Зордуктоо

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search
1876-жылдагы Апрель көтөрүлүшү учурунда Осмон аскерлеринин болгар аялдарына болгон зордуктоосун чагылдырган сүрөт

Зордуктоо – Адамдын жыныстык колтийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш. Зордуктоо – адамдын эркине каршы бир же бир нече адам жыныстык катнашка барган сексуалдык зомбулуктун түрү.[1] Зордуктоо терминин кээде сексуалдык зомбулук термини алмаштырат.[2] Ага Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, жабырлануучунун же анын жакын адамынын алсыздык абалынан пайдалануу менен, күч колдонуп зордуктоосу, зордуктоого жасаган аракети кирет. Зордуктоо адамдын алсыз учурунан (эс-учун жоготуу, мас абалы, психикалык оору, жашы жете электик, физикалык жактан алсыздык) пайдаланып, анын макулдугусуз күч колдонуп, коркутуп, психологиялык басым жасоо менен жасалышы мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасы боюнча, адамдын сексуалдуулугуна каршы мажбурлоо аркылуу колдонулган бардык аракеттер зордукчунун курмандык (жабырлануучу) менен өз ара мамилесине, кылмыш кайсы жерде жасалганына карабай бардык жыныстык катнаш же аны жасоого аракет зордуктоо деп эсептелет.[1]

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Антикалык тарыхчылар байыркы Римде Лукреция аттуу айымдын зордукталганын жазып калтырышкан. Падышанын уулу Секст Тарквиний (б.з.ч. 509-10-жылдар) Лукрециянын сулуулугуна арбалып калып, аны курал менен коркутуп зордуктаган. Лукреция окуяны күйөөсүнө айтып, анын көз алдында өзүн-өзү өлтүрөт. Адабиятта жана көркөм искусстводо Лукреция тиранга багынбаган эрдиктин символу катары, ал эми зордукчу ханзаада тирандын образында каралат.[3] Джоанн Берке да өзүнүн “Зордуктоо: 1860-жылдан азыркы учурга чейинки тарых” деген китебинде зордуктоо тарыхый көрүнүш, ал доордон жана коомчулук тарабынан кабыл алынган этикалык нормалардан көз каранды түшүнүк деп белгилейт.[4]

Ветхий Завет укугунун мезгилинде зордуктоодо аялдар өлүм жазасына тартылган эмес: эгер зордуктоо ээн талаада болуп, кыз жардам сурап кыйкырып, бирок аны куткара турган эч ким жок болсо. Андайда зордукчуну гана ташбараңга алышчу. Эгер зордуктоо шаарда болсо (кыйкырык кимдир бирөөгө угула турган жерде) же кыз жардам сурап кыйкырбаса, анда бул зордуктоо эмес, зынаакорлук деп эсептелип, экөө тең өлүм жазасына тартылган.[5]

Заманбап жашоодо зордуктоонун маанилүү элементи деп зордуктоо кылмышынын өзү гана эмес, жабырлануучу тараптын жыныстык катнашка макулдугунун жоктугу да эсептелет.

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү статистика[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял (30 пайыз) өмүрүндө бир жолу физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылышат.[6] Сексуалдык зомбулук боюнча так статистиканы түзүү мүмкүн эмес, анткени жабырлануучулардын көбү өздөрүнө жасалган кылмышты айтып чыгуудан коркушат. Дүйнө жүзү боюнча 15 миллионго жакын өспүрүм кыз (15-19 жаштарда) өз жашоосунун кайсы бир бөлүгүндө секске мажбурланган деп айтылат.[7] Учурда 3 миллиард аял жана кыз никедеги зордуктоо кылмыш деп эсептелбеген өлкөлөрдө жашашат. Зордуктоо кылмышы боюнча дүйнөдө Түштүк Африка алдыда турат: 100 000 адамга 66 196 зордуктоо туура келет.[8] Бангладеш – зордуктоонун деңгээли жогорку өлкөлөрдүн бири. Бул мамлекетте 100 000 адамга 11 682 зордуктоо туура келет. Ain-o-Salish Kendra (ASK)  укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын январынан сентябрына чейин Бангладеште 925 зордуктоо кылмышы катталган, мунун 208и топтук зордуктоо. World Population Review уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө аялдардын 35 пайызы өз өмүрүндө сексуалдык зомбулукка кабылышат.[8] Дүйнөдө күн сайын 137 аял гендердик зомбулуктан каза болот, мындай зомбулуктун жабырлануучуларынын 40 пайызы гана жардам сурап кайрылары айтылат.[9]

