Ислам феминизми

Википедия дан
Ислам феминизминин символу

Исламдык феминизм - Исламдагы аялдардын ролу менен байланышкан феминизмдин бир түрү. Бул агым жынысына карабастан бардык мусулмандардын коомдук жана жеке жашоодогу толук тең укуктуулугун көздөйт. Кыймылдын жактоочулары диний илимдердеги теңчиликти терең ачып берүүгө жана адилеттүү коом түзүүгө умтулушат.

Айрым мусулман өлкөлөрүндө аялдар мамлекет башчысы жана премьер-министр боло алышты: мисалы, Пакистанда Беназир Бхутто, Сенегалда Маме Мадиор Бойе, Түркияда Тансу Чиллер, Косоводо Качуша Яшари жана Индонезияда Мегавати Сукарнопутри.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исламдагы туңгуч реформалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ислам коомунда аялдардын укуктары боюнча реформалар VII-кылымдын башында  жүргүзүлүп баштаган, мындай орчундуу өзгөрүүлөр нике, ажырашуу жана мурастоо сыяктуу аспектилерге таасирин тийгизген.[1] Башка маданияттарда, анын ичинде батыш өлкөлөрүндө да аялдар мындай укуктук статуска ээ болгон эмес. Араб коомунда исламдын пайда болушу менен аялдардын абалы жакшырган. Эң маанилүүсү, жаңы төрөлгөн ымыркай кыздарды өлтүрүүгө тыюу салынып, аял жеке инсан катары кабыл алына баштаган.[1] Ислам мыйзамдарына ылайык, нике мындан  ары аялдын макулдугу зарыл болгон келишимдин негизинде гана ишке ашырылган.  Мындан сырткары, аялдарга мураска ээлик болуу укугу берилген. Ага чейин мурас үй-бүлөнүн эркек мүчөлөрүнө гана тийиштүү болгон.

Исламдагы алтын доор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Феминисттик кыймылдар салыштырмалуу жакынкы мезгилдерде эле пайда болгонуна карабастан, өткөн кылымдарда эле ислам коомунда аялдардын укугун жакшыртууга салымын кошкондор  болгон. Алардын арасында, орто кылымдагы философ Ибн Араби аялдар дагы эркектер сыяктуу эле бийик руханий даражага жете алат деп эсептеген.[2]  Ошондой эле, XVIII-кылымдагы реформатор Дан Фодио Усмандын кызы Нана Асмау мусулман аялдарынын сабаттуулугун арттырууну талап кылган.

19-кылым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исламдагы заманбап феминисттик кыймыл XIX кылымда башталган. Ирандык акын Тахире Куранды чечмелөө менен алектенген биринчи заманбап аял болгон. Ал кадимки мусулман үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Кийинчерээк “Аялдар ишеними” кыймылынын көрүнүктүү мүчөсү болгон. Тахире бул кыймылдын алкагында көп аялдуулукту, паранжа кийүүнү жана аялдарга коюлган башка чектөөлөрдү ачык сынга алган. Анын “Мени каалаган убакта өлтүрө аласыңар, бирок аялдардын боштондугу үчүн күрөштү токтото албайсыңар” деген сөзү эл арасына кеңири жайылган.[3]

Египеттик юрист Касим Амин - “Аялдар боштондугу” (1899-ж.) эмгегинин автору, аны көбүнчө “египеттик феминисттик кыймылынын атасы” деп атап келишет. Амин өз эмгегинде коомдогу көп аял алуу, паранжа, башкача айтканда, исламдагы гендердик сегрегация сыяктуу кеңири тараган кээ бир көрүнүштөрдү сынга алган. Аялдарга карата мындай бейкалыс мамиле исламдын чыныгы маанисине карама-каршы келерин белгилеген. Анын эмгектери ислам жана араб дүйнөсүндөгү аялдардын саясий кыймылдарына зор таасирин тийгизген жана азыр да өз окурмандарын жогото элек.

