Гендер

Википедия дан

Гендер (англ. gender, лат. genus “жыныс”) — аялдардын жана эркектердин социалдык жүрүм-турумун жана алардын өз ара мамилесин аныктаган коомдо маданий жактан шартталган мүнөздөмөлөрдүн комплекси.[1] Гендер социалдык процесстерди түшүнүүнүн куралы да болуп саналат. Тагыраагы, социализациянын белгилүү системасы, эмгектин бөлүштүрүлүшү, коомдо кабыл алынган маданий нормалар, ролдор жана стереотиптер аркылуу  түзүлөт. Контекстке жараша, бул жыныска негизделген социалдык структураларды (мисалы, гендердик ролдорду) жана гендердик иденттүүлүктү камтышы мүмкүн.[2]

Гендердик белгилер. Кызыл белги - аял жана Чолпон планетасынын символун, көк белги эркек Марс планетасынын символун билдирет.

Түшүнүктүн тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гендер – социалдык жыныс. Англис тилинде жыныс социалдык (“gender”) жана биологиялык (“sex”) түшүнүктөр менен чектелет. Биринчи жолу бул сөздү америкалык сексолог Джон Мани[en] 1955-жылы трансгендер жана интерсекс адамдарды изилдөөгө арналган эмгектеринде биологиялык жыныс менен социалдык ролду терминологиялык жактан айырмалоо үчүн колдонгон.

1960-жылдары анын мааниси сексологияда жана психоанализде эркек менен аялдын социалдык ролдорун сүрөттөө үчүн колдонула баштады, Алекс Комфорт[en] (1964) гендердик ролдордун эрте жашта үйрөнүлгөнү жөнүндө жазган. Төрт жылдан кийин Роберт Столлер[en] «Жыныс жана гендер» (1968) деген эмгегинде жыныс биологиялык жактан аныкталса, гендердик иденттүүлүк психологиялык жана социалдык таасирлердин продуктусу деп ырастады. Чынында эле, гендердик иденттүүлүк жана биологиялык жыныс окшош болбошу мүмкүн, мисалы, трансгендер адамдардыкындай.[3]

"Гендер" түшүнүгүнүн кеңири таралышы феминисттик кыймылдын жана феминисттик теориянын өнүгүшүнүн аркасында 1970-жылдардын башында гана башталган. Феминисттик теоретиктер жыныстык айырмачылыктарды коомдо «эркек» же «аял» деп эсептелген жүрүм-турум жана сапаттардан бөлүү үчүн аналитикалык категория катары «гендер» түшүнүгүн колдонушкан.[4]

“Гендер” (gender) деген термин биринчи жолу 1972-жылы англис лексикасында биологиялык жыныстан (sex) социалдык жынысты айырмалоо үчүн колдонулган, 1995-жылы эл аралык статус алган.[5]

Айрым учурда “гендер” түшүнүгү “жыныс” түшүнүгү менен маанилеш келет деген туура эмес. Маселен, адамдын генетикалык жактан берилген анатомиялык-физиологиялык белгилеринин топтомун билдирген биологиялык жыныстан (англ. sex) айырмаланып, гендер конкреттүү социомаданий контекстте белгилүү бир тарыхый мезгилде калыптанып, убакыт менен мейкиндикке жараша өзгөрүлүп турат.

Гендердик иденттүүлүк жана гендердик ролдор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сан-Диего аэропортундагы гендер-нейтралдуу даараткана белгиси

Гендердик иденттүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гендердик иденттүүлүк – тигил же бул жыныстын өкүлдөрүнүн жүрүм-туруму жана сапаттары жөнүндөгү социалдык-маданий стереотиптер менен байланышкан, башкача айтканда, эркек, аял же башка категориянын өкүлү катары адамдын өзүн ички кабылдоосу.