Кыргызстандын расмий органдары акыркы жылдары өлкөдө зордуктоо өсүп жатканын ырастап жатышат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2021-жылдын январь-июнь айларында зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу 2020-жылдын аталган мезгил аралыгына салыштырмалуу 34 пайызга өстү. 2014-жылы 140 адам, 2015-жылы 130 адам, 2016-жылы 113 адам, 2017-жылы 86 адам, 2018-жылы 106 адам зордуктоо кылмышы боюнча соттолгон.[10]

2011-2020-жылдар аралыгындагы зордуктоого карата чыккан сот өкүмдөрү (КРнын Жогорку Сотунун базасындагы 136 өкүм) изилденди.[11] Соттолгондордун ичинен 45 адам жабырлануучунун таанышы, 26 адам коңшусу, 26 адам бейтааныш, 11 адам мурдагы өнөктөшү болгон. Ушул эле изилдөөлөр зордуктоолордун көбү жабырлануучунун үйүндө болорун көрсөттү. 136 окуянын ичинен: 47 факты жабырлануучунун үйүндө, 32 окуя көчөдө, талаада, сейил бакта жана токойдо, 16 факты автоунаада, 14 окуя зордукчунун үйүндө, 12 окуя башка жерлерде, 7 окуя короодо, сарайда, 4 окуя эч ким жашабаган имаратта, 4 окуя жумуш ордунда болгон.[11] Кыргызстандын Жогорку Сотунун маалыматында, акыркы 10 жылда соттор зордуктоо фактысы боюнча 2786 ишти карап, 1009 адамга кылмыш ишин токтоткону айтылат. 1455 адам соттолсо, 85 адам акталып кеткен.

Түрлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Зордуктоонун жалпы коомчулук тааныган бир нече түрлөрү бар, алардын бири – куралдуу жаңжал мезгилиндеги же согуш маалындагы сексуалдык зомбулук. Бул – согуш, куралдуу жаңжал же аскердик оккупация маалында аскерлер тарабынан жасалган зордуктоо, жабырлануучу тарапты сойкулук кылууга же сексуалдык кулчулукка мажбурлоо.[12] Бул аракет адатта каршылашты деморализациялоо максатында психологиялык согуштун куралы катары колдонулат. Айрым жоокерлер өз алдынча жалгыз зордуктаган учурлар да, согуштун катышуучусу болгон аскердик түзүмдүн жетекчилигинин демилгеси менен массалык зордуктоо учурлары да кездешет. 1990-жылдары эл аралык куралдуу жаңжал учурунда орун алган мындай зомбулук эл аралык укуктун бир катар актыларында тынчтыкка жана адамзатка каршы кылмыш катары карала баштаган.[13]

Топтук зордуктоо – бир адамга бир нече адамдан турган топтун сексуалдык зомбулук көрсөтүшү. Бул дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кездешет. Топтук зордуктоого экиден көп, көбүнчө 3 зордукчу катышат.[14] Адатта топтук зордуктоо үчүн жаза жогору болот.

