Сексизм

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Сексизм (лат.sexus - жыныс) – бул адамдарды жыныстык белгисине карап кемсинткен көрүнүштүн (сөз, жест, сүрөттөө, кыймыл-аракет) бардык түрү.[1] Белгилүү бир жыныстагы адамдарга, көбүнесе аялдарга карата антипатия же негативдүү мамиле. Бул көрүнүш адамдардын мамилеси менен гана чектелбейт, сексизм тилде, искусстводо, тарыхта, укукта жана саясий институттарда калыптанган жана эркектин үстөмдүк статусун чагылдырган салттык маданий нормаларда да кездешет.

Америкалык окумуштуулар Питер Глик жана Сьюзан Фиске сексизмдин үч түрүн белгилешет.[2] Душмандык сексизм – адамды жыныстык белгиси боюнча агрессивдүү түрдө басынтуу. Мисалы, эркектерге караганда аялдардын акылы төмөн деген сөздү карасак болот. Ак ниеттүү сексизм аялдын алсыздыгын жана назиктигин аяр жана жагымдуу сүрөттөө менен эркектин үстөмдүккө ээ экенин белгилейт. Ички сексизм – адамдын жыныстык белгисине карап өзүн-өзү же өз жынысындагы адамдарды дискриминациялашы. Мисалы, ички сексизмге ыктаган аялдар үй-бүлөнүн ордуна карьераны башкы планга койгон аялдарды сындашат, же тескерисинче. 

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сексизм термини 1960-жылдары – феминизмдин “экинчи толкуну” тушунда АКШда феминисттер тарабынан колдонууга киргизилген.[3] Феминисттик теориянын жана гендердик изилдөөлөрдүн алкагында иштелип чыккан сексизм түшүнүгү убакыттын өтүшү менен социалдык жана гуманитардык илимдерде кеңири жайыла баштаган. Социалдык илимдерде сексизм патриархатты жактаган идеология жана тажрыйбалардын комплекстүү системин түшүндүрөт.[4]

Гендердик стереотиптер[оңдоо | булагын оңдоо]

Гендердик стереотиптер – эркек менен аялга таандык же таандык болушу керек деген кеңири жайылган көз караштар, мүнөздөмөлөр же алдын ала бекитилген милдеттер.[5] Гендердик стереотиптер адамдардын жөндөмдүүлүгүн, инсандык өнүгүүгө умтулуусун, жашоодо маанилүү тандоо кылуусун чектеген учурда абдан зыяндуу көрүнүш катары бааланат. Мындай стереотиптер душмандык (мисалы, аялдар табияттан акылы аз) же жакшы ниет менен (аялдар назик жана камкор) болгонуна карабай баары бир теңсиздикти жаратат. Балага кам көрүү көбүнчө жалаң аялдар тарабынан аткарылып жатканын мисал кылууга болот. Гендердик стереотиптер гендердик теңсиздикти актаган милдетти да аткарат, мисалы, аялдар жумшак мүнөздүү болушу керек деп алардын агрессивдүүлүгүн жана чечкиндүүлүгүн сындоо – жумуш ордунда аялды дискриминациялоо менен алардын карьералык жолунда “айнек шып” жаратат деп эсептелет.[6]

Тилдеги сексизм[оңдоо | булагын оңдоо]

Тил маалыматты сактоонун жана маалымат алмашуунун каражаты болуу менен айрым түшүнүктөрдү түшүнүүдө мурунку муундардын тажрыйбасын сактайт. Коомдук аң-сезимдин маанилүү компоненттери болгон гендердик лингвистика изилдеген «феминдик» (аялдык) жана «маскулиндик» (эркектик) түшүнүктөрү кайсы маданиятта болбосун, кайсы тилде болбосун бар. Алар дүйнөнүн сүрөтүнүн түшүнүктөрү катары ар кандай жолдор менен чагылдырылат.[7] Батыш өлкөлөрүндө эркек нормасы универсалдуу деп эсептелген сүйлөө салттарын кайра карап чыгууну талап кылган феминисттик лингвистика деген концепция 1970-жылдары пайда болгон.[8] Феминитивдерди активдүү колдонгон жана пропагандалаган адамдар тил аң-сезимге таасир этет, демек тилдеги өзгөрүүлөр коомдогу теңсиздиктин жоюлушуна да таасирин тийгизет деп эсептешет.[8]

