Гендердик дискриминация

Википедия дан

Гендердик дискриминация – бул адамды жынысына же гендерине карата басмырлоо; ыдык көрсөтүү, кош бойлуулукка карап дискриминациялоо, аялдарды жумушка албоо же эмгек акысын азыраак төлөө сыяктуу көптөгөн формадагы жарандык укуктардын бузулушу.[1]Адатта, дискриминация белгилүү бир өзгөчөлүктөрү менен адамдарды жактырбоо же кастык сезимдеринен улам, бул өзгөчөлүгү бар адамдарга башкаларга караганда жаман мамиле кылууну камтыйт.[2] Эл аралык укуктун көз карашы боюнча дискриминация адамдарга жынысы, расасы, жашы, улуту, дини, этникалык таандыгы же саясий көз карашы боюнча адилетсиз мамиле катары түшүнүлөт.[2] Гендердик дискриминация стереотиптер жана гендердик ролдордон улам бир жыныстын башкасына караганада жогору турат деген ишенимди камтышы мүмкүн.[3] Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенцияда (CEDAW) "аялдарга карата дискриминациянын аныктамасы (1-берене, CEDAW, 1979-ж.):

«аялдардын үй-бүлөлүк абалына карабастан, эркектер менен аялдардын, жана саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же башка чөйрөдөгү негизги эркиндиктердин тең укуктуулугунун негизинде, адам укуктарын таанууга, пайдалануусуна же жүзөгө ашыруусуна зыян келтирүүчү же жокко чыгаруучу натыйжага же максаттарга ээ болгон жынысына жараша жасалган ар кандай айырмалоо, четтетүү же чектөө»

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кесиптик дискриминация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кесиптик сексизм жумуш ордунда болгон адамдын жынысына негизделген дискриминациялык практикаларды же аракеттерди билдирет. Уюмда эркектер менен аялдар бирдей кызматты ээлегени менен, алардын кирешеси, бийлиги жана кадыр-баркы бирдей эмес бөлүштүрүлөт.[4] Гендердик дискриминация дагы деле уланып жаткан көрүнүш экенин, эмгек акыдагы болгон гендердик ажырым көрсөтүп турат. Негизинен, аялдар жумуш жеринде төмөнүрөөк кызматтарды ээлейт, азыраак айлык алышат, жумушта азыраак мүмкүнчүлүктөргө ээ (кошумча окууларга баруу, кесиптик тажрыйба алмашуу, промоушен) жана жумуштан оңоюраак бошотуулат.[5]

Кесиптик сексизмдин бир түрү - эмгек акыга карата дискриминация. 2008-жылы Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму (OECD[en]) аялдардын жумушка орношуу деңгээли өсүп, жумуштуулук жана эмгек акы боюнча гендердик айырмачылыктар дээрлик бардык жерде кыскарганына карабастан, аялдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү дагы эле 20% аз экенин жана айлык акы эркектерге караганда 17% аз алаарын аныктаган.[6]

Аялдар эркектерге караганда үй чарбасында көбүрөөк, ал эми эмгек рыногунда азыраак иштешет. Убакыттын өтүшү менен жөнгө салынбаган ажырым азайып баратса да, аялдар дагы эле орточо эсеп менен эркектерге караганда бир кыйла аз айлык алышат. Мисалы, Blau and Kahn[7] аялдар менен эркектердин эмгек акысынын жөнгө салынбаган катышы 1980-жылдагы 62,1% дан 2010-жылы АКШда 79,3% га чейин көбөйгөнүн көрсөтүп турат.[8]

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда жогорку жана саясий кызматтарды аз ээлейт. 2021-жыл.

[9]

Кесиптик дискриминациянын көрүнүштөрү:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эмгек акы боюнча дискриминация;
  • Жыныстын негизде карьералык тепкич боюнча көтөрбөө;
  • Ыдык көрсөтүү;
  • Кесиптерди жыныска карата бөлүштүрүү. Мисалы аз акы төлөнүүчү жумуштар же кам көрүү, окутуучу жумуштар "аялдардын иши" же кооптуу, жооптуу же жетектөөчү жумуштар "эркектердин иши" деген ишеним;
  • Пенсия курагындагы диспропорция.

Изилдөө көрсөткөндөй, эркектердин 80 пайызы жана аялдардын 90 пайызы иш жеринде гендердик дискриминация кездешет деп эсептешет.[10] Гендердик дискриминация көптөгөн өлкөлөрдө бардык кызматкерлерге бирдей мамиле кылуу мыйзамын бузса да, сексуалдык теңсиздик дагы эле жумуш ордунда кеңири таралган көрүнүш бойдон калууда.[5]

Саясатта дискриминация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 30% квота ченеми болгонуна карабастан, аял-депутаттардын саны 30% эч качан жеткен эмес.

