Баланын тону

Википедия дан
Баланын тону

Баланын тону (плацента) — түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде эне менен баланын организмдеринин ортосундагы байланышты жана зат алмашууну ишке ашыра турган орган. Кош бойлуулуктун 3 айынын аяк ченинде түйүлдүктүн түктүү катмары менен жатын капталынын биригип өсүшүнөн пайда болот. Айына жеткен баланын тону жалпак диск сымал бала ордунан, түйүлдүк кабынан жана киндик чылбырынан турат.

Баланын тону аркылуу киндик чылбыры менен энеден түйүлдүккө азык заттар жана кычкылтек келет, ал эми зат алмашуу продуктулары чыгарылат. Анда витамин жана ферменттер болуп, гормондор жана медиаторлор синтезделип, эне организминин кош бойлуулукка көнүшүнө түрткү берет. Эне организминен келүүчү кээ бир тескери таасирди кармап физиологиялык тосмонун кызматын да аткарат. Ал эми эне организмине тескери таасир этпеген кээ бир химиялык заттарды (дарыларды) кармай албай өткөрүп жиберет (ал заттар түйүлдүккө тескери таасир берет). Анын кызматынын бузулушу ара төрөө, талгак сыяктуу кабылдоого алып келет. Баланын тону бала төрөлгөндөн кийин жатындан бөлүнүп түшөт, к. Кош бойлуулук.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8