Лингвистикалык сексизм – адамды жыныстык белгисине карап кемсинткен тилдик түзүмдүн абалын чагылдырат. Мисалы кытай тилинде 女 (аял) ачкычы менен бир канча сөздөрдүн мааниси адеп-ахлак нормаларына карама-каршы же мүнөздүн терс сапаттарын көрсөткөн сөздөр. Сөз жасоонун бул ыкмасы аркылуу тилде аялды кемсинткен мамиле бекемделип, анын социалдык абалынын төмөндүгүнө көрсөтүлөт.[9] Корей тилинде болсо аялды кемсинтүү иретинде колдонулган 된장녀  деген сөз кездешет, сөзмө-сөз “кыз өзүнүн пастасы менен...” деп которулат. Бул эң зарыл болгон каражаттардан акча үнөмдөгөн аялдарга карата айтылат.[10]

Орус тилинде кесиптердин көбү эркек роддо (жыныс) колдонулат, ал эми аялдарды кесиптик ишмердүүлүктө белгилөө үчүн феминитивдерди колдонуу өтө чектелген, анткени алар оозеки мүнөзгө жана белгилүү бир стилистикалык түскө ээ.[11] Мисалы "врач" сөзү эркек роддо, анын аял роду "врачиха" кемсинтүүчү мааниде колдонулат.

Кыргыз тили түрк тилдер группласындагы башка тилдердей эле грамматикалык род категориясы жок. “Ал” сөзү эркектерге дагы, аялдарга дагы тиешелүү. Ошого байланыштуу башка, мисалы орус тилинде болгон көйгөйлөрдөн алыс. Эгерде орус тилинде кесиптердин аталыштары көпчүлүк учурда эркектик жана аялдык формага ээ болсо, кыргыз тилинде алар гендердик айырмачылыкка ээ эмес: мугалим, дарыгер, депутат. Кээ бир башка тилдерден алынган сөздөрдө гана гендердик жактан дифференциацияланган, мисалы медайым. Бирок ошол эле убакта лингвисттик сексизм бул тилдерде дагы бар. 2021-жылы өткөн жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандык грек-рим балбандары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы тууралуу жаңылыктарда жана социалдык тармактарда аларга "эркек" аныктамасы колдолунуп жатты. Ал тургай коомдук жана мамлекеттик кызматтардагы адамдар дагы бул түр сөздөрдү колдонуудан баш тартышкан жок. Мисалы АКШдагы экс-элчи Кадыр Токтогулов твиттерде "Кыргызстанда эки эле эркек бар, Айсулуу жана Валентина" деп жазган. Бул "эркек" сөзүн колдонуу кемсинтүүчү эмес экенин көрсөтөт. Ошол эле убакытта тескери багытта, эркек кишини "аял" деп атоо кемсинтүүчү болуп эсептелинет.

Билим берүүдөгү сексизм[оңдоо | булагын оңдоо]

Мугалимдин окуучу кыздарга жана балдарга дискриминациялык ыкмада кайрылышы, окутуудагы, окуу куралдарындагы калыптанган стереотиптер, жаштардын келбетине жана сексуалдуулугуна карата комментарийлерге жазанын жоктугу жана башка жагдайлар – билим берүүдөгү сексизмдин элементтери.[1] Улуу Британияда 16-18 жаштагы кыздар арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын 66 пайызы мектепте сексисттик аракетке кабылганын же андай көрүнүштүн күбөсү болгонун айтышты.[1]

