Жатындан тышкары бойго бүтүү

Википедия дан
Жатындан сырткары бойго бүтуүнүн ар кандай варианттарынын схемалык көрсөтүлүшү: 1 — энелик безде; 2— жатын түтүгүндө; 3— ич көңдөйүндө; 4— жатын көңдөйүндө туура бойго бүтүү (салыштыруу үчүн).

Жатындан тышкары бойго бүтүүтүйүлдүктүн даатындын сыртында өөрчүшү.

Себеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ага аялдардын жыныс мүчөлөрүнүн, көбүнчө жатын түтүгүнүн сезгенүү оорулары себеп болот. Сезгенүүнүн натыйжасында жатын түтүгүнүн өзгөрүүлөрү (жабышып, ийилип калышы жана башка) уруктанган энелик клетканын жатынга түшүшүнө тоскоолдук кылат, ал жатын түтүгүндө, энелик безде, ич көңдөйдө өөрчүй баштайт. Жатын түтүгүндө бойго бүтүү көп кездешет. Кээде жыныс органдардын өөрчүп жетилбей калышынан (инфантилизм), ошондой эле бойго бүтүүдөн сактанууда зыяндуу ыкмаларды колдонуудан, мисалы, жатын былжырын йод эритмеси менен сүртүү, баланы бир жаштан ашканга чейин эмизүү (жатын түтүгүнүн кыймыл активдүүлүгүн начарлатат) жана башка себеп болот.

Белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул учурда этек кир кечигип, кийинчерээк жыныс кынынан киргилденген кан келет. Кандын иретсиз келүүсү көпкө созулат. Ичтин төмөн жагы катуу ооруп, ал кетип, баш айланып, эстен танат, кан басымы төмөндөйт, канда эритроцит, гемоглобин азаят. Мындай белгилер байкалары менен врачка кайрылуу керек.

Дарылануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өз алдынча дарыланууга болбойт. Аны дарылоонун жалгыз жолу — өз убагында жасалган операция. Операциядан кийин жатындан тышкары бойго бүтүүнү болтурбоо үчүн врачтын көзөмөлүндө болуп, дарылануу зарыл. Дарылануу учурунда бойго бүтүүдөн сактанып, операциядан 1 — 2 жылдан кийин гана врач менен кеңешип бойго болтурууга болот. Жатындан тышкары бойго бүтүүнү алдын алууда аялдар өздүк (Өздүк гигиена аялдардын) жана жыныстык гигиенаны сактоосу, ошондой эле дайыма текшерилип, жыныс органдарынын оорусун өз убагында аныктап, дарылануу чоң мааниге ээ болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8