Түйүлдүк

Википедия дан
Киши түйүлдүгүнүн 8ден 16 жумага чейинки өөрчүшүнүн схемалык көрсөтүлүшү: 1—8 жумалык; 2—9 жумалык; 3—10 жумалык; 4—11 жумалык; 5—16 жумалык түйүлдүк.
Адамдын жатындан тышкары бүткөн бир айлык эмбриону.

Түйүлдүк (эмбрион байыркы грек тилинен ἔμβρυον — "каптын ичинде"))— эненин денесинде органдары жана системалары пайда болуп жаңыдан өөрчүй баштаган организм.
Ал эне денесинде уруктангандан баштап төрөлгөнгө чейин өөрчүйт. Түйүлдүктүн бардык тиричилиги эненин жашоосу менен байланыштуу. Түйүлдүк жатындын ички бетинде убактылуу пайда болгон орган — плацента же баланын тону аркылуу дем алат, тамактанат, керексиз иштелген заттардан тазаланат. Түйүлдүктүн өөрчүшү 10 айча же 40 жумача созулат. Бир айлык түйүлдүк жатындын ички бетине бекип, баланын тону пайда боло баштайт. Экинчи айдын аягында түйүлдүктүн башы, денеси пайда болуп, көзү, мурду жана оозу даана көрүнүп, уз. 3 смге жетет. Кийинки ар бир айда түйүлдүк 5—6 см узарып олтурат. Төрт айында түйүлдүктүн жынысы даана билинип, дем ала баштайт. Беш айлык түйүлдүк кыймылдоого жөндөмдүү болуп, жүрөгүнүн соккону даана угулуп турат. Териси түк менен капталып, анын астында май катмары өөрчүйт. Алты айда түйүлдүктүн бардык ички органдары өөрчүйт. Жети айлык түйүлдүктүн тырмагы начар өөрчүп, кыз баланын сырткы жыныс органдары тери менен жабылбай, эркек баланын жыныс бездери калтасына түшө элек болот. Сегиз айынан баштап түйүлдүк өз бетинче жашап кете алат, себеби бардык органдарынын кызматы жетишерлик жетилген болот. Териси кызгылт тартып, бырышы тарайт, түгү ийнинде жана жонунда сакталат, чачынын уз. 2 см, тырмагы, кашы, кирпиктери жакшы өөрчүп, кыймылы тың, катуу кыйкырып ыйлоого жөндөмдүү болот. Эркек балдардын жыныс бези калтасына түшүп, кыз балдардын сырткы жыныс органдары тери катмары менен жымыйып жабылып турат. Кээде түйүлдүк убагында төрөлбөй 41—42 жума өөрчүп, салмагы 4—5 кгга жетип төрөлөт.

Түйүлдүктүн өөрчүү процессин бузуучулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Боюнда бар аялдын иретсиз жана сапатсыз тамактанышы, жугуштуу оору менен оорушу, ичкилик ичип, тамеки тартып, өз билгениндей дарыларды колдонуусу түйүлдүктүн өөрчүү процессин бузат. Өзгөчө 2—3 айлык — түйүлдүктүн плацента пайда болгон учурунда, 3—4 айлык — органдары өөрчүй баштаган мезгилинде, 5—6 айлык — мээнин иштөөсү, кан клеткалары жана рефлекстер пайда боло баштаган кезде түйүлдүк аябай сезгич келет. Ушул убакта эне ар кандай ыңгайсыз шартка дуушар болсо, түйүлдүк тубаса оорулуу болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан эненин салматтыгын сактоо менен болочок баланын ден соолугу үчүн кам көрүлөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8