Гендердик иденттүүлүк, гендердик роль жана сексуалдык ориентация деген терминдерди киргизген, гендердик иденттүүлүк теориясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, сексолог Джон Мани гендердик иденттүүлүктү калыптандырууга гендердик коомдук түзүлүштөрдүн таасири жөнүндө теорияларды жарыялаган.[6]

Бүгүнкү күндө гендердик иденттүүлүктүн калыптанышында кайсы факторлор, биологиялык же социалдык, үстөмдүк кылары тууралуу талаш-тартыштар дагы деле жүрүп келатат.[7] Айрым изилдөөлөрдө биологиялык, тактап айтканда, генетикалык жана гормоналдык факторлор таасир этет десе,[8] айрымдарында социалдык чөйрө жана тарбия негизги ролду ойнойт деп айтылат.[9]

Гендердик иденттүүлүк айрым учурда биологиялык жыныс менен дал келбейт. Тагыраагы, биологиялык жынысы гендердик иденттүүлүгү менен дал келген адамдар – цисгендер, ал эми дал келбегендер – трансгендер деп аталат.

Биологиялык жынысы менен гендердик иденттүүлүгү дал келбеген адамдарга карата гендердик иденттүүлүгүн өзгөртүүгө жана гендердик шайкештикке жетишүүгө багытталган репаративдик же конверсиялык терапия колдонулуп келген, кээде дагы эле колдонулуп келет. Мындай ыкмалардын эффективдүүлүгү илимий жактан тастыкталган эмес, бул башка нерселер менен катар алардын жактоочулары тарабынан да таанылган.[10] Ошол эле учурда мындай терапия зыяндуу болушу мүмкүн деген далилдер бар, бул атиптик гендердик тажрыйбанын басылышына, уялуу сезиминин күчөшүнө, жакындары менен болгон мамиленин бузулушуна жана суицид аракеттерине алып келет.[11]

Гендердик ролдор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курманжан датка, гендердик нормалардын өзгөргүчтүгүнүн тарыхый мисалы. Солдо уулу Асанбек жана оңдо кызматчысы менен.

Гендердик ролдор – адамдын жынысына таандык болгон жүрүм-турумдун кандай түрлөрү алгылыктуу, ылайыктуу же жагымдуу деп эсептелерин аныктоочу социалдык нормалардын жыйындысы.

Гендердик ролдор ар түрдүү жаш куракта жана социалдык топтордо өзгөчөлөнөт жана убакыттын өтүшү менен өзгөрүүгө дуушар болот. Эркектик жана аялдык идеялар өз ара өзгөчөлүктүү деп саналат, айрым коомдордо жүрүм-турум: пассивдүүлүк – аялдардын, ал эми активдүүлүк – эркектердин ролу катары берилет.

Гендердик ролдор адамдын жүрүм-турумуна кеңири таасир этет, анын ичинде адамдын тандаган кийимине же кесибине, жеке мамилелерине ж.б. таасир этет.

Гендердик ролдор, адатта, маскулиндик жана феминдик концепцияларына негизделген. Гендерге байланыштуу кээ бир күтүүлөр ар кайсы маданияттарда олуттуу түрдө өзгөчөлөнүшү мүмкүн, ал эми кээ бирөөлөрү көпчүлүк маданияттарда жалпы болушу мүмкүн. Гендердик ролго байланыштуу жүрүм-турум жагындагы көрсөтмө эмгекти эркектердики жана аялдардыкы деп жыныстык жактан бөлүштүрүүдө өзгөчө ачык-айкын көрүнөт. Мисалы, салттуу маданияттар аялдарга үйдүн туткасы, балдарды табиялоочу, эркектерге болсо багуучу жана коргоочу, үй-бүлө башчысы деген ролдорду ыйгарат.

21-кылымда жаңы үй-бүлө структуралары, билим берүү, массалык маалымат каражаттары жана башка көптөгөн факторлордон улам гендердик ролдордо чоң өзгөрүүлөр болду.

Үй-бүлөнүн структуралары өзгөрүп, жалгыз бой эне же жалгыз ата үй чарбаларынын саны өсүүдө. Батыш Европада жана АКШда жалгыз бой аталуу үй-бүлөлөр толук эмес үй-бүлөлөрдүн жалпы санынын 10-15%ын түзөт.[12] Кыргызстанда жалгыз бой аталардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Россияда болсо “Аталар жана балдар” укук коргоо коомунун маалыматы боюнча, 150 толук эмес үй-бүлөнүн бирөө гана атасынын колунда.[12]

