Гендердик билим

Википедия дан

Гендердик билим – аялдардын жана эркектердин, кыздардын жана балдардын үй-бүлөлүк, коомдук, экономикалык, саясый жана социалдык кубулуштарга карата ролдордун, иш-аракеттердин бөлүштүрүүдө теңдикти камсыз кылууга арналган билим.

Ар бир адам жынысына, улутуна, тутунган динине, жашаган жерине, социалдык статусуна карабай билим алууда, эмгектенүүдө, жумушка орношууда, мамлекеттик башкаруу процессине катышууда ж. б. бирдей укукка ээ. Булардын бардыгы эл аралык да, республикалык да мыйзам акттарында, нормативдик документтерде унутулбай жазылып келет. Бирок реалдуу турмушта бары эле ойдогудай эмес. Баланс бузулган учурлар көп кездешет. Мунун себептери бар, эң негизгилери – бул жарандардын өз укуктары жана милдеттери тууралуу кабарынын жоктугу, социалдык ролдордун бөлүштүрүүдө кылымдар бою калыптанып келген салттык факторлордун үстөмдүк кылышы. Мис., үй-бүлөдө кыз төрөлсө, адамдар дароо эле аны бирөөнүн бүлөсү, үй ичин тыкан кармаганга, жыйнактуу болууга, эркектерге жагымдуу болууга тийиш деген пикирде болушат.

Ал эми эркек бала төрөлсө, анда ал сырттан таап келиши керек, табышы күч болушу керек, үй-бүлөсүн камсыз кылышы керек, жоопкерчиликтүү болууга тийиш дагы ушул сыяктуу ролдорду ыйгарышат. Ошентип кыздын да, эркек баланын да потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө башынан эле бөгөт койулат. Гендердик билимдин негизги максаты – коомдогу социалдык ролдук балансты мурдатан калыптанып келген стереотиптерди сындыруу жана эмес, аларды өзгөртүү аркылуу калыбына келтирүү. Бул багытта «Сорос-Кыргызстан» жана «Педагогдор граждандык коом үчүн» фонддору тарабынан алгылыктуу иштер алып барылууда. Кыргызстандын 40ка жакын орто мектептеринде жана жогорку окуу жайларында «Ыйгарым укуктуу билим берүү» программасы практикаланууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8