Кесилишкен дискриминация

Википедия дан

Кесилишкен дискриминация – бир адамдын бир нече белгилер боюнча дискриминацияга кабылышы.[1][2] Мисалы, түстүү майып аял бир эле мезгилде майыптык, расалык жана жыныстык белгилер боюнча дискриминацияга кабылышы мүмкүн. Кесилишкен дискриминациянын бир нече түрү кездешет.[3] Дискриминациянын түрдүү формаларынын жана системдеринин ортосундагы өз ара байланышты интерсекционалдык теория (кесилишүү теориясы) изилдейт. Бул теориянын аталышы 1989-жылы Кимберли Креншоу тарабынан берилген, концепция өзү XIX кылымдан бери чыйыр салып келе жатат.[4] Аталган теория гендердик иденттүүлүк, раса, класс, ден соолуктун абалы, сексуалдык ык, каста жана башка биологиялык, социалдык жана маданий категориялар бири-бири менен көптөгөн деңгээлде кесилишерин белгилейт. Теориянын тарапташтары расизм, классизм, сексизм, гомофобия, трансфобия бири-биринен көз карандысыз абалда иштебейт, бири-бири менен тыгыз байланышта басмырлоо системин түзөт, ал басмырлоо дискриминациянын көптөгөн түрлөрүндө кездешет дешет.[5]

Феминисттик теорияда кесилишкен дискриминация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интерсекционалдык анализ ар бир факторду өзүнчө кароонун ордуна, социалдык индивидге таасир этүүчү факторлордун жыйындысын айкалыштырып карайт.

Кесилишкен дискриминация 1960-70-жылдары феминисттик кыймылдардын өнүгүүсүнө байланыштуу социологиялык чөйрөдө талкуулана баштады.[6] Түстүү аялдар баштаган кыймылдар аялдар бирдей турмуштук тажрыйбага ээ жана алар бир типтүү категорияда болушат деген идеяны жокко чыгарышты. Орто класстагы ак терилүү аялдарды басмырлоо формалары кара терилүү, кедей жана майып аялдар кабылган басмырлоо формаларынан айырмалана турганын таанып, феминисттер гендер, раса жана класс кантип жыйынтыгында “аялдык тагдырды аныктай турганын” түшүнүүгө умтулушту.[7] Мисалы, кара феминизм кара терилүү аялдын тажрыйбасын “кара терилүү” же “аялдын тажрыйбасы” деп эки бөлүп кароодо түшүнүп болбойт, көбүнчө бири-бирин күчөткөн тажрыйбанын жана басмырлоонун ар кайсы түрүнүн өз ара аракеттенүүсү камтылышы керек деп бекемдейт.[8]

Радикалдык феминизмдин тарапташтары кесилишүү теориясы жалпы кызыкчылыктарды көрүүдө жана коргоодо аялдарга тоскоол болот жана патриархалдык коомдун кызыкчылыгына иштейт дешет.[9] Алар бул теорияны реалдуу турмушта идеалдуу түрдө ишке ашыруу абдан кыйын, анткени коомдо бардык топтордун (анын ичинде майда топтордун дагы) кызыкчылыктарын коргоону камсыздоого жетиштүү убакыт жана ресурс жок деп бекемдешет. Мисалы, көзү азиздер жана дүлөйлөргө кам көрүүдө Брайл алфавити жана сурдокотормону айкалыштырып колдонууну жайылтуу мүмкүн эмес.[10]  

Кыргызстанда азчылыктар укуктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абактагы аялдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдар жана кыздар дүйнө жүзү боюнча абакта отургандардын азчылыгын түзөт, болжолдуу эсептөөлөр боюнча 2 пайыздан 9 пайызга чейин. Алардын санынын аздыгын эске алып, абактагы аялдар эркектер үчүн түзүлгөн жана алардын өзгөчө муктаждыктары эске алынбаган кылмыш адилеттигин орнотуу системинде болушат.[11]

