Төрөт

Wikipedia дан
Киндиги кесиле элек жаңы төрөлгөн наристе

Төрөткош бойлуулукту аяктатуучу татаал физиологиялык процесс.

Төрөт тууралуу[оңдоо]

Физиология төрөт 280 күн (10 акушерлик, 9 календарлык ай) өткөндөн кийин болот. Бул мезгилде ичтеги бала сырткы тиричиликке жөндөмдүү болуп калат. Төрөт кош бойлуулук сыяктуу эле аялдын бүт организминин кызматы болуп эсептелет. Төрөткө эки жума калганда анын алгачкы белгилери байкала баштайт: жатындын түбү алдыга карай жылып, ич ылдыйлайт, организмден суюктук көп бөлүнгөндүктөн, аялдын салмагы азаят; жатын катууланат. Төрөткө бир аз күн калганда жатын кынынан коюу, көбүнчө кан аралашкан илээшкек суюктук бөлүнөт, бел, сан, ичтин төмөн жагы ооруйт. Төрөттүн белгилерин байкаганда аял коркпой, сак болушу керек. Кээ бир аялдарда төрөт белгиси байкалганда эле каканак суусу ага башташы мүмкүн. Бул учурда аялды төрөт үйүнө жаткырбаса, каканак суусу менен баланын колу же киндиги жатын кынына чыгып калуу коркунучу туулат. Каканак суусунун агышы жатынга инфекциянын киришине шарт түзөт. Каканак суусу эрте агып калганда бала тумчугуп калышы мүмкүн.

Төрөттүн башталышы[оңдоо]

Төрөт толгоодон башталат. Адегенде толгоо анча оорутпайт, аялдын анча деле тынчын албайт. Бара-бара толгоо күчөп, 5—6 мин. сайын кайталанып, 30—40 сек. созулат. Бала чыга турган жол кичине жамбаш сөөгү, жатын моюнчасы, жатын кыны, жамбаш булчуңдарынан туруп, бир аз ийилген түтүк формасында болот. Анын туурасы 13 см, узуну 11 см болуп, баланын башы оңой өтүшүнө шарт түзүлөт. Эгерде мындан кичине болуп калган учурда акушерлик операция жасоого туура келет (Кесарь кесүү). Биринчи төрөгөндөрдө төрөт 15—24 саат, көп төрөгөндөрдө 10—12 саатка созулат. Төрөттүн узактыгы аялдын жашына (жашы өтүп калганда аял биринчи жолу төрөп жатса, ал көпкө созулат), баланын чоңдугуна, жамбаш сөөгүнүн көлөмүнө, жатындын жыйрылышына жараша болот.

Төрөттүн бөлүнүшү[оңдоо]

Төрөттүн жүрүү схемасы: а — төрөткө чейинки жатын; 6 — толгоо башталып, жатын кыны ачылган мезгил; в — каканак жарылып, баланын башынын чыга башташы; 1— жатындагы бала; 2 — жатын моюнчасы; 3— көтөн чучук; 4— жатын кыны; 5— табарсык; 6— жатын капталы.

Төрөт 3 мезгилге (жатын моюнчасынын чоюлушу жана ачылышы, баланы түртүп чыгаруу жана баланын тонунун түшүшү) бөлүнөт.

Биринчи мезгили[оңдоо]

Жатын моюнчасынын чоюлушу жана ачылуу мезгили биринчи толгоодон башталат. Бул учурда жатын жыйрылып, кичиреет, баланы төмөн түртүп, аны каптап турган каканак жатын кынына кире баштайт. Анын натыйжасында жатын кыны кыскарып, ачыла баштайт; биринчи мезгилдин аягында каканак жарылып, каканак суусу агат. Кээ бир учурда каканагы жарылбай төрөлөт. Мында баланын өмүрүнө коркунуч туулат, себеби каканак тумчуктуруп дем ала албай калат, ошондуктан тезинен каканакты жарып жиберүү керек.

