Ыдык көрсөтүү
Ыдык көрсөтүү — жеке чектерди жана субординацияны бузуу, жабышуу, кемсинтүү жана жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу. Ал физикалык (кѳӊүл каалабаган тийүү, ѳбүү, кучактоо, чымчуу), ошондой эле вербалдык мүнѳздѳ (уятсыз же кордоочу комплименттер, сексуалдык байланыш жѳнүндѳ түрдүү маанидеги ымдап-жаңсоолор жана башка) болушу мүмкүн[1].
Ыдык көрсөтүү үйдө, жумушта, билим берүүчү жайларда, коомдук жайларда, таксде болушу мүмкүн. Мындай жагымсыз аракеттерге туш болгон адам чыңалуу, тынчсыздануу, өзүнө ишенбөөчүлүк, коркуу, импотенция, көз карандылык, үмүтсүздүк, күнөө, ишенимсиздик сыяктуу абалга дуушар болот. Агрессорлор өз курмандыктарынан баш ийүүнү күтүшөт жана мындай жүрүм-турум башка адамга олуттуу зыян келтириши мүмкүн[2].
Кыргызстанда 2019-жылы алгач ирет харассмент (жыныстык ыдык) масштабы жөнүндө изилдөө жүргөн. Анын жыйынтыгында өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болору аныкталган.[3]
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1964-жылы АКШнын адамдардын расасына, түсүнө, жынысына, динине карата бөлбөө тууралуу адам укуктары жөнүндөгү мыйзамы кабыл алынгандан кийин аялдар тең укуктуулукка ээ болгон[4].
1975-жылы америкалык Кармита Дикерсон Вуд ыдык көрсөтүүгө туш болгонун, ага каршылыгын биринчилерден болуп айтып чыккан айым. 44 жаштагы 4 баланын энеси жумушунда көптөгөн жылдар бою жетекчисинин ыдык көрсөтүүсүнө чыдап келгенин журналист Лин Фарлиге билдирген. Фарли мындай көйгөйгө кабылган, ага каршы аялдардын башын бириктирип, “Жумушчу аялдардын бирикмесин” түзүшүп, жумуш ордундагы аялдарга асылуу тууралуу плакаттарды жазып жүрүшкө чыгышкан. Мындан соң “Нью-Йорк Таймс” гезити “Аялдар жумуш орунундагы сексуалдык асылуулар жөнүндө айта башташты” деген макаланы басып чыгарган. Ушул убактан тартып жыныстык асылуу же харассмент термини жалпы колдонууга кирген[5].
1975-жылы харассмент боюнча биринчи сот иши жүргөн[6].
Асылуунун түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Асылуу, ыдык көрсөтүү – бул үстөмдүк кылуучунун иши. Ошондуктан, көбүнчө бир адам экинчисине көз каранды болгон жагдайларда болот: жетекчи менен кол алдындагы кызматкер, мугалим менен окуучу, таксист менен жүргүнчү[7].
Ыдыкка кабылган адам көпчүлүк учурда стресске кабылып, ишке, окууга болгон кызыгуусу азаят, жумуштан кетүүгө аргасыз болот.
Сексуалдык агрессиянын деңгээли жана асылуучунун талаптары такыр башкача болушу мүмкүн. Ар бир адам жынысына жана жашына карабастан жабырлануучу боло алат. Куугунтуктун кесепеттери абдан оор болушу мүмкүн – жабырлануучунун психологиялык абалы үчүн да, анын жашоосунун шарттары үчүн да[6].
Ыдык көрсөтүүнүн 80%ы мамлекеттик мекемелерде учурайт[8].
Жумушта, окууда, көчөдө ж.б. жерде куугунтуктун түрлөрү:
Физикалык куугунтук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ден соолук менен түздөн-түз өч алуу коркунучу болгондо, алар түртүп, уруп-согуп, коркутуп-үркүтүп, ал тургай ачууланып муштумдарын бетке силккенде.
Кызмат абалынан пайдалануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул, негизинен, кызмат орду жогору жана канааттандырылбай турган ашыкча талаптарды койгон, атайылап адам чыдагыс эмгек шарттарын түзгөн, керектүү иш маалыматтарын жашырган жана кол алдындагылардын жеке жашоосуна кирип кеткен кызматкерлерден келип чыгат.
Психологиялык куугунтук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Командадан бөлүп коёт, атайлап көңүл бурулбайт, пикирин укпайт жана дээрлик ар бир сөздү аны менен талашат. Ал тууралуу ушак-айың кептерди көп таратат.