Саясий катышуу жана өкмөттө өкүлчүлүк чөйрөсүндө гендердик дискриминацияны аялдардын жана эркектердин ээлеген кызматтарын салыштырып байкаса болот[11]. 2020-жылы шайлоо өткөргөн 47 өлкөнүн маалыматтарына негизделген анализге карата, аялдар дүйнөдөгү улуттук парламенттердин 25,8%ын гана түзөт[12]. Аялдар шайлоочулардын арасында да, шайланган кызматкерлердин жана саясий лидерлердин арасында да аз көрсөтүлүп келет. Мунун себептеринин арасында[13], дискриминациялык мыйзамдарды, практикаларды жана мамилелерди жана гендердик стереотиптерди, билимге жана саламаттыкты сактоого жетүү кыйынчылыгын, ошондой эле аялдардын жакырчылыгын атаса болот[14].

Европарламенттеги аялдарга карата сексизм, куугунтук жана зордук-зомбулук боюнча изилдөө «гендердик зомбулук аялдардын жашоосунун бардык катмарларына таасирин тийгизет» деп белгилейт. Саясат дүйнөсү да четте калган жок...сексизм, сексуалдык асылуу жана зордук-зомбулук... көбүнчө аялдардын саясатка катышуусу үчүн төлөшү керек болгон баа катары кабыл алынат», жана буга байланыштуу «аялдарга карата сексизмди жана зомбулукту жоюуга багытталган саясий, мыйзамдык жана башка чараларды күчөтүү маанилүү[15]

Кыргызстанда Аялдар менен эркектердин өкүлчүлүгүндө мамлекеттик бийликтин бардык бутактарында жана чечимдерди кабыл алуунун бардык тармактарында дисбаланс байкалат. Эң көп саясий позициялардын деңгээлинде көрүнүп турат, мында аялдардын үлүшү 2021-жылдын 1-январына карата 24,3%ды гана түзгөн. Административдик кызматтардын деңгээлинде аялдардын үлүшү 39,9%ды түзөт[9].

Эң Жогорку өкүлчүлүктүү орган - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде эркек депутаттар ар дайым көп болуп келген, ал эми кээ бир мезгилдерде (2005-жылдагы шайлоодо) аял депутаттар таптакыр болгон эмес. 2021-жылы өткөрүлгөн сурамжылоодо Кыргызстандык аял депутаттар (жергиликтүү жана Жогорку Кеңеш депутаттары) саясатта дискриминациянын болушун тастыкташкан. Бул экономикалык дискриминация, психологиялык басым жана сексуалдык асылуу[16].

Илимде дискриминация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кесепеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Dr. Anita Sharma. "Gender Discrimination". Central Asian Journal of Literature, Philosophy and Culture Volume: 03 (Issue: 08 Aug 2022). ISSN 2660-6828. https://cajlpc.centralasianstudies.org. 
  2. 2.0 2.1 Obodo, C.A. (2020). Gender-Related Discrimination. In: Leal Filho, W., Azul, A., Brandli, L., Özuyar, P., Wall, T. (eds) Reduced Inequalities. Encyclopedia of the UN Sustainable Development Goals. Springer, Cham. https://doi.org/10.1007/978-3-319-71060-0_38-1
  3. Witt, Jon (2017). SOC 2018 (5th ed.). New York: McGraw-Hill Education. ISBN 9781259702723.
  4. Britton, D. M. (2017). Beyond the chilly climate: The salience of gender in women’s academic careers. Gender and Society, 31(1), 5-27. https://doi.org/10.1177/0891243216681494
  5. 5.0 5.1 Chiung-Hui Huang , Women’s Gender Discrimination Difference in Workplace (англ.) Online published: Mar. 31, 2022 doi:10.5296/ijhrs.v12i2.19539 Текшерилген күн: 13.04.2023.
  6. OECD. OECD Employment Outlook—2008 Edition Summary in English. OECD, Paris, 2008, p. 3-4.
  7. Blau, F. D., and L. M. Kahn (2007): “The Gender Pay Gap - Have Women Gone as Far as They Can?,” Academy of Management Perspectives, 21, 7–23.
  8. Ulrike Neyer, Daniel Stempel, Macroeconomic Effects of Gender Discrimination (англ.) Аяк оона, 2019. Текшерилген күн, 13.04.2023.
  9. 9.0 9.1 Женщины и мужчины Кыргызской Республики: 2016-2020. С. 69.
  10. Woods, R. H., & Kavanaugh, R. R. (1994). Gender discrimination and sexual harassment as experienced by hospitality-industry managers. Cornell Hotel & Restaurant Administration Quarterly, 35(1), 16-21. https://doi.org/10.1016/0010-8804(94)90059-0
  11. Newman, David M. The Architecture of Inequality: Sex and Gender (англ.) // Sociology: Exploring the Architecture of Everyday Life, Brief Edition. — Pine Forge Press, 2009. — ISBN 9781412966696.
  12. ipu.org. Women in Parliament 2022. Annual Review. Текшерилген күн: 27.04.2023.
  13. UN Women. Women’s leadership and political participation (англ.). Текшерилген күн: 27.04.2023.
  14. БУУ Генералдык Ассамблеясы. Женщины и участие в политической жизни. Резолюция, принятая Генеральной Ассамблеей 19 декабрь, 2011.
  15. coe.int. Парламенты без сексизма и сексуальных домогательств. Текшерилген күн: 27.04.2023.
  16. Кочорбаева З., Пригода Н., Исланбекова Б., Тюлегенов М, Насилие в отношении женщин в политике Кыргызской Республики: результаты исследования Текшерилген күн: 27.04.2023.