Гомосексуалдуулук

Гомосексуалдуулук (грек тилинен ὁμός — ошондой эле, окшош жана лат. sexus — жыныс) — адамдын өзү менен бир жыныстагы адамдарга эмоционалдык, сүйүү, романтикалык, эротикалык жана сексуалдык жактан умтулуусу. Гомосексуалдуулук кең мааниде - гетеросексуалдык ориентация (карама-каршы жыныстагы адамдарга умтулуу) жана бисексуалдык ориентация (карама-каршы жана өзү мен бир жыныстагы адамдарга умтулуу) менен бирге үч нормалдуу жыныстык ориентациялардын бири болуп саналат. Гомосексуалдуулук 1990-жылы 17-майда, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму тарабынан ЭОК-10 психикалык илдеттер топтомунан чыгарылган.
Гомосексуалдуулук жана коом[оңдоо | булагын оңдоо]
Коомдо гомосексуалдуулукту кабыл алуу боюнча пикир өлкө, регион жана экономикалык өнүгүү боюнча кескин айырмаланат.
Бул маселе боюнча сурамжылоо биринчи жолу Pew изилдөө борбору тарабынан 2002-жылы башталган. 2019-жылы, сурамжылоого катышкан көптөгөн өлкөлөрдө гомосексуалдуулукту кабыл алуунун өсүшү байкалган.
|
Сурамжылоого катышкан көптөгөн өлкөлөрдө адамдардын жаш курагы жана билим денгээли боюнча гомосексуалдуулукту кабыл алууда айырмачылыктар бар. Мындан тышкары, дин жана анын адамдардын жашоосундагы мааниси, көптөгөн өлкөлөрдө пикирлерди калыптандырат. Мисалы, кээ бир өлкөлөрдө, диний топ менен байланышы бар адамдар, эч бир диний топко кирбеген адамдарга караганда, гомосексуалдуулукту азыраак кабыл алышат.
Гомосексуалдуулукту кабыл алууда саясий идеология дагы роль ойнойт. Көпчүлүк өлкөлөрдө саясий оңчулдар гомосексуалдуулукту солчулдарга караганда азыраак кабыл алышат.
Бул маселеге болгон мамиле өлкөнүн өнүгүүсү менен да тыгыз байланышта. Мисалы, киши башына ички дүң өнүмү 50 000 доллардан ашкан Швеция, Нидерланддар жана Германияда, гомосексуалдуулук коом тарабынан кабыл алынышы керек деген көз карашты колдогон адамдардын саны жогору. Ал эми, киши башына ИДП 10 000 доллардан ашпаган Нигерия, Кения жана Орусияда, көпчүлүк гомосексуалдуулук коом тарабынан кабыл алынбашышы керек деп эсептейт.
Сурамжылоого катышкан 34 мамлекеттин 22синде, жаш адамдар, улуу адамдарга караганда, гомосексуалдуулук коом тарабынан кабыл алынышы керек деген көз карашты көбүрөөк колдошот.
Бул айырмачылык Түштүк Кореяда эң көп байкалган, анда 18ден 29 жашка чейинки адамдардын 79% гомосексуалдуулук коом тарабынан кабыл алынышы керек десе, 50 жаштан жогору курактагылардын 23% гана бул пикирге кошулат.
Сурамжылоого катышкан өлкөлөрдө, билим деңгээли жогору болгон адамдар, билим деңгээли төмөн адамдарга караганда, гомосексуалдуулук коомдо кабыл алынышы керек деп эсептешет.
Мисалы, Грекияда, орто билим алган адамдардын 42%, жана жогорку билим алгандардын 72% гомосексуалдуулук коом тарабынан кабыл алынышы керек деп эсептешет.
Дүйнөдөгү гомосексуал укуктары боюнча кырдаал[оңдоо | булагын оңдоо]
Гомосексуалдарга таандык адамдардын укуктары өлкөгө жараша айырмаланат - бир жыныстуу никелерди мыйзамдуу түрдө таануудан тартып, гомосексуалдуулук үчүн өлүм жазасына чейин.
2020-жылга карата, 29 өлкөдө бир жыныстуу никеге уруксат берген мыйзамдар кабыл алынган:
№ | Мамлекет | Дата |
---|---|---|
1 | ![]() |
1-апрель, 2001 |
2 | ![]() |
1-июнь, 2003 |
3 | ![]() |
3-июль, 2005 |
4 | ![]() |
20-июль, 2005 |
5 | ![]() |
30-ноябрь, 2006 |
6 | ![]() |
1-январь, 2009 |
7 | ![]() |
1-май, 2009 |
8 | ![]() |
5-июнь, 2010 |
9 | ![]() |
27-июнь, 2010 |
10 | ![]() |
22-июль, 2010 |
11 | ![]() |
15-июнь, 2012 |
12 | ![]() |
16-май, 2013 |
13 | ![]() |
18-май, 2013 |
14 | ![]() |
5-август, 2013 |
15 | ![]() |
19-август, 2013 |
16 | ![]() |
29-март, 2014 |
17 | ![]() |
1-январь, 2015 |
18 | ![]() |
26-июнь, 2015 |
19 | ![]() |
16-ноябрь, 2015 |
20 | ![]() |
28-апрель, 2016 |
21 | ![]() |
1-март, 2017 |
22 | ![]() |
1-сентябрь, 2017 |
23 | ![]() |
1-октябрь, 2017 |
24 | ![]() |
9-декабрь, 2017 |
25 | ![]() |
1-январь, 2019 |
26 | ![]() |
24-май, 2019 |
27 | ![]() |
8-июль, 2019 |
28 | ![]() |
26-май, 2020 |
Мексикада бир жыныстуу никелер айрым штаттарда мыйзамдуу деп таанылат.
