Свейлер

Википедия дан
Свейлер отурукташкан аймак (сары түстө). Швеция XII к.      Свейлер     götar     Guta

Свейлер (швед. svear, sviar) — байыркы герман уруусу. Азыркы Швециянын ортоңку жана чыгыш (Уппланд провинциясы, Аланд аралдары) бөлүгүндө жашашкан.


Свейлер тажрыйбалуу деңизчилер жана жоокерлер болгон. Ошонун аркасы менен алар байыркы булактарда көп эскерилет (Тациттин «Германия» чыгармасында б.з.1 к., Иордандын «Гетика» 6 к. ж.б.). Свейлер Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан жерлерге каракчылык жортуулдарды жасашкан (к. Викингдер).
IX-кылымдан баштап свейлердин этноними азыркы Швециянын бүткүл калкы үчүн жалпы аталышка айланган. Свейлердин этнониминен Швециянын аталышы алынган: Sverige = svea+rige (швед.«свейлердин мамлекети»). Свейлер гёттер жана готланддар менен бирге швед улутун түзүшкөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]