Адеп китебиндеги "Гүлайым" ыры Кыргызстандагы окуу китептериндеги сексизмге көңүл бурду.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бүткүл дүйнө боюнча башталгыч мектеп окуу китептеринде аялдар стереотиптик ролдордо сүрөттөлөт же аларга көңүл бурулбайт жана бул мектептердеги гендердик дисбалансты күчөтөт. Гаитидеги башталгыч класстын окуучусунан окуучулар апалар "балдарга кам көрүп, тамак жасап", аталар "офисте" иштешерин үйрөнүшөт. Ошондой эле пакистандык окуу китебинде авторитеттүү жана таасирдүү саясатчылардын баары эркек. Түркияда сүрөттөгү бала дарыгер болууну кыялданса, кыз өзүн үйлөнүү үлпөт көйнөгүн кийген болочок келин катары элестетет. Бул тизме чексиз - географиялык чектери жок.[12]

Кыргызстанда билим берүү системинде бир катар көйгөйлөр бар, алар: инклюзия, толеранттуулук жана гендердик теңчилик темасы боюнча мугалимдердин компетенттүүлүгүнүн жетишсиздиги; окуу материалдарында стереотиптердин жана толерантсыз билдирүүлөрдүн камтылышы; жана бул маселелер боюнча мугалимдердин методикалык тажрыйбасынын жетишсиздиги. Бул көйгөйлөрдүн квинтэссенциясы 2018-жылы жараандык активисттердин жана коомчулуктун көңүлүн бурган 3-класстардын окуган "Адеп" китебиндеги "Гүлайым" ыры.

"Гүлайым" ырынан үзүндү

Жөн басса да канетмек,

Жөөлөйт чыккан жигитти

Ийрелендейт мүчөсү,

Мүлжөгөндөй жиликти.

Сексисттик климат окуучулардын жана студенттердин окууда ийгиликке жетишүүсүнө таасир этет жана алардын кесип тандоосун чектейт дешет эксперттер. Ошондуктан окуу программасын кайрадан карап чыгып, окуу куралдарынан сексисттик материалдарды алып таштоо, анын ордуна искусстводогу, саясаттагы, илимдеги аялдар тууралуу маалыматтарды кошуу зарыл деген пикирлер айтылып келет.        

Кесиптик сексизм[оңдоо | булагын оңдоо]

Эркектер менен аялдардын эмгек маянасынын расмий жалпы дүйнөлүк айырмасы 23% түзөт: артыкчылык эркектердин пайдасында.[13] БУУнун эсептөөлөрү боюнча, азыркыдай ыргакта эмгек акы төлөөнүн ортосундагы глобалдык гендердик айырмачылыкты жоюуга дагы 70 жыл керектелет. Дүйнөлүк банк тарабынан жарыяланган “Аялдар, бизнес жана мыйзам – 2021” докладындагы маалыматтарга таянсак, дүйнөнүн 90 өлкөсү аялдар менен эркектердин бирдей эмгек акысы жөнүндө мыйзамдарды кабыл алышты.

Кыргыз Республикасында бардык аймактар боюнча аялдар эркектерге караганда орто эсеп менен 25% аз эмгек акы алышат.[14]

Human Rights channel’дин маалыматы боюнча, аял-журналисттердин 63% оозеки шылдыңдоого кабылышат.[15] 80 пайыз аялдар жумушта мэнсплейнингге кабыларын айтышты. Европада жаңылыктар сюжетинин жана маалымат булагынын 75% эркектер болушат. Францияда сурамжылоого катышкан жаш аялдардын 50 пайызы аял болгону үчүн жакында эле алар адилетсиздикке жана кемсинтүүгө кабылышканын билдиришти.[15] Изилдөөлөргө ылайык Сербияда аялдардын 76% бизнесте эркектердей олуттуу кабыл алышпайт. Парламентке шайланган аялдардын 58% социалдык түйүндөрдө сексисттик чабуулга кабыларын да изилдөөлөр көрсөттү.[15]

Айнек шып[оңдоо | булагын оңдоо]