Улуу Британияда 5 жашка чейинки балдардын аталарынын арасында аталардын бала кароо убактысы 1970-жылдардын орто ченинде күнүнө 15 мүнөттөн 1999-жылы болжол менен эки саатка чейин көбөйгөн. Аталардын балдарына байланышкан иш-чараларга катышуусу күнүнө болжол менен 15 мүнөттөн 50 мүнөткө чейин өскөн. Баланы багуу боюнча аталардын үлүшү 1961-жылдагы 12%дан, 1999-жылы үчтөн бирине чейин көбөйдү. Бул тенденциялар бүгүнкү күндө аталар балдары менен болгон эмоционалдык мамилесинин сапатына артыкчылык берип, камкор жана тарбиялоочу ролду көбүрөөк аткарышат деген түшүнүккө дал келет.[13]

Кыргызстанда дагы бала багуу боюнча өргүүнү баланын атасы да толук же бөлүп-бөлүп пайдаланышы мүмкүн.[14]

Мындан тышкары миграциялык процесстер дагы Кыргызстандагы үй-бүлөлүк ролдорду өзгөртүүдө. Аялдар «ишенимдүү болуп эсептелинип, көбүрөөк акча которгону үчүн» күйөөсү балдар менен үйдө калып, аял миграцияга барышы керек деген чечим кабыл алынат.[15] 2014-жылы аял-мигранттардын 48%ы жалгыз кетишкен, ал аялдардын 82%ынын күйөөлөрү Кыргызстанда калып үй чарбасын улантышкан.[16]

Гендердик социализация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гендердик социализация процессинде аялдар менен эркектер жүрүм-турум, мамиле, нормалар жана баалуулуктардын адат болуп көнүмүшкө айланган моделдерин, ошондой эле гендердик стереотиптерди өздөштүрүшөт. Бул процесс адам төрөлгөндө башталып, өмүр бою ар кандай формада уланат.

Социализация процессинде, биринчиден, эркектин жана аялдын коом тарабынан кабылданган жүрүм-турум моделдери, нормалары, баалуулуктары жана гендердик стереотиптер өздөштүрүлөт. Экинчиден, аталгандардын аткарылышы коом тарабынан көзөмөлдөнөт. Бул процессте эки тарап өз ара аракетте болот: социализация процесси багытталган индивид, айрым адамдар же адамдардын тобу социализациянын объектиси, ал эми социализация процессин жүзөгө ашырган тарап социализациянын субъектиси деп аталат.

Кэрол Джиллиган[en] өзүнүн гендердик жана адеп-ахлактык өнүгүү теориясында кыздар менен балдардын адеп-ахлактык өнүгүүсүн салыштырган. Ал балдар адилеттүүлүк көз карашка (justice perspective) ээ, башкача айтканда, туура жана туура эмести аныктоо үчүн расмий эрежелерге таянышат деп ырастады. Кыздар, тескерисинче, бир жагдайды териштиргенде кам көрүү жана жоопкерчиликтүү көз карашка (responsibility perspective) ээ. Гиллиган ошондой эле өзүн-өзү баалоодо гендердик таасирди изилдеген. Ал аялдардын социалдашуусу кыздардын чоңойгон сайын өзүн-өзү баалоо сезиминин төмөндөшүнүн себеби деп ырастады. Өспүрүм куракта дагы айланадагы авторитеттүү фигуралардын бардыгы эркектер болгондугу үчүн кыздар өз күчүн калыбына келтирүүдө кыйынчылыктар менен беттешет.[17]

Гендердик социализациянын негизги агенттери болуп үй-бүлө, балдарды тарбиялоо жана билим берүү мекемелери (балдар бакчасы, мектеп, ЖОЖдор ж.б), ММК, диний мекемелер ж.б эсептелет.

Гендердик стереотиптер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айжан Алымбаева шахматты аялдар арасында жайылтуу максатында шахмат боюнча мастер-класс өткөрүүдө.

Гендердик стереотиптер – бул аялдар менен эркектер ээ болгон, ээ болууга же аткарууга тийиш деп эсептелген мүнөздөмөлөр жана ролдор жөнүндө жалпыланган көз караш же алдын ала түшүнүк.[18] БУУнун Адам укуктары боюнча кеӊеши "Гендердик стереотиптер адам укуктарын бузат” деп билдирген.

