Одри Лорд

Википедия дан
Одри Лорд

Одри Лорд Остинде, Техас штатында, 1980-жыл.
Туулгандагы ысымы:

Одри Джеральдин Лорд

Туулган датасы:

18-февраль 1934-жыл

Туулган жери:

Нью-Йорк, АКШ

Өлгөн датасы:

17-ноябрь 1992-жыл

Өлгөн жери:

Санта-Крус, АКШ

Жарандыгы:

АКШ

Ишмердүүлүгү:

жазуучу, акын, жарандык укук коргоочу, мугалим, феминист

Одри Лорд (англ. Audrey Geraldine Lorde) – америкалык жазуучу, профессор, философ, феминист, акын жана жарандык укук коргоочу. Ал өзүн "кара, лесбиянка, феминист, социалист, эне, жоокер, акын" деп мүнөздөгөн, ал өзүнүн өмүрүн жана талантын адилетсиздиктин бардык түрлөрүнө каршы турууга арнаган, анткени ал "эч кандай эзүү иерархиясы" болбошу керек деп эсептеген. [1] [2]

Акын катары ал техникалык чеберчилиги жана эмоционалдык экспрессиясы, ошондой эле ал жарандык жана социалдык адилетсиздикке болгон ачуусун жана кыжырдануусун билдирген ырлары менен белгилүү. Анын ырлары жана прозалары негизинен жарандык укуктар, феминизм, лесбиянизм, оору жана майыптуулук, ошондой эле кара аялдардын иденттүүлүгүн изилдөөгө байланыштуу маселелерге арналган. [3] [2] [4]

Алгачкы жылдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Одри Лорд 1934-жылы 18-февралда Нью-Йоркто Кариб иммигранттар үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Атасы Барбадостук Фредерик Байрон Лорд, апасы Линда Гертруда Бельмар Лорд Гренадага таандык Карриаку аралынан болгон. Одринин апасынын теги аралаш болгонго карабастан, ал испан катары өтө алган [5], анын үй-бүлөсү бул менен сыймыктанган. Атасы Фредерик Байрон, Линда Бельмарлар уй-бүлөсү каалагандан дагы карараак болгону үчүн, үй-бүлө Бельмардын сүйкүмдүүлүгү, амбициясы жана өжөрлүгү үчүн түгөйлөргө баш кошууга уруксат беришкен. [6] Жаңы үй-бүлө Гарлемде отурукташкан. Одри Лорд апасынын Вест-Индия жөнүндө аңгемелерин угуп чоңойгон. Төрт жашында ал сүйлөгөндү, окуганды жана жазганды үйрөнгөн. Ал биринчи ырын сегизинчи класста жазган.

Одринин ата-энеси менен болгон мамилеси кичинекей кезинен эле татаал болгон. Ал атасы жана апасы менен өтө аз убакыт өткөргөн, алар Улуу Токуроодон кийинки коогалаңдуу экономикада кыймылсыз мүлк бизнесин жүргүзүү менен алектенишкен. Одринин энеси менен болгон мамилеси "катаал сүйүү" жана үй-бүлөлүк эрежелерди катуу сактоо менен мүнөздөлгөн. [7] Одринин апасы менен болгон оор мамилеси анын кийинки ырларында чагылдырылган, мисалы Coal "Story Books on a Kitchen Table" поэзия жыйнагында өзгөчө орун алган. [2]

Карьера[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Одри Лорд. Сүрөтчү Эльза Дорфман.

Одри 1954-жылы Мексика Улуттук университетинин студенти катары маанилүү жылды өткөргөн. Бул мезгилди ал ырастоо жана жаңылануу мезгили катары мүнөздөгөн. 1959-жылы Нью-Йоркто Хантер колледжин бүтүргөн. Ал жерде китепканачы болуп иштеп, жазуусун улантып, Гринвич айылындагы гей маданиятынын активдүү катышуучусу болгон. Ал Колумбия университетинде билимин өркүндөтүп, 1961-жылы китепкана таануу боюнча магистр даражасын алган. Бул мезгилде ал Нью-Йорктогу Вернон тоосуна жакын жерде коомдук китепканачы болуп иштеген. [8]

1968-жылы Одри Миссисипидеги Тугалу колледжинде резиденциядагы жазуучу болгон. Анын Тугалу колледжиндеги убакты, Мексиканын Улуттук университетиндеги жыл сыяктуу эле ал үчүн калыптандыруучу тажрыйба болгон.