1970-жылдары аялдардын кызматтык тепкичтен көтөрүлүшүндөгү тоскоолдуктарга карата “Айнек шып” деген термин пайда болгон.[13] Бул термин аялдардын жогорку кызматка жетүүсүнө тоскоолдук жараткан “көрүнбөс” комлексти түшүндүрөт. Изилдөөлөр бирдей мүмкүнчүлүктөр шартында аялдар дагы деле жогорку жетекчилик кызматтарга аз дайындаларын көрсөтүүдө. Конкреттүү көзгө көрүнөрлүк барьердин жоктугунан улам тоскоолдукту реалдуу баалоо жана аны айланып өтүүгө кыйын. Терминди ойлоп тапкан Мэрилин Лоден мындай тоскоолдукту “айнек шыпка” салыштырган. Бул тоскоолдуктар жазылбаган эрежелер, каада-салт, жүрүм-турум нормалары, аялдардын жана эркектердин ролу тууралуу эски жана терең тамыры бар элестетүү болушу мүмкүн.[16]

Социологияда “жабышчаак пол” деген да термин колдонулат. Бул – аялдар кызматтык иерархия боюнча баштапкы позициясында көпкө (эркектерге салыштырмалуу) кармалып калуусу. Эркектер кызматтык тепкичтен ыкчам көтөрүлүшөт.

"Айнек эскалатор" – аялдар артыкчылыкка ээ кесипте эркектердин кызматтык тепкичтен аялдардан бат көтөрүлүшү.[17] Эркектер кызматтан жогорулоо процессинде “көрүнбөс” эскалаторго чыгып аялдарды ашып өтүп, бийикке чыгып кетишин туюнтат.[18]

Төрөт[оңдоо | булагын оңдоо]

Аялдар менен эркектердин ортосундагы экономикалык теңсиздик бала төрөө менен да байланыштуу. Төрөткө байланышкан өргүү, балдарды бала бакчага берүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу аялдарды өзүнө “ыңгайлуураак” кесип тандоого түртөт деп айтылат.[19]

Энелердин жумушка алынышы, жумушта компетенттүү катары кабыл алынышы же ошол эле квалификациядагы эркек кесиптештери сыяктуу эле көп айлык алуу ыктымалдыгы азыраак. Социологиялык изилдөөлөргө караганда “энелик жаза” жана “аталык бонус”  ата-эне болуу жөнүндөгү эскирген түшүнүктөрдөн келип чыгат. Көпчүлүк жумуш берүүчүлөр аталар энелерге караганда туруктуураак жана ишеничтүүрөөк кызматкер болушат деп эсептешет. Профессор Мишель Бадиг наристенин пайда болушу менен эркектердин кирешеси 6 пайызга өсөт, аялдардын кирешеси 4 пайызга азаят деген жыйынтыкка келген.[20] Анткени аялдар бала кароо менен жумушту айкалыштыруу үчүн мезгилдик иштерди же аз төлөнүүчү иштерди тандашат. Бирок негизги себеп бул жумуш берүүчүлөрдүн эркек-жумушчу үй-бүлөсүн багүү максатында көп иштейт, ал эми аялдар жумуштан алагды болот деп эсептешкенинде дейт Бадиг.            

Кызгылт жакалуу жумушчу[оңдоо | булагын оңдоо]

Кызгылт жакалуу жумушчу – тейлөө тармагында же салттуу түрдө аял иши деп кабыл алынган тармактарда иштеген адамдар, мисалы, медайымдар, багуучулар,официанттар, катчылар, сатуучулар жана башка тейлөө тармагында иштеген кызматкерлер. Бул жумуштарда эркектер да, азыраак болсо да, иштейт. Тейлөө секторундагы жумуш ак жакалуу же көк жакалуу жумушка караганда кыйла азыраак төлөнүшү мүмкүн. Бул дагы аялдар менен эркектердин кирешесиндеши айырманын себептеринин бири.

STEM’деги аялдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Техайым фондунун директору Мадина Самакбаева 11-октябрь кыздар күнүндө Нарын облусунун кыздары үчүн тренинг өткөрүүдө.