Адамдын алсыз абалынан пайдаланып зордуктоо – бул адамдын физикалык жана психикалык абалы (акыл-эси жайында эмес болсо же башка психикалык оорулары болсо, дене мүчөлөрүндө кемчилик болсо, мас абалында болсо, жашы жете электер же улгайган адамдар болсо) ал жасап жаткан иш-аракеттин маңызын түшүнүүгө мүмкүндүк бербеген учурда жасалган сексуалдык зомбулук же аны жасоого карата аракет.

Дары ичирип зордуктоо – байкатпай дары ичирип, анын таасири астында (уктап калса, эс-тутумду жоготсо жана башка) зордуктоо. Дарынын таасири астында жабырлануучу болуп өткөн окуяларды, мисалы, зордуктоонун өзүн эстей албай калышы мүмкүн.

Никедеги сексуалдык зомбулук – өнөктөштөрдүн бири экинчисинин каалоосуна каршы (никелүү жубайлар деле) жыныстык катнашка мажбурлоо. Мисалы, күйөөсү аялынын каршы экенине карабай кайсы бир ыкмада катнашка барууну талап кылса. 1970-жылдардан бери бир топ өлкөлөр мындай аракетти сексуалдык кылмыш катары тааныйт.

Зордуктоонун кесепеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Зордуктоонун кесепеттери, адатта, булар болот: экстрагениталдык жабыркоо, гениталдык жабыркоо, психологиялык травма, жыныстык жол менен жугуучу ооруга чалдыгуу (сифилис, гонорея, трихомониаз жана башка), ВИЧ инфекциясы, кош бойлуулук.[15]

Гениталдык травма – гимендин жабыркашы, жыныс эриндеринин сыйрылышы, жаракат алышы жана башка. Жашы жете электер зордуктоонун кесепетин абдан оор тартышат, мисалы, айрымдарда табарсык жана көтөн чучук жабыркашы мүмкүн, мындайда чукул операция жасоо талап кылынат.[16] Экстрагениталдык травмага зордукчуга каршылык көрсөтүүдө дуушар болгон бардык жабыркоолор кирет: теринин көгөрүшү, сыйрылышы, кесилиши, булчуңдардын айрылышы, муундардын кайрылышы, тиштөө жана башка. Зордуктоо аналдык жол аркылуу жасалганда көтөн чучук жабыркайт, кан кетиши мүмкүн[16]. Физикалык оорутуу жабырлануучуда бир нече жума бою болот.              

Зордуктоонун психологиялык кесепети адамды бир нече жылдарга, кээде өмүр бою коштоп жүрүшү мүмкүн. Кылмыштан кийинки алгачкы сааттарда жабырлануучу көбүнчө өзүн абдан эмоционалдуу алып жүрөт, истерикага түшөт, ыйлайт же тескерисинче, өзүн бекем кармайт, эмоциясын көп билдирбейт, нес абалында болушат. Мындайда убакыттын өтүшү менен жабырлануучуда эмоционалдык реакциялар байкалат. Өзүн күнөөлүү сезүү, уялуу, жардамсыз калуу, ишенбестик, коркуу, уйкусуздук жана башка. Дээрлик зордуктоого кабылган бардык жабырлануучулар депрессияга кабылышат.[17]

2013-жылкы аналитикалык изилдөөлөр көрсөткөндөй, сексуалдык зомбулукка кабылган аялдарда АИВ таратуу көрсөткүчү сексуалдык өнөктөшү тарабынан зомбулукка кабылбаган аялдарга караганда 1,5 эсе жогору болот.[18]

Бала кезде сексуалдык зомбулукка кабылгандар кийин бойго жеткенде психикалык жана физикалык травмадан көп жапа чегишет.[19] Мисалы:

  • Кайрадан травма алып калуу коркунучунда болушат
  • Суициддик жүрүм-турум тобокелдиги бар топто болушат
  • Коомдон обочолонуудан жапа чегишет
  • Бирөөгө ишениши кыйындайт жана башка