Гендердик стереотиптер, аялдардын жана эркектердин жеке жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө, кесиптик карьерасына умтулууга жана/же жашоосу жөнүндө чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрүн чектегенде зыяндуу болуп саналат. Стереотиптер негативдүү (мис., “аялдар иррационалдуу”) же позитивдүү (мис., “аялдар боорукер”) болобу, зыяндуу жана теңсиздиктин уланышына себепкер болушат. Мисалы, аялдар камкор деген салттуу көз карашы балага кам көрүү милдеттери көбүнчө аялдарга жүктөлөрүн билдирет жана алардын башка тармактарга жолун чектейт.

Гендердик стереотиптер коомдо өтө кеңири таралган жана аларды байкоо кээде кыйынга турат. Мунун себептеринин бири мээге айланасын стереотиптештирип ойлонуу оңой болгондугунда болушу мүмкүн (эвристика). Мээнин чектелген кабылдоо жана эс-тутум системасы бар, ошондуктан ал маалыматты натыйжалуурак иштетүүгө мүмкүндүк берген азыраак жана жөнөкөй бирдиктерге бөлөт.[19]

Гендердик стереотиптер эрте жашта таасир эте баштайт. Бир изилдөөдө гендердик стереотиптердин балдардын математикалык жөндөмүнө тийгизген таасири текшерилген. Алты жаштан он жашка чейинки америкалык балдардын бул изилдөөсүндө, балдар экинчи класста эле математика «эркек балдардын предмети» деген гендердик стереотипти көрсөтүшкөнү аныкталган. Бул математикалык жетишкендиктердеги байкаларлык айырмачылыктар бар куракка чейин эле кыздарда математикалык мүмкүнчүлүктөрүнө болгон ишенимге таасир эткенин көрсөтүшү мүмкүн.[20] [21]

Ата-энелердин стереотиптери баланын жынысына карата баланын  жөндөмдүүлүктөрү тууралуу ишенимдерине түздөн-түз таасирин тийгизет. Өз кезегинде ата-эненин балага болгон ишеними баланын өзүн-өзү кабылдоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Ал эми ата-эненин стереотиптери жана баланын өзүн-өзү кабылдоосу баланын иш-аракетине таасирин тийгизет.[22]

Менеджменттеги гендердик стереотиптер[23]
Изилдөө чөйрөсү Аялдар Эркектер
Багыттоо Мамилелер Жетишкендиктер
Эмоциялар Туруксуз, көзөмөлү төмөн, эмпатия жогору, токтоо, суук Туруктуу, жогорку көзөмөл, чектелген эмпатия
Чечим кабыл алуу Чечкинсиздик, чечимдерди кийинкиге калтыруу Бат
Компетенциялары Компетенттүү эмес Компеенттүү
Инсандар аралык мамилелер Коомдук кабыл алууну керектейт Ишенимдүүлүк
Социалдык ролдор Эне, үй кожойкеси Багуучу
Уюштуруучулук жөндөмдөрү Төмөн, тартипсиз, башаламан Жогору
Жүрүм-турумдун ийкемдүүлүгү Ийкемсиз Ийкемдүү, креативдүү
Аттрибуциялар Жетишкендиктер туруксуз, кырдаалга байланыштуу Жетишкендиктер туруктуу, мүнөзүнө байланыштуу

Биологиялык факторлор жана көз караштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биологиялык жана анатомиялык факторлордун негизинде жыныстар арасында репродуктивдүү ролдордогу табигый айырмачылыктар бар. Биологиялык айырмачылыктар хромосомалык (аялдарда XX хромосомалары, ал эми эркектерде XY хромосомалары) жана гормоналдык айырмачылыктарды өз ичине камтыйт. Эки жыныста тең эстроген, прогестерон жана тестостерон сыяктуу репродуктивдүү гормондордун бардык класстары бар, бирок ар кандай деңгээлде.

Эркектин жыныстык гормону андрогендин ашыкча өндүрүлүшүнө алып келген тубаса бөйрөк үстүндөгү бездин гиперплазиясы бар аялдарга тиешелүү изилдөөлөр бар. Адатта бул аялдар феминдик сырткы келбетке ээ болушат, бирок, статистикалык жактан  караганда бул аялдар салттуу түрдө аялдардын деп таанылган иштерге эркек иштерин артык көрүшөт.[24] Психология профессору Шери Беренбаум (Sheri Berenbaum) бул айырмачылыктарды эненин боюнда болгон убакта жатындагы эркектин жыныстык гормондорунун жогорку деңгээли менен түшүндүргөн.