STEM – Илим (science), Технология (technology), Инженердик иш (engineering) жана Математика (mathematics) дегенди түшүндүрөт. STEM тармагында, айрыкча жогорку квалификациялык жумуш орундарында аялдардын үлүшү төмөн бойдон калууда.[21] Гендердик айырмачылык жогорку билим берүү деңгээлинен тартып эле башталууда: ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча STEM тармагынын алкагында илим изилдеген студенттер (аялдар) 35 гана пайызды түзөт. Жапониянын автоунаа өндүрүшү кызматкерлеринин профсоюздар конфедерациясы (JAW) инженерлерди кайра жумушка алуудагы гендердик айырмачылык 50x50 көрсөткүчүн түзбөй жатканын, буга технологиялык факультеттерде студент кыздар 15 пайызды түзүп жатканын белгилейт.

Европада орто жана жогорку технологиялык өндүрүштө эркектер үстөмдүк кылууда: окумуштуу жана инженерлердин 83 пайызы эркектер. 2016-жылы Австралияда инженерлердин 12,4 пайызын гана, Канадада 13 пайызын гана, АКШда 2017-жылы 16,2 пайызын гана аялдар түзгөн.[21]

2019-жылы “STEM’деги аялдар” темасына арналган IndustriALL Женева конференциясынын презентациясында швециялык Unionen профсоюзу аялдар эмне үчүн STEM тармагы боюнча билим алууну ЖОЖду бүтпөстөн таштап салары боюнча бир нече факторлорду атады. Алардын бири - окутуучулар жана студенттер тарабынан жасалган сексизм. IndustriALL сексизмге, зордук-зомбулукка, опузалоого, мунун ичинде STEM тармагындагы аталган көрүнүштөргө чекит коюу үчүн өзүнүн мүчөлүк уюмдарын “190 конвенциясы жашоону өзгөртө алат” кампаниясына кошулууга чакырат.

Укуктук адилеттүүлүк жана жоболор[оңдоо | булагын оңдоо]

Жумушка орно­­­­шууда гендердик айырмачылык дагы деле бир катар көйгөйлөрдү жаратууда. Алардын бирилери – жумушчу орундардын саны жана сапаты, эмгек акынын өлчөмү, социалдык коргоонун деңгээли жаатындагы маселелер.[22] Жумушсуздук жаш аялдар арасында актуалдуу. Аялдар төлөнбөгөн эмгек жана кам көрүү тармагында артыкчылыкка ээ бойдон калууда. Гендердик теңдикке жетүү үчүн аялдын эмгеги татыктуу бааланбаган айырмачылыкты үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү иштерин кайра башынан бөлүштүрүү аркылуу жоюу керек дешет адистер.

Эл аралык эмгек уюму 2 негизги конвенцияга таянып дискриминация менен күрөшүүдө алдынкы катарда жүрөт: 1951-жылы кабыл алынган эркектер менен аялдарды бирдей эмгек үчүн бирдей сыйлоо жөнүндө конвенция жана 1958-жылы кабыл алынган эмгек жана иш менен алектенүү тармагындагы дискриминация жөнүндө конвенция.[23]

Сексуалдык объективдештирүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жарнактардагы сексуалдык объективдештирүү көрсөтүлгөн аялдардын сатылып жаткан объектиге эч кандай тиешеси жок болгондо пайда болот. Бул жерде, моделдер унаанын аккумуляторунун брендин жарнамалап жатышат.

Сексуалдык объективдештирүү – кимдир бирөөгө инсан катары эмес, сексуалдык объект же сексуалдык канааттануунун куралы катары кароо жана мамиле кылуу.[24] Илимде көптөгөн эмгектер арналып изилденген объективдештирүү теориясына[25] ылайык, аял эркектин муктаждыгын канааттандырган сексуалдык объектке айланат. Анын денеси толугу менен же анын бир бөлүгү эркектин каалоосунун физикалык объекти катары аялдын жеке сапаттарынан өзүнчө кабыл алынат. Мисалы, жарнамаланган товардын фону катары аялдын көкүрөк аймагы “кызмат кылган” көрүнүш көп кездешет. Феминисттер сексуалдык объективдештирүүнү аялдын инсандык жана интеллектуалдык жөндөмүнө, анын коомдо ээлеген ордуна кол шилтөө, көз жумуу деп бааланат.[26] Феминисттик терияда салтуу коомдун феномени жакшы чечмеленип жазылат: аял өзүн толук кандуу субъект сезет, бирок айланасында ал нерсе эч кимди өзгөчө кызыктырбайт, башкысы – анын көкүрөгүнүн өлчөмү.[27]  

