Мээрим Жуманазарова
Мээрим Жуманазарова | |
![]() Жапониянын борбору Токио шаарында өткөн 2020 жайкы Олимпиада оюндарынын 68 кг чейинки аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча коло медалды сыйлоо аземинде | |
Жеке маалыматы | |
---|---|
Жынысы |
Аял |
Толук аты-жөнү |
Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна |
Жарандыгы | |
Чеберчилиги |
Эркин күрөш |
Төрөлгөн датасы | |
Төрөлгөн жери | |
Бою |
167 |
Салмагы |
69 кг |
Спорттук чини |
Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери |
| |
Meerim Zhumanazarova |
Мээрим Жуманазарова (төр. 9-ноябрь 1999, Бакай-Ата району, Талас облусу, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу, эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону (2021), Дүйнө кубогунун ээси(2020), Токиодого олимпиаданын коло медаль ээси(2020), Азиянын чемпиону(2021) жана Азия оюндарынын медалчысы[1]. Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]
Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров 1955-жылы туулган, эркин күрөш боюнча машыктыруучу. Апасы Айнура Чолпонкулова 1971-жылы туулган, кесиби фельдшер-лаборант. Мээрим — сегиз бир туугандын төртүнчүсү.2005-2014-жылы туулуп өскөн айылындагы Токтогул Чогушев атындагы орто мектепте окуган; 2014-2016-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжинде билим алган; 2017-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 1-курсунун студенти
Карьерасы[оңдоо | булагын оңдоо]
- 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
- 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
- 2016-жылы Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль;
- 2017-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
- 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль;
- 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль.
Эскермелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ Иван МАРЧЕНКО. Грозная на ковре и добрая вне его. Как Мээрим Жуманазарова покоряет мир борьбы (орус.). 24.kg (31 -август (баш оона) 2019). Текшерилген күнү 4 -сентябрь (аяк оона) 2019.
Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- Мээрим Жуманазарова — International Wrestling Database сайтындагы профили (англ.)