Шведдер

Википедия дан

Шведдер, свенскар (эскиче свейлик немистер деп аталган) - эл, Швеция королдугунун негизги калкы.

Ошондой эле Испанияда (65 миң), АКШда (4500 миң), Норвегияда (28,73 мин), Австралияда (100 миң) да жашашат. Жалпы саны 15 млн киши, а. и. Швецияда 9 455 134 (2011). Швед тилинде сүйлөшөт. Дини боюнча лютерандар, католиктер, баптистер да бар. Швед эли 9-11-кылымда түндүк герман урууларынын (свейлер, готтор же ёттор ж. б.) биригишинен пайда болгон. Шведдердин этностук негизин готтор (юттар же азыркы датчандардын ата-бабалары) жана свейлер түзгөн, ошондой эле Шведдердин этногенезине финндер жана саамдар да катышкан. Алар финндик Шведдер балтикалык Шведдер жана америкалык Шведдер б. субэтностук топторго бөлүнөт. Швед улуту 17-18-кылымдарда калыптанган. Шведдер дыйканчылык, мал чарбачылык, балык кармоочулук жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Азыркы мезгилде Шведдердин көбү өнөр жайларда иштешет. Эркектери тик жака көйнөк, тизеге чейин ыштан, байпак, күрмө, желет, башына калпак кийишет. Аялдары ак кендирден узун жеңдүү көйнөк, жакасы жана көкүрөгү саймаланган кофта, кенен узун юбка, бутуна туфли кийип, алжапкыч тагынып, башына чепец (кеп такыя сымал баш кийим) киет. Салттуу майрамдык тамак-ашы - мейиз кошулган күрүч ботко, куурулган каз эти, алма торту, печенье жана таттуу пиво.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4