Зордуктоо адаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Зордуктоо адаты– аялдык изилдөөлөр жана феминизм теориясынан улам жаралган термин, ал зордуктоону же сексуалдык зомбулукту кадимки көрүнүш катары сыпаттап, үстөмдүк мамилелерди, нормаларды, тажрыйбаларды нормалдаштырат, жол берилүүчү нерсе катары карайт, кээде аялдарга карата сексуалдык зомбулукту актайт. Зордуктоо маданияты изилдөөлөрдүн темасы болгону менен, аны кантип аныктоо керек, конкреттүү критерийлери кандай деген маселеде бирдиктүү пикир жок. Буга байланышы бар түшүнүктөр деп курмандыкты айыптоо, сексуалдык объективдештирүү, зордуктоону коомдо кездешчу кадимки көрүнүш катары кабыл алуу, сексуалдык зомбулуктун жагымсыз кесепетин таануудан баш тартуу жана башка факторлор айтылып келет.[20] Зордуктоонун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын колдогон айрым уюмдар “зордуктоо маданияты” терминин көп колдонууну сындашат. Алар мындай учурда жоопкерчилик кылмышкерге “маданият” катары тагылып, зордуктоо – аң-сезим менен кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы болуп калат дешет.[21]      

Виктимблейминг[оңдоо | булагын оңдоо]

Виктимблейминг (англ. Victim blaming, “курмандыкты айыптоо”) – кылмыштын, каргашалуу окуянын же зомбулуктун бардык түрүнүн жоопкерчилиги толугу менен же анын бир бөлүгү жабырлануучуга жүктөлгөн көрүнүш.[22] Кыргызда бул “ошону көрмөксүң”, “өзүң күнөөлүүсүң” деген уяткаруу же жемелөө көрүнүшү менен кездешет. “Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт” деген макал дагы виктимблеймингдин айныксыз далили. Социалдык психологиянын көз карашынан караганда, курмандыкты айыптоо – адилеттүү дүйнөгө ишеним феноменинин үзүрү. Бул феномен “дүйнө адилеттүү куралган, жакшы адамдар бактылуу жашоого, начар адамдар кыйналууга, жазаланууга ылайык” деген идеологияны карманат.[23]

Слатшейминг[оңдоо | булагын оңдоо]

Слатшейминг (англ. Slut – сойку, shaming – уяткаруу) – сексуалдуулукка карата коомдук нормаларга дал келбеген жүрүм-турумга жана келбетке ээ аялдарды же кыздарды сындаган көрүнүш.[24] Слатшейминг дресс-кодду бузуу (өтө сексуалдуу кийинүү), контрацепцияга жеткиликтүүлүк жөнүндө суроо-талаптар, никеге чейинки секс, кокустан жасалган жана баш аламан секс, сойкулукка аралашуу[25] жана башка көрүнүштөргө карата колдонулат.        

Зордуктоого каршы мыйзамдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Европанын 12 өлкөсү (Улуу Британия, Ирландия, Бельгия, Германия, Люксембург, Дания жана башка) эки өнөктөштүн биринин макулдугу болбогон сексти зордуктоо деп тааныйт. Башкача айтканда, өнөктөш жыныстык катнашка барууга макул экенин сөз менен же кыймыл-аракети менен даана көрсөтүп же сездириши керек, унчукпай коюу – макул болду дегендик эмес.[26] Улуу Британияда жыныстык кылмыштарга 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Украинада зордуктоо кылмышына 3-5 жылга абакка кесүү нормасы иштейт. Ушул эле кылмыш адамдардын тобу тарабынан жасалса 10 жылдан 12 жылга чейин, жашы жете электерди зордуктагандар 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.[27]

Кытайда зордуктоого айыпталгандар өлүм жазасына тартылышат (эгер зордуктоо өзгөчө ырайымсыздык менен коштолсо, бир нече жолу зордуктаса, курмандыкты коомдук жайда зордуктаса жана башка). Эң жеңил жаза – 3-10 жылга эркинен ажыратуу.[28]