Бирок Аминдин феминисттик сын көз карашын сүрөгөн аялдар анчалык атак алган эмес. 1892-жылы Амин көтөрүп чыккан алгачкы маселелер сыяктуу эле, Египеттин аялдарга багытталган басылмаларында  аларды түйшөлткөн көйгөйлөрдү чагылдырган макалалар чыга баштаган. Европалык феминисттер болсо, египеттик, түркиялык, ирандык, сириялык жана ливандык авторлордун макалаларын окуп, алардын Жакынкы Чыгыш үчүн маанисин жалпы басма сөздө талкуулашкан.[4]

20-кылым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мина Кешвар Камал, саясий ишмер, Ооганстандагы аялдардын укугун коргоочу

Бинт аш-Шати («Дарыя жээгинин кызы») деген каймана ат менен жазган Айша Абдур-Рахман Куранды чечмелөө менен алектенген экинчи заманбап аял болгон.  Ал өзүн феминист деп эсептеген эмес, бирок анын эмгектери феминисттик темаларды чагылдырган.  Акын 1959-жылы атагы эл арасына жайылган китептерди чыгара баштаган.[5] Ошол эле учурда Нагиб Махфуз Мухаммед пайгамбардын өмүр жолун аллегориялык жана феминисттик көз карашта баяндаган чыгармасын жарыялаган. Ал эми Айша Абду-Рахман мусулман аялдардын, анын ичинде Мухаммед пайгамбардын энелеринин, аялдарынын жана кыздарынын баскан жолун баяндап жазган. Мындан сырткары ал адабий сын жазуу менен алектенген.[6]

“Араб жазы” деген аталыш менен тарыхка кирген араб өлкөлөрүндөгү төңкөрүштөр аялдар укугун коргогон кыймылдарды бир топ басаңдатты. Жакында гана мусулман феминисттери мечиттеги жана дуба окуудагы тең укуктуулук боюнча маселе көтөрүп чыгышты.

XXI кылым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги идеялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көптөгөн ислам окуу жайларынын түптөлүшүнө аялдар маанилүү роль ойногон. Фатима аль-Фихри 859-жылы аль-Каравин университетин негиздеген.

Фатима аль-Фихри 859-жылы мечиттин алдында медресе ачкан, ал бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң эски университет болуп саналат.[7]

Сириялык тарыхчы Ибн Асакирдин айтымында, XII кылымда аялдарда билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Тарыхчы жазгандай, бул мезгил аралыгында кыздар менен аялдар үчүн билим алууга, илимий даражага ээ болууга, ошондой эле аалым (окумуштуу) жана мугалим болууга жол ачылган. Мындай шарттар өзгөчө уул-кыздарына эң жакшы билим берүүнү каалаган илимпоздор жана илими бар үй-бүлөлөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болгон.[8]

Жарандык жана аскердик иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Халифатта жумушчу күчтөр ар кандай этникалык жана диний өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Эркектер жана аялдар ар кандай кесипти аркалашкан, ошондой эле түрдүү экономикалык иш-аракеттер менен алектенишкен.[9] Мисалы, аялдар сооданын кеңири тармагында иш жүргүзгөн сыяктуу эле, ар кандай кесиптерде иш алып бара алган.[9] Дыйкандар, курулушчулар, сүрөтчүлөр, эсепчилер катары түрдүү тармактарда, ал гана эмес инвесторлор, дарыгерлер, медайымдар, гильдия президенттери, соодагерлер, кредиторлор, илимпоздор катары эмгектене алышкан.[9]

Мусулман аялдары  ошол кездеги эң ири жана адистештирилген өндүрүш катары эсептелген текстилдик тармактарда  жип ийрүү, боёо жана саймачылык сыяктуу кесиптерде монополияны түзүшкөн. Салыштыра келсек, XVIII—XIX кылымдардагы өнөр жай революциясына чейин Европада аялдардын менчик укугу жана жалданма эмгек көлөмү салыштырмалуу сейрек учураган[10] .

