Расизм
Расизм — адам расаларынын дене жана психикалык жактан бирдей эместиги жана ал айырма коомдук маданиятка, тарыхка таасир көрсөтөрүн, илгертиден адамдарды жогорку жана төмөнкү расага бөлүп келишкендиги, анын ичинде алдыңкылары цивилизация жаратуучулар болсо, ошондой эле табият аларды башкалардын үстүнөн башкара тургандай өзгөчөлүккө ээ кылып жаратса, экинчилери маданият түптөмөк тургай, аларды өздөштүрүүгө да кудурети жетпеген, эксплуатацияланууга гана жаралган жандар экендиги жөнүндөгү илимге каршы келүүчү реакциячыл мазмундагы концепциялардын жыйындысы. Француз Ж. А. Гобино 19-кылым орто ченинде алгачкы расисттик концепцияны алып чыгуу менен, арийлерди «жогорку раса» деп жарыялаган; бара-бара расизм социалдык дарвинизм, мальтузианство, евгеника менен эриш-аркак өнүккөн (Д. Хайтрафт, Б. Киндз Англиядан, Ж. Лапут Франциядан, Х. Вольтман, Х. Чемберлен, Аммон Германиядан). Расизм фашизмдин расмий идеологиясына айланган. Расизм учурда мамлекеттерде, сегрегацияларда, апартеидде, көпчүлүк мезгилде геноцидде расисттик дискриминацияларды актоо үчүн колдонулат. Расизмдин сионизмге да байланышы бар.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.