Киберкуугунтук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жумушта эле эмес, башка жагдайларда да орун алган жаңы көйгөй. Ар кандай социалдык тармактарда же электрондук почтасына ал тууралуу кемсинткен, беделине шек келтирген маалыматтарды массалык түрдө жөнөтүү, жалган жана ушак таратуу, мессенджерлер аркылуу кемсинткен билдирүүлөрдү жиберүүлөр жана тажатма чалуулар.
Оозеки куугунтуктоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кимдир бирөөнү кемсинтип, коркутуп, атайын сөгүү.
Ыдык көрсөтүүнүн физикалык формасында бирөө кармалап, өпкүлөп, асылып, сылап, кучактап, чымчылап тийишет.
Ыдык көрсөтүүнүн башка формаларында бирөөнүн этегин аңдып, мазактап, шылдыңдоо, орунсуз тамашалоо, басынтуу, коркутуу, уят сөздөр менен тийишүү орун алат.
Вербалдык ыдык көрсөтүүдө уят, таарынта турчу комплименттерди айтып, жыныстык катнашты кыйытып, тил менен башка адамды кыстоо.
Ыдык көрсөтүүнүн көчөдөгү түрү кэтколлинг деп аталат. Анда ышкырып, аркасынан ээрчип же адамдын тулку бою боюнча ар кандай пикирлер айтылат.
Корнелл университети тарабынан дүйнө жүзү боюнча дээрлик 17 000 аялды камтыган масштабдуу эл аралык изилдөө жүргүзүлүп, анда аялдардын 80%га жакыны 17 жашка чейин биринчи жолу көчөдө куугунтукка кабыларын аныкталган. Респонденттердин 50%ы оозеки агрессияга гана туш болбостон, бейтааныш адамдар аларга сексуалдык тон менен тийишкенин айтышкан. Аялдардын 71%ы аңдып жүргөнүн айтышат[9].
Жарандын жеке жашоосу жөнүндө такып сурап, тынымсыз кат жазып, сүрөт жөнөтүү, телефон чалуу ыдык көрсөтүүнүн бир түрүнө кирет.
Харассмент менен флирттин айырмасы:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эгерде тийишүү, кармалоо, өбүү сыяктуу аракеттер жагып, жагымдуу маанай тартууласа, анда ал ыдык көрсөтүүгө жатпайт. Мында толук макулдук керек. Ошондой эле эки тараптан тең активдүү аракет болгондо харассментке жатпайт. Жактардын тең укуктуулугунда, жумушта иш берүүчү менен жумушчунун ортосунда жана башка.
Коё туруу, кийинкиге калтыруу укугу болгондо харассментке жатпайт[10]. Харассмент – бул психологиялык атака. Жаман көзү менен карап, дарегиңизге кастык менен кемсинткен комментарийлерди айтып жатса, ал дагы ыдык көрсөтүүгө тете.
Дүйнөдөгү ыдык көрсөтүүгө каршы кыймылдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2016-жылдын 5-июлунда украиналык активист, феминист жана STUDENA бейөкмөт уюмунун директору Анастасия Мельниченко бала, өспүрүм жана бойго жеткен кезинде көргөн зомбулуктары тууралуу пост жарыялаган.
Ошентип, постсоветтик мейкиндикте зордук-зомбулукка каршы биринчи масштабдуу кампания болгон #ЯНеБоюсьСказать (#АйтууданКоркпойм) кыймылы башталга[11]н.
2017-жылдын октябрь айында социалдык тармактарда Алисса Миланонун сексуалдык зомбулукка жана сексуалдык асылууга каршы #МеToo (#МенДагы) хештеги чыгып, хештег вирус сыяктуу жайылган. Анда аялдар бул хештегди өзүнүн кайгылуу окуялары менен бөлүшүү жана репост кылуу үчүн колдонушкан. Бир нече айдан кийин бул кыймыл Орусияда уланган[12].
Кыргызстанда Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында социалдык тармактарда ыдык көрсөтүүгө каршы маалыматтык өнөктүк өтүп келет. Өнөктүктүн негизги максаты – ыдык көрсөтүүнүн түрлөрү тууралуу маалымат берип, ага кабылган окуяларды коомчулукка жеткирүү[13]. Ал учурда #АчыкАйтам #Коркпойм #Тийишпе хештегдери колдонуу менен харассментке каблылган адамдар өз окуяларын ачыкташат.