Сауд Арабиясында шарият мыйзамдары иштейт - зордуктоо кылмышына айыпталгандарды эл алдында өлүм жазасына тартуу (айрым учурларда башы алынат) же ташбараңга алуу жөрөлгөсү сакталуу. Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, 2019-жылы аталган өлкөдө 184 адам өлүм жазасына тартылган, мунун ичинен бирөө жашы жете элек өспүрүм. 1985-жылдан 2016-жылга чейин 2 миң адам өлүм жазасына тартылган.[29]

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, зордуктоо кылмышына 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Зордуктоо адамдар тобу тарабынан жасалса, коркутуу менен жасалса, жабырлануучуга жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктурса 8 жылдан 15 жылга эркинен ажыратуу жазасы иштейт. Жашы жете электерди зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ушул эле кылмыш жаш балдарга жасалса, 20 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал.[30]

Францияда 15 жылдан өмүр бою эркинен ажыратуу, Норвегияда 4-15 жылга эркинен ажыратуу, АКШда федералдык мыйзамдар боюнча бир нече жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейинки жазалар каралган. 

Жабырлануучуну дарылоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Сексуалдык зомбулук көптөгөн психикалык жана физикалык кесепеттерге алып келет.[19] Медициналык кароо жүргүзүлгөндөн кийин жабырлануучуга жуунуп алууга, кийимин которууга, оозун чайкап алууга жана зарыл болгон учурда дааратканага барууга мүмкүнчүлүк берилет. Медициналык кароодон мурда далилдерди жоготпош үчүн жуунуу сунушталбайт. Денедеги бардык жаракаттар тазаланып, таңылат. Жыныс органдарындагы жаракаттарга хирургиялык ыкма керектелиши мүмкүн. Зордуктоодон кийинки 72 саат абдан маанилүү. Бул убакыттын ичинде айрым оор кесепеттердин алдын алууга болот, мисалы, венерикалык оорулардын, кааланбаган кош бойлуулуктун жана башка.[31]

Алдын алуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Сексуалдык зомбулук коомдун бардык бөлүктөрүнө таасирин тийгизгендиктен, сексуалдык зомбулукка каршы чара комплекстүү. Жооптор индивидуалдык мамиле, саламаттыкты сактоо чаралары, коомчулукка негизделген аракеттер жана сексуалдык зомбулуктун башка түрлөрүн алдын алуу боюнча иш-аракеттер катары категорияларга бөлүнөт.[32]

Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитет гендердик зомбулукту жоюу боюнча мамлекеттерге өз сунуштарын берип келет.[33] Мисалы, аялдарга карата гендердик зомбулукту жоюу процессин тездетүү үчүн зомбулукту эскертүү, зомбулуктан коргоо, сот аркылуу күнөөлүүнү жазалоо, келтирилген зыяндын ордун толтуруу, маалыматтарды жыйноо жана мониторинг жүргүзүү, эл аралык кызматташтык жаатында чечимдерди кабыл алуу сунуштары. Бардык чечимдер жабырлануучунун кызыкчылыгын жана алардын эркиндигин коргошу керек деп эсептейт. Комитет көптөгөн мыйзамдык чараларды сунуштайт, айрымдары булар:

– аялдарга карата бардык гендердик зомбулук кылмыш катары каралышы керек;

– укуктук систем гендердик зомбулукка кабылган аялдарды коргоону камсыздап, жабырлануучу аялдарга укуктук адилеттүүлүктү жеткиликтүү кылууга тийиш;

– дискриминациялык мүнөзгө ээ салттык жана диний укуктар жокко чыгарылышы керек жана башкалар.