Биолог Майкл Ж. Райан (Michael J. Ryan) гендердик иденттүүлүк адамдарга гана тиешелүү түшүнүк деп санаса, Пояни (Poiani) жана Дикксон (Dixson) тек гана адамдарга эмес, жаныбарларга да тиешелүү деп эсептешет.[25]

Ал эми психолог Роберт Столлер биологиялык жынысты гендерден айырмалап мындай түшүндүргөн: “Жыныс” деген сөздүн негизги мааниси биологиялык маани болуп саналат. Тагыраагы, бул “жыныс” сөзү эркекти же аялды, же алардын тиешелүү биологиялык органдарын билдирет, алар адамдын аял же эркек экендигин аныктап турат”, – деген ал.

Гендердик изилдөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гендердик изилдөөлөр – социалдык трансформацияларды жана коомдо үстөмдүк кылган системаны анализдөө үчүн колдонулган дисциплиналар аралык изилдөөчү практика. Гендердик изилдөөлөр илимий багыт катары феминисттик практиканын ишкердүү өнүгүшүнүн натыйжасы болуп калган. Бул илимий агымдын өнүгүшүндөгү жаңы фаза 80-жылдарда белгиленет. Аялдар маселелерин изилдөөлөр (women's studies) гендердик изилдөөлөргө акырындык менен өсүп жеткен. «Аялдар изилдөөлөрүнөн» айырмаланып, мында эркектер маселеси да изилденет. Ал эми гендердик изилдөөлөр 1990-жылдарда бүткүл дүйнөдө кеңири таркай баштаган.

Гендердик изилдөөлөргө философия, социология, экономика, демография, тарых, антропология, психология, политология, филология, этнография, культурология жана башкалар көмөкчү илим боло алат.

Гендердик изилдөөлөр төмөнкү багыттарга бөлүнөт:

Шилтемелер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://wsc.kg/kg/genderdik-glossarij/(жеткиликсиз шилтеме) Гендердик глоссарий, "Аялдарды колдоо борбору" коомдук фонду. Зиярат күнү: 17март 2022.
  2. Udry, J. Richard (November 1994). "The Nature of Gender"
  3. Curthoys, A., 2005, "Gender". Bennett, T. Grossberg, L жана Morris, M. (ред.) New Keywords: A Revised Vocabulary of Culture and Society, Oxford, Blackwell.
  4. Pilcher, J. Whelehan, I. 56 бет, 50 Key Concepts in Gender Studies (англ.). — Sage, 2004. — ISBN 978-1-4129-3207-3.
  5. Ann Oakley, Sex, Gender and Society. Maurice Temple Smith, 1972. Лондон.
  6. Ehrhardt, Anke A. (2007). "John Money, PhD". The Journal of Sex Research. 44 (3): 223–224.
  7. Fausto-Sterling, A. The problem with sex/gender and nature/nurture // Debating Biology / Bendelow, G., Birke L., Williams, S.. — Routledge, 2005. — ISBN 9781134468133
  8. Birke, L. In pursuit of difference: Scientific studies of women and men // The Gender and Science Reader The Gender and Science Reader / Lederman, М., Bartsch, I.. — Psychology Press, 2001.
  9. https://www.mentalhelp.net/sexuality/gender-identity/ Oswalt, Angela. Factors Influencing Gender Identity (англ.). Зиярат күнү 22 март 2022.
  10. Hill, D., Menvielle, E., Sica, K., & Johnson, A. An affirmative intervention for families with gender variant children: Parental ratings of child mental health and gender // Journal of Sex & Marital Therapy. — 2010. — № 36. — С. 6—23.
  11. Langer, S.J., and Martin, J.I. How dresses can make you mentally ill: Examining gender identity disorder in children // Child and Adolescent Social Work Journal. — 2004. — Т. 21, № 1. — С. 5—23.
  12. 12.0 12.1 Шевченко И. 2014. Одинокие отцы в России: повседневные практики и проблемы. https://cyberleninka.ru/article/n/odinokie-ottsy-v-rossii-povsednevnye-praktiki-i-problemy-1/viewer (орус.) Зиярат күнү: 17 март 2022.
  13. Henz, Ursula, 2019. Father's involveent with their children: recent trends and class differences. Demographic Research, бет 865-896. https://www.demographic-research.org/volumes/vol40/30/40-30.pdf Зиярат күнү 17 март2022.
  14. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1505/330?cl=ky-kg&mode=tekst Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 137-беренесине ылайык Бала багуу боюнча өргүүнү баланын атасы, чоң энеси, чоң атасы, башка тууганы же баланы иш жүзүндө багып жаткан камкорчусу да толук же бөлүп-бөлүп пайдаланылышы мүмкүн. Үчтүн айы 2022 редакциясы. Зиярат күнү жалган курандын 22, 2022.
  15. Сьюзан Тиме, «Жизнь во время миграции: Как кыргызские женщины сочетают различные роли, живя на несколько домов», Гендер, технологии и развитие, 12(3). 2008, (орус.), бет 325-345.
  16. Женщины и дети из Кыргызстана вовлечённые в миграцию, 2016 №675 Антуан Бернар (ред.), https://www.fidh.org/IMG/pdf/rapport_kyrgyzstan_ru-web.pdf
  17. Carol Gilligan, In a Different Voice: Psychological Theory and Women's Development, 1982. https://www.researchgate.net/publication/275714106_In_A_Different_Voice_Psychological_Theory_and_Women's_Development Зиярат күнү: жалган курандын 17, 2022.
  18. OHCHR Gender stereotypes and Stereotyping and women’s rights (2014). https://www.ohchr.org/Documents/Issues/Women/WRGS/OnePagers/Gender_stereotyping.pdf Зиярат күнү: жалган курандын 17, 2022.
  19. Martin, Carol Lynn; Halverson Jr., Charles F. (1981). "A schematic processing model of sex typing and stereotyping in children". Child Development. 52 (4): 1119–1134. https://www.researchgate.net/publication/14723826_The_Development_of_Sex_Typing_in_Middle_Childhood Зиярат күнү: жалган курандын 22, 2022.
  20. Dario Cvencek, Andrew N. Meltzoff, and Anthony G. Greenwald. Math–Gender Stereotypes in Elementary School Children. // Child Development, 2011, № 3, бет 766–779. https://faculty.washington.edu/agg/pdf/Cvencek&al.ChDevel.2011.pdf Зиярат күнү: жалган курандын 17, 2022.
  21. Cvencek, D. Meltzoff A.N., Math-Gender Stereotypes in Elementary School Children (2012) // Encyclopedia of diversity in education. Бет 1455-1460. Thousands Oaks, CA. https://ilabs.uw.edu/sites/default/files/Cvencek_Meltzoff_2012.pdf Зиярат күнү: жалган куран айынын 17, 2022.
  22. Jacobs, Janis E. (1991). "Influence of gender stereotypes on parent and child mathematics attitudes". Journal of Educational Psychology. 83 (4): 518–527. https://www.researchgate.net/publication/226124310_The_Role_of_Parents_and_Teachers_in_the_Development_of_Gender-Related_Math_Attitudes Зиярат күнү: жалган куран айынын 17, 2022.
  23. Cenek, J. Gender stereotypes in organizations. Journal of Education Culture and Society No. 1, 2013. Бет 30-38. // 111 студент-респонденттин башкаруучу аял тууралуу стереотиптери боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы. // Изилдөө маалыматтары Women as Managers Scale (L. Peters et al.) анкетасынын жардамы менен алынган. https://www.researchgate.net/publication/307735172_Gender_stereotypes_in_organizations Зиярат күнү: жалган куран айынын 17, 2022.
  24. https://phys.org/news/2005-06-gender-differences-predetermined.html Beattie-Moss, Melissa (Кулжа айынын 9, 2005). "Are gender differences predetermined?". Penn State University. Зиярат күнү жалган куран айынын 17, 2022).
  25. Poiani, Aldo (2010). Animal homosexuality: a biosocial perspective. A. F. Dixson. New York: Cambridge University Press. бет. 2.

Колдонулган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8