Кыргызстанда аялдардын жалгыз абагы бар – Чүйдүн Степное айылындагы №2 абак. Ал жерде орточо 250-350 аял жаза мөөнөтүн өтөйт (2020-жылкы маалымат боюнча 300дөй аял отурган). Башка өлкөлөрдөй эле абактан чыккан аялдарды реабилитациялоо, кайрадан коомго кошуу маселеси Кыргызстанда да актуалдуу. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, абакта жаза мөөнөтүн өтөп чыккан аялдардын 30 пайызы кайрадан кылмышка барышат.[11] Өлкөдө жыл сайын 2 миңден ашык аял кылмышка шектелип кармалып, анын 15 пайызга жакыны сот тарабынан эркинен ажыратылат. Абакка отуруп чыккан аялдардын жумуш табышы кыйын. “Эркинен ажыратуу адамды оңдобойт, тескерисинче, кайрадан кылмыш кылууга түртөт” деген Кыргызстандын мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов (IWPR). Абакта отурган аялдардын көбүн адам өлтүрүү жана алдамчылык боюнча соттолгондор түзөт.[11]

Кыргызстанда соттолгон аялдардын 20 пайызы адам өлтүрүү же үй-бүлөнүн эркек мүчөсүн кокустуктан улам өлтүрүү, 12 пайызы башка адамды өлтүрүү же атайылап эмес өлтүрүү боюнча соттолушкан. Башка өлкөлөрдүн статистикасы көрсөтүп жатат, аялдар тарабынан жасалган кылмыштар менен үй-бүлөлүк зомбулуктун, ырайымсыз мамиленин өз ара жогорку деңгээлдеги байланышы бар. Мисалы, АКШда жүргүзүлгөн изилдөө Нью-Йорк шаарында чогуу жашаган адамын өлтүрүү боюнча соттолгон 10 аялдын 9у мурда интимдик өнөктөшү тарабынан зомбулукка кабылганын аныктады.[12]

Улуттук азчылыктагы аялдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2020-жылы Кыргызстанда “БУУ-аялдар” жана башка эл аралык уюмдар “COVID-19дун Кыргызстандагы аялдардын жана эркектердин абалына тийгизген таасири” аталышында ыкчам гендердик анализ жүргүздү.[12] Изилденген тармактардын бири – улуттук азчылыктагы аялдар болуп, анын жыйынтыгы мындай маалыматтарды берди:

Кыргызстанда жүздөн ашык этностун өкүлдөрү жашайт, көпчүлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында отурукташкан. Басымдуу бөлүгү жабык коомдо күн кечиришет - көп бала төрөшөт, салттуу жашоо образын карманышат жана экономикалык активдүүлүгү төмөн. Аларга салттуу жана диний факторлордун таасири күчтүү, башка аялдарга салыштырмалуу алар кесилишкен дискриминацияга көп кабылышат.[12]

Секс индустриясындагы иштеген аялдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда кесилишкен дискриминациянын белгилери секс-кызматын көрсөтүү тармагында да кездешет. Изилдөөлөргө караганда, Кыргызстанда секс-жумушчулардын үчтөн экиси 19-30 жаш аралыгында.[13] Изилдөөлөр 18 жашка толо элек кыздардын сойкулукка тартылышы азайганын көрсөтүүдө. Мисалы, 2012-жылы Кыргызстанда секс-жумушчулардын 67 пайызы 19-30 жашында болсо, 30 жаштан жогоркулар 26,9 пайызды, 16-18 жаштагылар 6,1 пайызды түзгөн. 2015-жылы 19-30 жаштагы секс-жумушчулары 70,6 пайызды, 30 жаштан жогоркулар 29,4 пайызды, 16-18 жаштагылар катталган жок. 2018-жылы 19-30 жаштагы секс-жумушчулар 57 пайызды, 30 жаштан жогору курактагылар 43 пайызды түздү, 16-18 жаштагылар 0,0 пайыз. Кыргызстанда секс-кызматын көрсөтүүгө жаза белгиленбейт, секс-кызматын уюштуруу, башкача айтканда, сутенёрдук кызматтарды аткаруу мыйзам тарабынан куугунтукка алынат. Бирок практикада секс-жумушчулар укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан куугунтукталат, басмырлоого кабылышат, ошондуктан алар иштеген жерин такай алмаштырып турушарын, мындан улам алар менен байланышты үзбөй кармап туруу жана ооруларга каршы профилактика иштерин жүргүзүү кыйынчылык жаратат деген жыйынтыкка келишкен изилдөөчүлөр.[13]