Сексуалдык макулдук[оңдоо | булагын оңдоо]

Сексуалдык макулдук курагы – адамдын башка адам менен жыныстык катнашка барууга эркин жана аң-сезимдүү макулдук берүүгө жөндөмдүү деп эсептелген юридикалык мүнөзгө ээ жаш курак чеги.[34] Көпчүлүк мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда бул курак – 16 жаш деп жазылган. Айрым мамлекеттерде бул 14 жаш, Японияда – 13 жаш. Сексуалдык макулдук курагын никеге турууга укуктуу болгон жашы жетүү курагы (нике курагы) менен чаташтырбоо керек. Кыргызстанда жана башка көпчүлүк өлкөлөрдө нике курагы – 18.

Секске макулдук эки жактан тең кабардар кылынган жана ыктыярдуу мүнөздө болууга тийиш. Өнөктөштөрдүн экөө тең кабыл алынган чечимге таасир эте турган бири-биринин өзгөчөлүктөрү, ар кандай оорулары, берген артыкчылыктары жана башка учурлары тууралуу билип туруп жыныстык катнашка барышат.[35] Манипуляциялар, сунушту четке каккандыгы үчүн коркутуулар – ыктыярдуу эмес, эрксиз мамиленин белгилери. Жыныстык катнашка баруу тууралуу чечим аң-сезимдүү түрдө кабыл алынуусу шарт. Өнөктөштөрдүн биринин жаш курагы макулдук курагына жетпесе же алкоголь же баңгизат колдонуудан улам акыл-эс жагынан өзгөрүүлөргө дуушар болсо, ал өзүнүн иш-аракеттерине жоопкерчилик ала албайт. Жыныстык катнашка баруу жөнүндөгү чечим сексуалдык мүнөздө болууга тийиш. Адам башка нерсени (баарлашууну, көңүл бурууну жана башка) эмес, бир гана сексти каалоосу зарыл. Жогорудагы пункттардын баарын талкуулап отуруу шарт эмес, баштапкы кыймыл-аракетке, мамилеге карата өнөктөштүн реакциясын көрө билүү зарыл, дүүлүгүүнүн белгилерин имитациялоо мүмкүн эмес дешет адистер.[35]