Экинчи мезгили[оңдоо]

Жатын кынынын ачылышы жана каканак суусунун кетиши жатын булчуңунун баланы түртүп чыгышына түрткү берип, төрөттүн экинчи мезгили башталат. Бул учурда бат-бат болгон толгоону ич челинин жана боор эт булчуңдарынын жыйрылуусу коштойт. Бул мезгилде аял ыйына баштайт, бала төрөт жолу менен ылдый жылат. Баланын бети төрөт жолунда оңду же солду карап жылып отуруп, чыгарда эненин куймулчагын карап түшөт. Бала түшкөнү калганда аял акушерканын айтканындай туура ыйынса, төрөт жолунун жумшак тканынын айрылышын алдын алат. Баланын башынан кийин денеси чыгат да, төрөттүн экинчи мезгили аяктайт. Бул мезгил биринчи төрөгөндөрдө 1,5—2 саат, көп төрөгөндөрдө 30 минутадан 1 саатка чейин созулат. Баланын тону менен биригип турган киндигин (Кош бойлуулук) кесет жана байлайт. Бала төрөлөрү менен ыйлап, дем ала баштайт.

Үчүнчү мезгили[оңдоо]

Бала түшкөндөн кийин төрөттүн үчүнчү мезгили (тондун түшүшү) башталат. Орто эсеп менен 30 минутада баланын тону жатын капталынан ажырап түшөт. Баланын тону түшкөн учурда бир аз кан агат (250 млче). Баланын тонунун толук түшкөнүн врач карап көрөт, эгерде кичине калып калса, кан агууга алып келет. Үчүнчү мезгил менен төрөт аяктап, төрөттөн кийинки мезгил башталат.

Төрөттөн кийинки мезгил[оңдоо]

Төрөгөндөн кийин 2 саат аял төрөт бөлмөсүндө жатып, врач жана акушерканын көзөмөлүндө болот. Бул учурда өмүргө коркунуч туудуруучу кан агуусу мүмкүн. Эки сааттан кийин төрөгөн аялды палатага которот.
Ымыркайды таразага тартуу, денесин ченеп, былжырдан тазалоо, киндигин дарылоо атайын комнатада жүргүзүлүп, андан кийин ымыркайлар бөлмөсүнө которулат.

Төрөткө даярдоо[оңдоо]

Төрөткө даярдоо аялдар консультациясында башталат. Ал жерде аялды текшерет, төрөт мөөнөтүн коюп, психикалык жактан даярдайт. Төрөткө 6—8 жума калганда аял врач өткөргөн 5—6 сабакка катышат. Төрөткө психикалык даярдоодо аялдар төрөт физиологиялык процесс экенин, кандай сезим болорун, төрөттүн айрым мезгилдеринде аялдын эмне кылышын, нормалдуу физиологиялык төрөттө оору сөзсүз болорун түшүндүрүү керек. Сабак өткөргөн врач төрөттөгү ооруну кантип басаңдатууну үйрөтөт.
Азыркы убакта төрөттүн оорусун психикалык басаңдатуу менен бирге ар кандай медициналык каражаттар колдонулууда. Төрөткө көп энергия сарпталат. Ошондуктан аялга тамак (сорпо, суюк ботко, кофе, кисель, жемиш жана башкалар) берүү керек.

Төрөткө жардам берүү[оңдоо]

Төрөткө жардам берүү — кош бойлуу кезде, төрөт маалында жана төрөттөн кийинки мезгилде аялдын ден соолугун сактоого багытталган дарылоо жана алдын алуу чараларын уюштуруу. Ал эне менен баланы коргоонун негизги бөлүгү. Гинекологиялык ооруларды, кабылдаган кош бойлуулукту убагында стационарга жаткырып дарылайт, кош бойлуу кезде, төрөттөн кийинки мезгилде жана ымыркайды багуунун гигиеналык эрежелери боюнча санитария агартуу иши жүргүзүлөт. Мындан сырткары тукум куума оорулардын алдын алуу жана дарылоо боюнча да медицина-генетикалык консультация берилет.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8