Тескерисинче, айрым мамлекеттерде, гомосексуалдарга карата өлүм жазасы колдонулат, булар: Сауд Арабиясы, Иран жана ошондой эле, Ооганстан, Нигерия жана Сомалинин куралчан террористтер тарабынан басып алынган аймактары.
Ал эми Кыргызстанда гомосексуалдуулук 1998-жылдан бери мыйзамдуу болуп саналат, бирок бир жыныстуу никелер таанылбайт, жана гомосексуал адамдарды дискриминация жана зомбулуктан коргогон мыйзамдар жок.
Белгилүү гомосексуал жана бисексуал инсандар[оңдоо | булагын оңдоо]
• Оскар Уайлд (1854-1900) - атактуу англиялык жазуучу жана поэт.
• Алан Тьюринг (1912-1954) - англиялык математик, логик жана информатика илиминин өнүгүүсүнө зор салым кошкон криптограф.
• Иэн Маккеллен (1939) - британиялык актёр.
• Фредди Меркьюри (1946-1991) - британиялык ырчы, Queen рок-группасынын мүчөсү.
• Элтон Жон (1947) - британиялык ырчы, пианист жана композитор.
• Эллен Деженерес (1958) - америкалык актриса, комедиантка жана телеалыпбаруучу.
• Тим Кук (1960) - америкалык менеджер, Apple компаниясынын генералдык директору.
• Жорж Майкл (1963-2016) - британиялык ырчы, поэт жана композитор.
• Питер Тиль (1967) - америкалык бизнесмен, Paypal компаниясынын экс-директору.
• Дин Деблуа (1970) - канадалык режиссёр жана сценарист. "Лило жана Стич", "Ажыдаарды кантип үйрөтүү керек" мультфильмдеринин автору.
• Рики Мартин (1971) - пуэрто-риколук ырчы, актёр жана жазуучу.
• Жим Парсонс (1973) - америкалык актёр.
• Ксавье Беттель - (1973) - Люксембургдун премьер-министри.
• Ана Брнабич - (1975) - Сербиянын премьер-министри.
• Лео Варадкар - (1979) - Ирландиянын премьер-министри.
• Марк Фихили (1980) - ирландиялык ырчы, Westlife поп-группасынын мүчөсү.
• Адам Ламберт (1982) - америкалык ырчы.
• Руби Роуз (1986) - австралиялык актриса жана модель.
• Ксавье Долан (1989) - канадалык актёр жана продюсер.
• Кристен Стюарт (1990) - америкалык актриса.
• Кара Делевинь (1992) - британиялык актриса жана модель.
• Сэм Смит (1992) - британиялык ырчы.
• Брэндон Флинн (1993) - америкалык актёр.
• Коннор Жессап (1994) - канадалык актёр.
• Трой Сиван (1995) - австралиялык ырчы жана актёр.
Гомосексуалдуулук темасын чагылдырган кинотасмалар жана сериалдар[оңдоо | булагын оңдоо]
▪︎ "Prayers for Bobby", АКШ, 2009.
▪︎ "J'ai tué ma mère", Канада, 2009.
▪︎ "Hoje Eu Quero Voltar Sozinho", Бразилия, 2014.
▪︎ "Skam", Норвегия, 2015 - 2017.
▪︎ "Baisers cachés", Франция, 2016.
▪︎ "Handsome Devil", Ирландия, 2016.
▪︎ "13 Reasons Why", АКШ, 2017 - 2020.
▪︎ "Love, Simon", АКШ, 2018.
▪︎ "Élite", Испания, 2018 - ...
▪︎ "Boy Erased", АКШ, 2018.
▪︎ "Bohemian Rhapsody", АКШ, 2018.
▪︎ "And Then We Danced", Швеция,
Грузия,
Франция, 2019.
▪︎ "9-1-1: Lone Star", АКШ, 2020 - ...
▪︎ "Love, Victor", АКШ, 2020 - ...
Конверсиялык терапия[оңдоо | булагын оңдоо]
Конверсиялык терапия - адамдын гомосексуалдык же бисексуалдык ориентациясын гетеросексуалдык ориентацияга өзгөртүүгө аракет кылган жалган илим. Жыныстык ориентацияны өзгөртүү мүмкүн экендигине ишенимдүү далилдер жок. Медициналык жана психиатриялык уюмдардын көпчүлүгү конверсиялык терапиянын натыйжасыз жана адамдын психикасына коркунуч келтирээрин эскертишет. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө конверсиялык терапияга каршы мыйзамдар кабыл алынган.
Мындан тышкары, АКШнын, Канаданын жана Австралиянын бир нече аймактарында конверсиялык терапияга тыюу салган мыйзамдар кабыл алынган. |