АИВ менен жашаган аялдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2021-жылдан бери Кыргызстанда АИВ менен жашаган аялдардын бала асырап алуусуна мыйзам жол берет.[14] Тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизилгени – ушул идеяны көтөргөн жарандык активисттердин, юристтердин жана укук коргоочулардын көп жылдык күрөшүнүн жеңиши болуп калды. Учурда Кыргызстанда 11 миңдей АИВ менен жашаган адам болсо, анын 37 пайызы аялдар.[15] Алар коомго ачык чыгуудан айбыгышат, анткени аларга көпчүлүк шектенүү, чочулоо менен карап мамиле кылышат. 2018-жылдын ноябрь-декабрь айларында Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда АИВ менен жашаган 464 аялга сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоо жыйынтыгы аталган категориядагы аялдарга карата психологиялык, каржылык, физикалык жана сексуалдык зомбулуктун жана жардам алуудагы көйгөйлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөттү. Экономикалык зомбулук тууралуу респонденттердин 68,5 пайызы айтышты. Ар бир төртүнчү аял аларга медициналык, социалдык жана башка жардам алууда тыюу салууларга кабылганын билдиришти (24,4 пайыз). 29 пайызы аларга иштөөгө тыюу салынганын маалымдашты.[13]  

Майыптыгы бар аялдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда майыптыгы бар аялдардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын статистикалык маалыматтар көрсөтүүдө. 2016-жылы өлкөдө майыптыгы бар 69 086 аял болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 70 862, 2018-жылы 72 703, 2019-жылы 75 072, 2020-жылы 76 032 аялды түзүп калды.[16] Тажрыйбада бир стереотип башка стереотиптин кошумча мүнөздөмөсү менен тереңдетилген – аралаш стереотиптер көп кездешет.[17] Буга майыптыгы бар аялга карата стереотиптерди мисал кылса болот. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү аял кош стигмацияга кабылат – майыптык белгилери боюнча гана эмес, гендердик фактор боюнча дагы. Муну жоюу кыйын, анткени маселе бир эмес, бир нече стигмага байланыштуу дешет эксперттер.[17]

ЛБК-аялдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЛБК-аялдар (лесбиянка, бисексуал, квир) кесилишкен дискриминацияга кабылышарын изилдөөлөр көрсөттү.[18] 2017-жылы Казакстанда аталган багыттагы 228 аял сурамжылоого катышып, алардын 48 пайызы өздөрүнүн сексуалдык ыктоосуна карата түрдүү зомбулукка же жагымсыз мамилеге кабылганын айтышкан.