Модадагы сексизм[оңдоо | булагын оңдоо]

Түстүү моделдер ак терилүү кыздарга салыштырмалуу подиумга аз чыгышат, кара терилүү дизайнерлер Vogue Runway тартуулаган бардык бренддердин болгону 1 пайызын түзөт.[28] Бирок Financial Times мода тармагында “тескери сексизмди” белгилейт: эркектик образды жаратуучулар канчалык аракет кылбасын, баары бир аялдык образ эффекттүү көрүнөт.[29] Америкалык дизайнер Майкл Корс эркек-моделдерди өзүнүн моделин (аялды) коштоп жүрүүчү гана деп атаса, германиялык модельер Карл Лагерфельд тескерисинче, эркек модель дефиленин тең укуктуу катышуучусу дейт.

Америкалык Glamour журналы өз иликтөөсүндө аныктады: дүйнөлүк мода бренддеринин 14 пайызында гана аялдар башкы аткаруучу директор (СЕО) болушат. Бул мода продукттарынын негизги кардарлары аялдар экенин эске алгандагы көрүнүш. Аталган журналдын сурамжылоосуна катышкан 535 аялдын баары кызматтан көтөрүлүүнү суранышканын, эгер компанияга вице-президент дайындоо маселеси жаралса эркектерде мүмкүнчүлүк көбүрөөк болорун айтышты.    

Үй-бүлөдөгү сексизм[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда гендердик теңчилик формалдуу мүнөзгө ээ, аялдардын укугу коомдук жана тиричиликтик деңгээлде басмырланган бойдон калууда.[30] Үй-тиричилик сексизм балдардын ойногон оюнчуктарынан баштап (кыздар кызгылт куурчак, балдар көгүлтүр машине), жеңелердин аткарган кызматтарына чейин жашоонун бүткүл сфераларына сиңип кетти. Кыргыз коомунда жайылган калың төлөө, ала качуу, шейшеп текшерүү салттары сексизмдин кооптуу көрүнүштөрү.

