүнө чөп салуусуна катуу тыюу салынары, мындай жорук үчүн аялга катаал жаза берилери эскертилет. Эркектер үчүн дагы ойноштук кылууга тыюу салынат, бирок бул үчүн эркектерге эч кандай жаза каралган эмес: башка бирөөнүн менчигине кол салуу катары гана каралат” дейт окумуштуу. Гендердик ролдор өзгөрүп жатканына карабастан кыз кандай учур болбосун бирөөгө (эркекке: атасына, агасына, инисине же досуна) таянышы керек, турмуштагы аял сыртта иштебей үйдө отурганы туура деген көз караш жоюла элек.
Медиада аялдарга сексуалдык объект жана үй кожойкеси катары, эркектерге башкаруучу катары басым жасалат. 2000-жылдары Россияда популярдуу 3 телеканалдын жарнамалык роликтерине анализ жүргүзүлдү. Жарнамада аялдар көбүнчө ырахаттануунун объектти катары (24,7 пайыз), үй-бүлөнүн очок ээси катары (17,3 пайыз), модель катары (16 пайыз), жубай катары (12,9 пайыз), эне катары (10,4 пайыз) жана 4 гана пайыз ишкер аялдын образы катары көрсөтүлгөн. Ал эми эркектер көбүнчө саясий ишмер жана жетекчи катары чагылдырылары аныкталган.
Гендердик ролдордун өзгөрүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Коомдун өзгөрүшү – гендердик ролдорду да өзгөртөт. 21-кылым жаңы үй-бүлө структуралары, билим берүү, массалык маалымат каражаттары жана башка көптөгөн факторлордон улам гендердик ролдордун кескин өзгөргөн убагы. Тарых бою жубайларга белгилүү бир коомдук функциялар жүктөлгөн. Аялдар үй иштери жана бала тарбиялоо менен алектенчү, эркектер болсо камсыздоочу ролун аткарчу. Бирок азыр ролдор өзгөрүүдө, заманбап аялдар жашоонун бардык чөйрөсүндө: саясатта, бизнесте, илимде, спортто, маданиятта ийгилик жаратып жатышат. Европада эркектердин жаңы төрөлгөн баласын кароо үчүн декреттик өргүүгө чыгышы бүгүн нормалдуу көрүнүш.[12] Бул коомдордо “үйдө бала багып отурган ата өзүн бактысыз сезбеши керек, ал эми карьера жасап ийгилик жаратып жаткан аял аялдык касиети жок же үй-бүлөсүн арткы планга калтырды деген жеме укпоого тийиш” деген идеология иштейт. Кыргызстанда аталардын декреттик өргүүгө чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы каралган, бирок бул практика көп учурда иш ордун жоготуп албоо үчүн колдонулуп келатканын белгилейт Клара Сооронкулова.[13] Чыгыш коомунда салттуу гендердик ролдор салыштырмалуу жай болсо дагы өзгөрүүгө учурап келатат. Аялдар көп бала төрөө жана үй иштери менен гана чектелүүнү улам четке сүрүүдө. Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлгөн аялдар укуктары үчүн марштар “Келин – кул эмес”, “Чай куюуга милдеттүү эмесмин”, “Кааласам төрөйм, каалабасам жок” деген ураандар менен коштолуп келатат. Бул маселеде кызыкчылыктардын тикелей карама-каршы чыкканын ачыктаган окуя Кыргызстанда 2022-жылы болду: Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова күрөштө Дүйнө чемпиону аталып, бүтүндөй республика сүйүнүп жаткан учурда белгилүү диний ишмер Өзүбек Чотонов спортчу кыздын денеге чапташкан формасы үчүн “уят” деп чыкты. Салттуу гендердик ролдор аялдын эле эмес, эркектин да өнүгүүсүнө тоскоол болууда дешет адистер. Эркек жакшы жумушта иштеши керек, көп акча табышы шарт, физикалык жактан күчтүү болууга тийиш деген түшүнүк бекем орноп калгандыктан бул нормаларга ылайык келбеген учурда көпчүлүк эркектер стресске кабылышат.[14] Мисалы, “үй-бүлөмдү татыктуу бага албай жатам” деген ой эзиши мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Levesque R.J.R. (2011) Sex Roles and Gender Roles. In: Levesque R.J.R. (eds) Encyclopedia of Adolescence. (англ.). Springer, New York, NY. ISBN 978-1-4419-1695-2.
- ↑ Lindsey, Linda L. The sociology of gender // Gender roles: a sociological perspective. (англ.). Boston: Pearson, 2015. — С. 4. — ISBN 9780205899685.. — «Гендер белгилүү бир социалдык контексттер аркылуу эркек жана аял менен байланышкан социалдык, маданий жана психологиялык сапаттарды билдирет. Секс бизди эркек же аял кылат; гендер бизди маскулиндик же фемининдик кылат. Жыныс - бул ыйгарылган статус, анткени адам аны менен төрөлөт, бирок гендер - жетишилген статус, анткени аны үйрөнүү керек.».
- ↑ Archer, J. Sex differences in social behavior: Are the social role and evolutionary explanations compatible? (англ.) // American Psychologist. — 1996. — № 51. — С. 909—917.
- ↑ 4.0 4.1 Bussey, K., Bandura, A. Social cognitive theory of gender development and differentiation (англ.) // Psychological review. — 1999. — Т. 106, № 4. — С. 676—713.
- ↑ "When Is Biology Destiny? Biological Determinism and Social Responsibility". Philosophy of Science. 70 (5): 1184–1194. doi:10.1086/377399. JSTOR 10.1086/377399.
- ↑ O'Reilly, P. The Impact of Sex-Role Stereotyping on Human Development (англ.). // Monograph. — 1988. — Т. 3, № 1.
- ↑ Rosenblum, Darren. 'Trapped' in Sing-Sing: Transgendered Prisoners Caught in the Gender Binarism (англ.) // Michigan Journal of Gender & Law. — 2000. — No. 6.
- ↑ Nanda, Serena. Gender Diversity: Crosscultural Variations. — Waveland Pr Inc, 1999. — ISBN 978-1577660743.
- ↑ Roscoe, Will. Changing Ones: Third and Fourth Genders in Native North America. Palgrave Macmillan, 1998 ISBN 0-312-22479-6
- ↑ Oyewumi, Oyeronke. Conceptualizing gender: the eurocentric foundations of feminist concepts and the challenge of African epistemologies (англ.). // Jenda: a Journal of Culture and African Woman Studies. — 2002. — Т. 2.
- ↑ B. Hooks. Rethinking the Nature of Work // Feminist Theory: From Margin to Center. (англ.). Pluto Press, 2000. — ISBN 9780745316635.
- ↑ Maternity and Paternity at work: Law and practice across the world Where do fathers get more leave? https://www.ilo.org/global/about-the-ilo/multimedia/maps-and-charts/WCMS_241699/lang--en/index.htm Кирүү күнү: бугу айынын 10, 2022.
- ↑ А. Касмалиева, Декретные отпуска среди мужчин-прокуроров набирают популярность (орус.). Чын куран дын 15, 2016 // Кирүү күнү бугу айынын 11, 2022.
- ↑ Алешина Ю.Е., Лекторская Е.В. (1989). Ролевой конфликт работающей женщины. Вопросы психологии (5), 80-88.