Азия оюндары

Википедия дан

Азия оюндары — эл аралык олимпиялык комитеттин колдоосунда өтүүчү Азия өлкөлөрүнүн комплекстүү ири спорт мелдештери. 1949-ж. Делиде Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын конференциясында Азия оюндарынын федерациясы (АОФ) түзүлүп, уставы кабыл алынган. Ал 4 жылда бир жолу өткөрүлөт (Олимпиялык оюндардан 2 жыл өткөндөн кийин). АОФтун максаты: спорт оюндарын уюштуруу, өткөрүү, спорт аркылуу Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту бекемдөө. АОФго Афганстан, Бангладеш, Бирма, Индия, Индонезия, Ирак, Иран, Камбоджа, КЭР, Кувейт, Лаос, Ливан, Малайзия, Непал, Пакистан, Сингапур, Сирия, Таиланд, Түркия, Филиппин, Шри-Ланка, Япония ж. б. өлкөлөрдүн Улуттук Олимпиялык комитеттери мүчө. Ага 1994-жылдан Борбордук Азия өлкөлөрү да кошулуп, АОФ мүчөсү 43төн ашты (1996). Азия оюндарынын программасына жеңил атлетика менен сууда сүзүү спортунун түрлөрү сөзсүз киргизилет. Андан башка уюштуруу комитетинин ыктыяры боюнча спорттун 8ден кем эмес түрү белгиленет. Биринчи Азия оюндары 1951-ж. Делиде өткөрүлгөн. Анын программасына жеңил атлетика, велосипед спорту, баскетбол жана оордукту көтөрүү боюнча мелдештер кирип, 11 өлкө катышкан. Экинчиси 1954-ж. Манилада (Филиппин), үчүнчүсү 1958-ж. Токиодо өткөн. Андан кийинкилери 1962-ж. Жакартада (Индонезия), 1966-ж. Бангкокто (Таиланд), 1970-ж. Токиодо (Япония), 1974-ж. Тегеранда (Иран), 1978-ж. Бангкокто 1982-ж. Нью-Делиде, 1986-ж Сеулда, 1990-ж. Пекинде өткөрүлгөн. 1994-ж. Хиросимада өткөрүлгөн, он экинчи Азия оюндарына КРнын курама командасы 1- жолу катышып 23-орунду ээлеп, 4 күмүш жана 5 коло медалга ээ болгон. 1998-ж. Бангокто (Таиланд) өткөрүлгөн Азия оюндарына Кыргызстандын курама командасы 3 күмүш, 3 коло медалга ээ болгон. 2002ж. Азия оюндары Пуссан (Түштүк Корея) шаарында өткөрүлүп, Кыргызстан курама командасы 2 алтын, 4 күмүш, 6 коло медалды жеңип алган. 1990-жылдан Азия оюндарынын кышкы түрү өткөрүлө баштаган. 2003-ж. 29 өлкөнүн спортчулары катышкан 5-кышкы Азия оюндары Японияда өткөн.

2010-ж. Кытайдын Гуанджоу шаарында 16-Азия оюндары өтүп, ага КРнын 145 спортчусу катышып, 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло медаль жеңген. Грек-рим күрөшүнөн Д.Көбөнов алтын медаль тагынуу менен кыргыз жигиттеринен алгачкы ирет Азия оюндарынын чемпиону аталган.

Грек-рим күрөшүнөн К.Жолчубеков менен велоспортчу Е. Ваккер күмүш байге уткан. Үчүнчү орунду ээлегендер: грек-рим күрөшүнөн Ж.Кенжеев менен кайык айдоочу А.Пароль болгон.

2014- ж. Түштүк Кореянын Инчхон шаарын- да 17 - Азия оюндары болуп, КРнын спортчулары 2 күмүш, 4 коло байгеге ээ болушкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Макешов Кабыл. Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. Экинчи бас. – Б.: Турар, 2015. – 448 б. ISBN 978-9967-15-445-2