1972-жылдан 1987-жылга чейин ал Стейтен аралында жашаган. Бул убакта, жазуу жана окутуудан тышкары, "Kitchen Table: Women of Color Press" басмасын биргелешип негиздеген. [9]

1977-жылы Одри Басма сөз эркиндиги үчүн аялдар институтунун (WIFP) өнөктөшү болгон. [10] WIFP – америкалык коммерциялык эмес басма сөз уюму. Уюм аялдардын ортосундагы байланышты күчөтүү жана коомчулукту аялдарга негизделген медиа формалары менен байланыштыруу үчүн негизделген.

Одри 1969-жылдан 1970-жылга чейин Леман колледжинде билим берүү бөлүмүндө сабак берген, [11] андан кийин 1970-жылдан 1981-жылга чейин Джон Джей Жазык сот адилеттиги колледжинде (Нью-Йорк Сити университетинин бөлүгү, CUNY) англис тили боюнча профессору болуп иштеген. Ал жерде кара изилдөөлөрү боюнча бөлүмүн түзүү үчүн күрөшкөн. [12] 1981-жылы ал Хантер Колледжинде (ошондой эле CUNY) сабак берген. [13]

1980-жылы Барбара Смит жана Черри Морага менен биргеликте түстүү аялдар үчүн АКШдагы биринчи "Kitchen Table: Women of Color Press" басмаканасын негиздеген.

1981-жылы Лорде Сент-Круа аялдар коалициясынын [14] негиздөөчүлөрүнүн арасында болгон, бул уюм сексуалдык зомбулуктан жана интимдик өнөктөш зомбулуктан аман калган аялдарга жардам көрсөтүүгө арналган. 1980-жылдардын аягында ал апартеидден жана башка адилетсиздиктен жапа чеккен кара аялдарга кам көрүү үчүн Түштүк Африкада "Sisterhood in Support of Sisters" (SISA) түзүүгө жардам берген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. There is not hierarchy of oppressions. https://search.library.wisc.edu/digital/AZV6IH7UCTMVC28H/pages/ACCJYSKQQRVM3T87. 
  2. 2.0 2.1 2.2 Audre Lorde 1934-1992. Poetry Foundation.
  3. Audre Lorde. Big Lives: Profiles of LGBT African Americans.
  4. The Magic and Fury of Audre Lorde: Feminist Praxis and Pedagogy.
  5. Lorde, Audre (1982). Zami: A New Spelling of My NameFree registration required. Crossing Press. 
  6. De Veaux, Alexis (2004). Warrior Poet: A Biography of Audre Lorde. W. W. Norton & Company, Inc. pp. 7–13. ISBN 0-393-01954-3. 
  7. De Veaux, Alexis (2004). Warrior Poet: A Biography of Audre Lorde. W. W. Norton & Company, Inc. pp. 15–20. ISBN 0-393-01954-3. 
  8. Audre Lorde's Life and Career. Текшерилген күнү 13 Апрель 2024. Түп булактан архивделген күнү 21 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  9. Audre Lorde Residence. NYC LGBT Historic Sites Project.
  10. Associates |  The Women's Institute for Freedom of the Press.
  11. Susan PerryMorehouse Lorde, Audre (1934–1992) (2002).
  12. Justice Matters (2015). Текшерилген күнү 13 Апрель 2024. Түп булактан архивделген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  13. Cook, Blanche Wiesen; Coss, Claire M. (2004). "Lorde, Audre". In Ware, Susan. Notable American Women: A Biographical Dictionary Completing the Twentieth Century, Volume 5. Cambridge, MA: Harvard University Press. p. 395. 
  14. Kimberly W. Benston (2014). Gates, Henry Louis Jr.; Smith, Valerie A., eds. The Norton Anthology of African-American Literature: Volume 2 (Third ed.). W. W. Norton & Company, Inc. pp. 637–39. ISBN 978-0-393-92370-4.