Кыргызстанда ЛБК-аялдары жыл сайын өткөрүлгөн аялдар тилектештик маршында өз укуктары жөнүндө айтып чыгышат. 2014-жылы “Гей-пропагандага тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталганда “Human Rights Watch” уюму аталган долбоорду артка чакыртып алуу демилгеси менен чыгышып, Жогорку Кеңешке кат жолдошкон.[19]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. П. Учеллари, “Множественная дискриминация: как законодательство может отражать реальность” 2011 (орус.) Журнал The Equal Rights Review, № 1–7 (2008–2011)https://www.equalrightstrust.org/ertdocumentbank/Paola%20Uchellari.pdf
  2. Дискриминация по признаку сексуальной ориентации и гендерной идентичности в Европе. — Страсбург: Издательство Совета Европы, 2012. — С. 163—164. — 166 с. — ISBN 978-92-871-7240-
  3. А. Г. Осипов. Дискриминация по признакам, связанным с местом жительства — основные аспекты и контуры проблемы. Кирүү күнү: бугу айынын 13, 2022.
  4. Crenshaw, Kimberlé. Demarginalizing the Intersection of Race and Sex: A Black Feminist Critique of Antidiscrimination Doctrine, Feminist Theory and Antiracist Politics (англ.) // University of Chicago Legal Forum[en] : journal. — 1989. — Vol. 1989. — P. 139—167.
  5. Susanne V. Knudsen. Intersectionality — A Theoretical Inspiration in the Analysis of Minority Cultures and Identities in Textbooks (англ.)
  6. Thompson, Becky. Multiracial Feminism: Recasting the Chronology of Second Wave Feminism. Feminist Studies, Vol. 28, No. 2, 2002, p. 337.
  7. Bell Hooks. Feminist Theory: From Margin to Center (англ.). — Pluto Press[en], 2000. — ISBN 978-0-7453-1663-5.
  8. Crenshaw, Kimberle. Intersectionality: The Double Bind of Race and Gender (англ.). Perspectives Magazine (2004).
  9. Радикальный феминизм vs интерсекциональность [электронный ресурс]. – https://themiskyra.diary.ru/p204687576.htm?oam#more1 Кирүү күнү: бугу айынын 13, 2022.
  10. Интерсекциональный феминизм: определение, особенности и интересные факты. (орус.). http://fb.ru/article/343109/intersektsionalnyiy-feminizm-opredelenie-osobennosti-i-interesnyie-faktyi Кирүү күнү: бугу айынын 13, 2022.
  11. 11.0 11.1 11.2 IWPR. Кыргызстан: осужденных женщин ждет тяжелое будущее. 2017. https://iwpr.net/ru/global-voices/kyrgyzstan-osuzhdennykh-zhenschin-zhdet-tyazheloe-buduschee Кирүү күнү: бугу айынын 13, 2022.
  12. 12.0 12.1 12.2 UNDP. В Кыргызстане проведен оперативный гендерный анализ «Влияние COVID-19 на положение женщин и мужчин в Кыргызской Республике», 2020. https://kyrgyzstan.un.org/ru/48889-v-kyrgyzstane-proveden-operativnyy-gendernyy-analiz-vliyanie-covid-19-na-polozhenie-zhenschin
  13. 13.0 13.1 13.2 https://www.datawrapper.de/_/j8by2/
  14. Люди, живущие с ВИЧ в Кыргызстане, добились права на усыновление, 2021. https://www.unaids.org/ru/resources/presscentre/featurestories/2021/february/20210212_living-with-hiv-kyrgyzstan-right-to-adoption
  15. М. Орлова 2021, В Кыргызстане зарегистрировано почти 11 тысяч ВИЧ-инфицированных. https://24.kg/obschestvo/214023_vkyirgyizstane_zaregistrirovano_pochti_11tyisyach_vich-infitsirovannyih/ Кирүү күнү: бугу айынын 13, 2022.
  16. Улуттук статистикалык комитети. Лица с ограниченными возможностями здоровья. Важные цифры и факты. 03.12.2021
  17. 17.0 17.1 ОФ «Центр исследования демократических процессов. Отчет о выявлении негативных стереотипов в отношении женщин и мужчин с инвалидностью и сельских женщин (орус.). – Бишкек: 2018
  18. С. Пушкова, 2017. Женщины из ЛБК-сообщества подвергаются двойной дискриминации. (орус.). https://rus.azattyq.org/a/lbk-soobshestvo-v-kazakhstane-zhanar-sekerbayeva-gulzada-serzhan/28518792.html
  19. Законопроект об ЛГБТ зарегистрирован в парламенте. (орус.). https://kloop.kg/blog/2014/04/16/zakonoproekt-ob-lgbt-zaregistrirovan-v-parlamente/