Неопатриархат

Википедия дан

Неопатриархат (англ. neo- жаңы, заманбап +‎ patriarchy - коомдук же маданий системаларда эркектердин үстөмдүгү) – бул аялдын негизги адам укуктарына ээ болгон, бирок ошол эле убакта эркектин үстөмдүгү жоюлбаган, бийлик жана башкаруу структурасынын жаңы формасы. Патриархат – эркектер үстөмдүк кылган коомдун түзүмү, анда аял дээрлик толугу менен укуксуз, эркек үй-бүлө мүчөлөрүнө көз каранды.

Патриархат коомдун тарыхый жана структуралык өнүгүүсү аркылуу неопатриархатка өткөн, ал эркектердин үстөмдүгүнө негизделген салттуу патриархаттын бурмаланган формасы[1].

Мисс Тиинс Интернешнл, өспүрүм кыздар үчүн сулуулук конкурсу. Аялдарды (жашына карабастан) сексуалдык объект катары көрүп, сулуулук стандарттарына жооп бергендерине карата конкурстарга катыштыруу неопариархаттын бир белгиси.

Неопатриархат – аялдарды башкаруунун жаңы формасы, ал аялдын инсандыгын басуу жана үй-бүлөдө көз карандылыкты түзүү үчүн зомбулуктун ар кандай түрлөрү аркылуу иштейт. Патриархат азыр бардык үстүртөн жасалмалыгы жана айлакердиги менен постмодерндик цивилизациянын кийимине жамынса да, миңдеген жылдар мурун кандай болсо, дал ошондой эле бойдон иш алып баратат[2].

Неопатриархатты дагы жаңы патриархат, же уулдардын патриархаты деп аташат.

Сереп[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда өлкөлөрдүн көбүндө аялдардын билим алып, иштеп, саясий шайлоого катышып, бийликке шайланганын көрүү кадыресе көрүнүшкө айланды. Мунун баары патриархатка жана зордук-зомбулукка каршы күрөштүн, репродуктивдүү кысымдын жана аялды өзүнө кул кылып алган миң жылдык гендердик мамилелерди кайра карап чыгуунун аркасында мүмкүн болду[3]. Акыркы жүз жылдын ичинде аялдар зор мүмкүнчүлүктөрдү алышты, бирок бул патриархаттын жок болгонун билдирбейт, бул жалгыз гана салттуу патриархаттын жок болушун билдирет.

Салттуу патриархат бул аталардын, же башка бийлиги бар эркектердин чексиз үстөмдүгүн билдирген көрүнүш. Бул жагдайда аялдар дээрлик толугу менен укуксуз, тигил же бул даражада үй-бүлөнүн бардык эркек мүчөлөрүнө көз каранды, добуш берүүгө жана чечим кабыл алууга укугу жок. Жаңы патриархатта, аял негизги адам укуктарына ээ, аздыр-көптүр өз жашоосун башкара алат, качан жана кимге турмушка чыгууну чечет, болжол менен балдардын санын пландай алат, коомдук турмушка катышуу мүмкүнчүлүгү бар, ж.б., бирок, патриархаттын өзөгү ошол эле бойдон калды. Патриархалдык система кыйраган жок, ал жаңы реалдуулукка ылайыкташтырылып жаңыланды. Аял чындап эле эркектин көлөкөсүнөн чыгып, автономияга ээ болду, бирок аны кайрадан чектөө үчүн барган сайын ага жаңы талаптар коюлууда.

Салттуу (олд) патриархат менен неопатриараттын малыштырмалуу таблицасы.[4]

Неопатриархат жаңы мыйзамдар жана көзгө көрүнгөн теңчилик менен мүнөздөлөт, анткени конституцияда эркек менен аялдын тең укуктуулугу жазылган, эркектер жана аялдар чогуу окушат жана иштешет, өз ыктыяры менен баш кошушат. Бирок коомдо патриархалдык стереотиптер жана каада-салттар дагы деле күчтүү, аялдарга карата жек көрүү таралган, зордуктоо маданияты, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана ага байланыштуу виктимблейминг менен слатшейминг кеңири жайылган. Швед социологу Г.Терборн, эмансипация процесстеринин жана андан кийинки жаңы укуктардын орношунун натыйжасында эркек жана аял дүйнөсүн так бөлгөн эскирген патриархаттын ордуна, бир караганда бул бөлүнүштү жок кылган жана эки жынысты тең көргөң неопатриархат келди[5].

Бүгүнкү күндөгү абал - бул феминизмдин жеңиши эмес, бул маданий орнотмолор жана стереотиптер аркылуу аялдык бардык нерсени кыйыр түрдө басынтуудан турган маданий сексизмдин чыңалышы.[3]

Белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Неопатриархатта патриархаттын бардык белгилери сакталып жатат:

  • Бийлик жана ири капитал негизинен эркектердин колунда;
  • Ири саясатчылардын жана бизнесмендердин көбү эркектер;
  • Аялдардын эмгеги азыраак төлөнөт, айнек шып дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар;
  • Үй-тиричилик милдеттери "аялдардын" деп эсептелинет, экинчи нөөмөт;
  • Бала тууралуу бардык түйшүктөр энелеринде;
  • Сулуулук стандарттарынын алкагында аялдын сырткы көрүнүшүн сактоо милдети бар, үчүнчү нөөмөт;
  • Аялдарды сексуалдаштыруу жана объективдештирүү кеңиритаралган;
  • Порно жана сойкулукту мыйзамдаштыруу аракеттери;
  • Үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү.