Дүйнө өлкөлөрүндөгү мыйзамдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сексуалдык асылуу же куугунтук жөнүндө биринчилерден болуп 1926-жылы СССРдин экинчи Кылмыш-жаза кодексинде 154-берене пайда болгон. Сексуалдык куугунтук деп ошол учурда аялдын экономикалык же финансылык жактан көз каранды болгон адам тарабынан жыныстык катнашка мажбурланышы түшүнүлгөн. Мындай кылмыштар үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. 1960-жылы 154-берене боюнча жаза мөөнөтү үч жыл болуп кыскарган[11].
Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги беренелер: “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” (133- берене) жана “Адепсиз аракеттер” (135-берене)[14].
Улуу Британиянын Жазык мыйзамдарында сексуалдык кылмыштар боюнча 50дөн ашык ар кандай курамдагы беренелер бар.
Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси "Жыныстык катнашка, сойкулукка, лесбиянизмге же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерге мажбурлоо". Жаза – 3000 айлык эсептик көрсөткүчкө чейин (19 517 АКШ доллары) айып салуу же ошол эле өлчөмдө түзөтүү жумуштары, же чектөө же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу.
Тажикстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренеси “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлоо”. Жаза – эсептик көрсөткүчтүн 500дөн 700гө чейинки өлчөмүндө айып салуу (2815тен 3941 АКШ долларына чейин), эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу.
Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси "Аялды жыныстык катнашка мажбурлоо". Жаза - 300 саатка чейинки мөөнөткө милдеттүү коомдук жумуштарга же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу. Эгерде кылмыш жыныстык катнашка алып келсе, үч жүз сааттан 480 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.[7]
Кыргыз Республикасындагы асылууларга каршы мыйзам долбоорлору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз өлкөсүндө харассментү боюнча мыйзамда белгиленген эмес. Бирок кордоп, тийишүү учурунда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси «Майда бейбаштык» менен жаза каралат[15]. Сексуалдык асылуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлоо» боюнча жазаланат[16].
2021 жылдын бугу айынын 20сында Жогорку Кеңеш аял депутаттары кызматкердин жеке кол тийбестигине болгон укугун коргоо жана кызматкерди ыдык көрсөтүүдөнкоргоо максатында иштелип чыккан “Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Өзгөртүүлөрдү Айнуру Алтыбаева, Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова, Евгения Строкова, Наталья Никитенко, Бурун Аманова жана Махабат Мавлянова демилгеледи[17].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Борбор Азияда таксидеги харассмент: коргоого укугу жок жазасыздык https://longreads.cabar.asia/kgtaxi Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
- ↑ А. Панфилова, «Психология общения», Академия 2013 (орус.).
- ↑ С. Абдумомунов, Этек аңдыгандардын эзүүсү, 2019. Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
- ↑ "Bostock v. Clayton County, Georgia". US Supreme Court. (англ.).
- ↑ Nina Renata Aron, Groping in the Ivy League led to the first sexual harassment suit—and nothing happened to the man Archived 2020-09-29 at the Wayback Machine 2017 (англ.) Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
- ↑ 6.0 6.1 А. Баженова-Сорокина, Харассмент: Как его распознать и что делать потом Archived 2022-04-10 at the Wayback Machine 2017 (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
- ↑ 7.0 7.1 D. Akkozha, What Is Harassment and How Is It Punished in Central Asia? 2020? (англ.) Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
- ↑ Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык ыдык көрсөтүүгө туш болот, 2019. Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
- ↑ А. Талгатбек, «Э, карындас, танысайк»: что такое кэтколлинг и харассмент и как с этим борются женщины по всему миру. Archived 2022-09-09 at the Wayback Machine, 2021 (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
- ↑ Д. Жук, Путеводитель по проблеме харассмента Archived 2022-05-18 at the Wayback Machine (орус.). Бугу айынын 18, 2022.
- ↑ 11.0 11.1 Д. Жук, Путеводитель по проблеме харассмента Archived 2022-05-18 at the Wayback Machine (орус.). Бугу айынын 18, 2022.
- ↑ Smartt, Nicole. "Sexual harassment in the workplace in the #MeToo world." Forbes. (англ.). Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
- ↑ Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы өнөктүк башталды 16.03.2022, Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
- ↑ Уголовный кодекс Российской Федерации (орус.)https://normativ.kontur.ru/document?moduleId=1&documentId=418728#h7684
- ↑ КРнын Укук бузуулар жөнүндо кодекси, 2021-жылдын 28-октябры № 128
- ↑ КРнын Кылмыш жыны жаза кодекси, 2021-жылдын 28-октябры № 127
- ↑ К. Баймуратова, «80% случаев домогательств происходит в госучреждениях». Парламент вынес на общественное обсуждение законопроект о домогательствах на рабочем месте. 21.05.2021