Колдонулган маалымат булактары[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. 1.0 1.1 1.2 2019-жылы Европа Кеңешинин сексизмди алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча рекомендациясы (англ.) // https://rm.coe.int/cm-rec-2019-1-on-preventing-and-combating-sexism/168094d894 Кирүү күнү: бугу айынын 27, 2022.
  2. Шевченко, З. В. (Уклад.). (2016). Словник ґендерних термінів. Черкаси: видавець Чабаненко Ю. (орус.) // http://a-z-gender.net/seksizm.html Кирүү күнү: бугу айынын 27, 2022.
  3. Masequesmay, Gina. Sexism // Encyclopedia of Gender and Society / O'Brien, Jody (ed.). — SAGE, 2008. — 1032 p. — ISBN 9781452266022
  4. Andersen, Margaret L., and Howard F. Taylor. Sociology: Understanding a Diverse Society, 2007. (англ.) — ISBN 9780495007425. 316 бет: «Sexism is an ideology, but it is also a set of institutionalized practices and beliefs through which women are controlled because of the significance given to differences between the sexes».
  5. Gender stereotyping, OHCHR and women’s human rights and gender equality (fyuk/) // https://www.ohchr.org/ru/women/gender-stereotyping Кирүү күнү: бугу айынын 27, 2022.
  6. Heilman, M. Description and Prescription: How Gender Stereotypes Prevent Women’s Ascent Up the Organizational Ladder // Journal of Social Issues. (англ.) — 2001. — Т. 57, № 4. — С. 657–674.
  7. Концепты "феминность" и "маскулинность" в языках различных типов. Р. М. Мукашева (орус.) // https://cyberleninka.ru/article/n/kontsepty-femininnost-i-maskulinnost-v-yazykah-razlichnyh-tipov
  8. 8.0 8.1 ФИЛОЛОГИЯ И КУЛЬТУРА. PHILOLOGY AND CULTURE. 2017. №4(50) УДК 811.161.1 СПЕЦИФИКА ФЕМИНИТИВОВ В СОВРЕМЕННОМ РУССКОМ МЕДИАПРОСТРАНСТВЕ © Регина Гузаерова, Вера Косова
  9. Ван Минь, Гендерные исследования в Китайской лингвистике // Вестник Пермского университета, 4(36), 2016 // doi 10.17072/2037-6681-2016-4-49-57
  10. Молдир Мухит, Осторожно: сексизм. Как в разных языках и культурах отражаются гендерные установки, 2021 (орус.).
  11. Самойленко Н.С., Стекленева А.А. (2019) Актуальные вопросы современной филологии и журналистики (орус.) // 2 (33), стр 126—131.
  12. В. Перассо, "Детей будущего нельзя учить по книгам из прошлого" 2017. (орус.)
  13. 13.0 13.1 Разрыв в оплате труда между мужчинами и женщинами. //Женщины в экономике. Обзор международной и Российской повестки. март 2021.
  14. Улуттук Статистикалык комитетинин сайты.http://www.stat.kg/ru/gendernaya-statistika/zanyatost-i-bezrabotica/zarabotnaya-plata/
  15. 15.0 15.1 15.2 Recommendation CM/Rec(2019)1 on preventing and combating sexism. https://www.coe.int/en/web/genderequality/combating-and-preventing-sexism (англ.)
  16. Federal Glass Ceiling Commission. Solid Investments: Making Full Use of the Nation's Human Capital. U.S. Department of Labor, November 1995, бет 13-15.
  17. Jenna Goudreau. A New Obstacle For Professional Women: The Glass Escalator. 2017 (англ.)
  18. Половая дискриминация http://encyklopediaap.uw.edu.pl/index.php/Dyskryminacja_ze_wzgl%C4%99du_na_p%C5%82e%C4%87/ru (орус.) Кирүү күнү: бугу айынын 27, 2022.
  19. А. Савина, «Она же уйдёт в декрет»: Почему женщинам платят меньше и как это исправить. 2017. (орус.)
  20. J. Budig, The Motherhood Penalty vs. the Fatherhood Bonus 2014, (англ.)
  21. 21.0 21.1 Armelle Seby, Women in STEM: a challenge for trade unions 2020. (англ.)
  22. Report ILO. Women at Work Trends. Geneva : ILO, 2016. 
  23. C100 - Equal Remuneration Convention, 1951 (No. 100) https://www.ilo.org/dyn/normlex/en/f?p=NORMLEXPUB:12100:0::NO::P12100_Ilo_Code:C100
  24. Bartky, Sandra Lee. Femininity and Domination: Studies in the Phenomenology of Oppression (англ.). — Routledge, 1990. — P. 26. — ISBN 0-415-90186-3.
  25. Fredrickson B. L., Roberts T.-A. Objectification theory: Toward understanding women‘s lived experiences and mental health risks // Psychology of Women Quarterly. 1997. Vol. 21, № 2. P. 173—206.
  26. LeMoncheck, Linda. Loose Women, Lecherous Men: A Feminist Philosophy of Sex (англ.). — Oxford University Press, 1997. — P. 133. — ISBN 978-0-19-510556-8.
  27. О. Страховская, Что такое сексуальная объективация и чем она опасна? 2014. (орус.)
  28. Янина Борисовна, Александра Даруга, «Когда ты ставишь мужчину рядом с женщиной, все смотрят на женщину»: обратный сексизм мира моды. 2016.
  29. Jo Ellison, Fashion, the rare field in which women will always outshine the men 2016, (англ.)
  30. Н. Токтоназарова, Сексизм в кыргызском обществе. “Азаттык”  2017 (орус.)