Экономикалык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки жыныстын ортосундагы ресурстардын бөлүштүрүлүшү бирдей эмес бойдон калууда. Бул эмгек акы тармагында эң айкын көрүнүп турат. Дүйнө жүзү боюнча 2022-жылы аялдар эркектерге караганда 23% аз акы алышкан[6]. Кыргызстанда 2019-жылы аял 14 миң 421 сом алса, эми эркек киши 18 миң 724 сом алган. «Аялдар менен эркектердин эмгек акысынын деңгээлиндеги айырма аялдардын көбү эмгек акылары төмөн болгон билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеши менен шартталган», - деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет[7].

Дүйнөдө эмгек акыда эң чоң ажырымдардын бири Түштүк Кореяда - 31,5%[8], ошондой эле Түштүк Кореялык аялдардын жумушчу күчүндө катышуусу да эркектерге караганда 20% төмөн[9]. Жалпысынан жумушка орношо турган аялдын позициясы эркекке караганда начар. Анткени, иш берүүчү анын балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн эске алат, демек, анын кызматкер катары баалуулугу төмөндөйт. Ошол себептен аялдарды жоопкерчилиги жана акысы төмөнүрөөк кызматтарга орношууга аргасыз болушат. Дүйнө боюнча аялдардын иш күчү аз акы төлөнүүчү, аз квалификациялуу жумушта топтолгон[6]. Балалуу болгон аялдар деле ушундай абалда, анткени балдарга кам көрүү кызматтары бардыгы үчүн жеткиликтүү эмес. Демек аялдар балдарга кам көүү үчүн же жумушка азыраак убакыт бөлүшөт, же толугу менен иштен чыкып кетүүгө аргасыз болушат. Аялдар эркектерге караганда 2,5 эсе көп акы төлөнбөгөн жумуш аткарышат[6]. Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда 3 эсе көп үй иштерин аткарат.

Азыркы темп менен эсептегенде, дүйнөлүк гендердик эмгек акыдагы ажырымды жоюу үчүн 257 жыл талап кылынат[6].

Объективдештирүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир аял жашоосунда объективдештирүүнүн тигил же бул түрүнө туш болгон. Неопатриархалдык орнотмолор жарнама, кино тасмалар жана порно индустриясы аркылуу аялдын денесинин ар бир мүчөсүнө белгилүү бир функцияны жүктөгөн. Кино жана оюндар аялды ашыкча сексуалдык мүнөздөгү, ачык же өтө тар кийимдер менен көрсөтөт, жарнама жана мода көрсөтмөлөрүндөгү аял образдар чыныгы аял көрүнүшүнөн алыс жана көпчүлүк үчүн жеткиликтүү эмес. Наоми Вулф, "Сулуулук жөнүндө уламыштар" китебинде мындай деп жазган: «Аялдарга багытталган жарнама биздин өзүн-өзү сыйлоо сезимибизди төмөндөтөт. Эгер бизди жакшы кылып көрсөтсө, эффективдүү болбой калат”. Н.Вульф ошондой эле неопатриархат кайрадан аялды оорулууга айлантууга аракет кылып жатат деп эсептейт, бирок бул жолу истерия жана нерв оорулары аркылуу эмес, бул жолу аялдын жеткилең эместигин таңуулап, чексиз диеталарды кармоого мажбурлап жана азаптуу сулуулук ыкмаларын колдонуу аркылуу[10].

Симона де Бовуар объект катары кабыл алынган аял өзүнүн субъективдүүлүгүнүн чегинен чыга албайт, ошондуктан коом ага актуалдуу кылган аялдык көйгөйлөрүнүн айланасында гана айланууга аргасыз деп жазган[11]. Неопатриархат, бир жагынан, аялга үй же карьераны тандоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт, бирок ошол эле учурда айнек шып, айлык акынын теңсиздиги, басмырлоо, ыдык көрсөтүү, ар дайым өчпөс сулуу образын сактай албоо аялды үй-бүлөлүк очокко кайра кайтарууга мажбурлайт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ume Habiba, Rabia Ali, Asia Ashfaq (March 2016). "From Patriarchy to Neopatriarchy: Experiences of Women from Pakistan". International Journal of Humanities and Social Science 6 (3). 
  2. R. Bahlieda, Chapter 1: The Legacy of Patriarchy (англ.) Counterpoints , 2015, Vol. 488, THE DEMOCRATIC GULAG: Patriarchy, Leadership & Education (2015), pp. 15-67. Текшерилген күн: 28.04.2023.
  3. 3.0 3.1 А. Азарова, Неопатриархат как основа формирования новой женской субьективности (орус.) Актуальные проблемы современной науки: исторические, философские, методологические аспекты. Курск, 2021. Текшерилген күн: 29.04.2023.
  4. Неопатриархальная женщина (орус.) Текшерилген күн: 29.04.2023.
  5. Therborn G. Between Sex and Power. Family in the World, 1900-2000. – London & New York: Routledge. 2004.
  6. 6.0 6.1 6.2 6.3 UN. Closing gender pay gaps is more important than ever (англ.) 18.09.2022 Текшерилген күн: 29.04.2023.
  7. М. Калыков, «Женщины зарабатывают меньше мужчин и больше времени тратят на домашние дела». Что рассказал Нацстатком о кыргызстанках к 8 марта (орус.) 08.03.2021. Текшерилген күн: 29.04.2023.
  8. Global Gender Gap Report 2021 INSIGHT REPORT MARCH 2021 Текшерилген күн: 29.03.2023.
  9. Shiyu Pan, The gender pay gap in South Korea. 3.08.2022 (англ.) Текшерилген күн: 29.04.2023.
  10. Naomi Wolf, The Beauty Myth: How Images of Beauty are Used Against Women 1990 жыл. ISBN: 9780099595748
  11. Бовуар С. де. Второй пол. Т. 1 и 2: (орус.) М.: Прогресс; СПб.: Алетейя, 1997. 832с.