  1. 1.0 1.1 E.G. Krug, L.L. Dahlberg, J.A. Mercy, A.B. Zwi and R.Lozano "Sexual violence chapter 6". World Health Organization[en]. 2002. Кирүү күнү: бугу айынын 27, 2022.
  2. Petrak, Jenny; Hedge, Barbara, eds. (2003). The Trauma of Sexual Assault Treatment, Prevention and Practice. Chichester: John Wiley & Sons. бет. 2. (англ.) ISBN 978-0-470-85138-8.
  3. Коптев А. В. История добродетельной Лукреции: между литературой, правом и ритуалом. https://cyberleninka.ru/article/n/istoriya-dobrodetelnoy-lukretsii-mezhdu-literaturoy-pravom-i-ritualom
  4. J. Bourke. Rape: A History from 1860 to the Present 2008 (англ.)
  5. Второзаконие 22:25-27
  6. Всемирная организация здравоохранения, Насилие в отношении женщин 2021
  7. https://www.unwomen.org/sites/default/files/Headquarters/Attachments/Sections/News%20and%20events/Stories/2019/RU_pressrelease16Days2019.pdf
  8. 8.0 8.1 World Population Review. “Өлкөлөр боюнча зордуктоолордун статистикасы-2020” https://worldpopulationreview.com/
  9. Посол доброй воли УВКБ ООН Манижа посетила Алматы в рамках глобальной кампании против гендерного насилия // 2021 (орус.)
  10. Улуттук статистика комитети // http://stat.kg/kg/statistics/prestupnost/
  11. 11.0 11.1 А.Токоева, Сосед, знакомый, партнер. Кого и как судят за изнасилования в Кыргызстане — исследование «Медиазоны» 2021 (орус.)
  12. Люси Эш, Изнасилование Берлина: неизвестная история войны 2015, (орус.)
  13. Heidi Nichols Haddad, Mobilizing the Will to Prosecute: Crimes of Rape at the Yugoslav and Rwandan Tribunal 2010 (орус.)
  14. Neumann, Stephani. Gang Rape: Examining Peer Support and Alcohol in Fraternities. Sex Crimes and Paraphilia. Hickey, Eric W., 397-407
  15. Erin G. Clifton, Medical Examination of the Rape Victim, 2020 // https://www.msdmanuals.com/professional/gynecology-and-obstetrics/domestic-violence-and-rape/medical-examination-of-the-rape-victim Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  16. 16.0 16.1 Травматические повреждения при изнасиловании // https://expert-domen.ru/news/travmaticheskie-povrezhdeniya-pri-iznasilovanii Кирүү күнү: бугу ацынын 28, 2022.
  17. Сексуальное насилие не знает социальных, экономических или национальных границ. // Национальный центр по предотвращению изнасилований «Анна» (орус.)
  18. WHO, LSHTM, SAMRC. Global and regional estimates of violence against women: prevalence and health impacts of intimate partner violence and non-partner sexual violence. WHO: Geneva, 2013.
  19. 19.0 19.1 Л. Герман "Травма и излечение",1992. (орус.) Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  20. Attenborough, Frederick. "Rape is rape (except when it's not): the media, recontextualisation and violence against women" (англ.) // Journal of Language Aggression and Conflict. — 2014. — Vol. 2, no. 2. — P. 183—203. — ISSN 2213-1272. — doi:10.1075/jlac.2.2.01att.
  21. RAINN Urges White House Task Force to Overhaul Colleges’ Treatment of Rape (англ.). rainn.org. // Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  22. "Victim Blaming". Canadian Resource Centre for Victims of Crime. 2009 // Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  23. Zick Rubin, Letitia Anne Peplau. Who Believes in a Just World? (англ.) // Journal of Social Issues. — 1975. — Vol. 31, no. 3.
  24. Brian N. Sweeney. Slut Shaming // The SAGE Encyclopedia of Psychology and Gender (англ.). — SAGE Publishing, 2017. — ISBN 9781483384269. — doi:10.4135/9781483384269.
  25. Tesla, Carrasquillo,. Understanding Prostitution and the Need for Reform // Touro Law Review. — 2014. — 1 января (т. 30, № 3). — ISSN 8756-7326.
  26. https://meduza.io/cards/v-shvetsii-seks-bez-soglasiya-budet-schitatsya-iznasilovaniem-no-kak-ponyat-chto-takoe-soglasie
  27. Украинанын Кылмыш жана жаза кодекси, 152 берене.
  28. Кытай Эл Республикасынын кылмыщ жана жаза кодекси, 236 берене.
  29. Доклад: Смертная казнь в 2019 году. Саудовская Аравия поставила печальный рекорд // (орус.)https://eurasia.amnesty.org/2020/04/21/doklad-smertnaya-kazn-v-2019-godu-saudovskaya-araviya-postavila-pechalnyj-rekord/ Кирүү күнү: бугу айынын 27, 2022
  30. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодекси.
  31. А.Джумашова, Жертвы изнасилования. Кто поможет и к кому обращаться // 2019 (орус.) https://24.kg/obschestvo/120695_jertvyi_iznasilovaniya_kto_pomojet_ikkomu_obraschatsya/
  32. "Sexual Violence". World Health Organization. World Health Organization. 2002 (англ.)
  33. General recommendation No. 35 on gender-based violence against women, updating general recommendation No. 19https://tbinternet.ohchr.org/_layouts/15/treatybodyexternal/Download.aspx?symbolno=CEDAW/C/GC/35&Lang=ru 2017
  34. S.Bernstein, What Is the Age of Consent? 2021 // https://www.webmd.com/sex/age-of-consent#:~:text=If%20an%20adult%20engages%20in,national%20average%20age%20is%2016. (англ.) Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.
  35. 35.0 35.1 Как работает согласие в сексе? 2017 // https://takiedela.ru/news/2017/11/29/kak-rabotaet-soglasie-v-sekse/ Кирүү күнү: бугу айынын 28, 2022.