Апартеид
Көрүнүш
Апартеид (африк. apartheid – бөлөк жашоо) – расалык дискриминациянын ашынган, катаал формасы. Калктын бир тобунун саясий, социалдык-экономикалык жана граждандык укуктардан ажырагандыгын жана алардын өтө чектелгендигин көрсөтөт, аларды резервацияга бөлүп коёт. Түштүк-Африка Республикасы 1994 жылга чейин апартеид саясатын жүргүзүп келген. Дүйнөлүк коомчулуктун таасири астында апартеидден баш тарткан.
Кошумча караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9