Менчик, нике жана башка укуктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын укуктары боюнча биллге (мыйзам топтому) ылайык,  XX кылымга чейинки Батыштын  айрым укуктук системаларына караганда Шариятта каралган аялдарга карата мыйзамдуу чектөөлөрү  негизинен азыраак деп эсептелинет. Мисалы, Шарияттын салттуу чечмелөөсү боюнча, аялдар никеге турганда өз фамилиясын сактоого, мураскор болууга жана мурас калтырууга укуктуу, ошондой эле, каржылык иштерин өз алдынча башкарууга, өз эрки менен никеге турууга жана ажырашууга арыз берүүгө укугу бар. Салыштыруу менен карай турган болсок, Франциянын мыйзамдары боюнча никеге турган аялдардын тандоо укуктарына карата чектөөлөр 1965-жылга чейин болгон[11].

XV-кылымдагы жана андан мурунку Батыш дүйнөсүндө ажырашуулар салыштырмалуу сейрек кездешкен, ал эми ошол убактагы мусулман коомчулугунун айрым жерлеринде ажырашуу (талак) Батышка караганда көбүрөөк таралган. Белгилүү бир изилдөөлөргө таянсак, Мамлюк султандыгында жана алгачкы Осмон империясында ажырашуулардын деңгээли азыркы Жакынкы Чыгыштагы ажырашуулардын санынан жогору болгон. XV кылымда жашаган египеттик тарыхчы Аль-Сахави 500 аялдын үй-бүлөлүк тарыхын жазып калтырган. Андагы жазууларга ылайык, Мисир менен Сириянын Мамлюк султандыктарындагы аялдардын кеминде үчтөн бири бир нече жолу турмуш курушкан, ал эми айрымдары үч же андан көп жолу никеге турган.[12]

Батыштагы ислам феминизминин көйгөйү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир катар батыштык маалымат каражаттары Батыш Европалык жана Америка Кошмо Штаттарындагы  көптөгөн исламдык феминисттик уюмдардын идеологиялык көйгөйүн байкашкан. Айрыкча, феминизмди шылтоолоп, көптөгөн активисттер батыш коомчулугундагы исламофобияга каршы жана мусулмандардын динди ачык тутуу укугу үчүн күрөш жүргүзүп жаткандары ачык байкалууда. Ошол эле учурда алар сионизмди активдүү сындап, бирок езид сыяктуу диний азчылыктардын аялдарына карата мусулмандар тарабынан жасалып жаткан кысымдарга көңүл бурушпайт. “Ислам феминизминин” бул пункту батыштын көптөгөн либералдык кыймылдары жана либералдык/феминисттик медиа тарабынан колдоого алынат.

Ошого карабастан, бул активисттер исламдагы патриархалдык мамилелерди де-факто жактап, ислам диаспорасынын ичиндеги мизогинияны жокко чыгарышат, же бул көрүнүш сейрек кездешет деп эсептешет. Мындай аракеттери менен, тескерисинче, алар аялды жупуну үй кожойкеси жана күйөөсүнүн кызматчысы катары эсептеген жана феминизмдин идеологиясына карама-каршы келген пуритандык көз карашка үгүттөшүүдө. Бул мусулман коомчулугундагы патриархалдык түзүлүшкө каршы күрөшкө негизделген Ислам өлкөлөрүндөгү феминисттик уюмдар менен идеологиялык карама-каршылыктарды жаратып келет.[13][14][15] .

Консервативдик исламчылардын сындары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Аль-Жазира” сайтынын кабарчысы Рашель Фосетт белгилегендей, көптөгөн мусулмандардын арасында “феминизм” деген сөздүн өзү үстөмдүк кылуучу, агрессивдүү, үй-бүлөнү жек көргөн аялды элестетет. Феминизмге карата мындай терс мамиле божомолдорго жана стереотиптерге негизделгени менен, көп учурда феминисттик топторго каршы негизсиз душмандык мамиленин пайда болушуна алып келет.[16]

Малала Юсуфзай Пакистанда кыздардын билим алуу укугу тууралуу блог жазганы үчүн Таллибан тарабындан ок алган. Малалага Сахаров сыйлыгын тапшыруу аземи. Страсбург Жетинин айынын 20, 2013-жыл

Феминизмге жана аялдардын укуктарына байланыштуу ар кандай идеяларга каршы чыккан консервативдүү мусулмандар көбүнчө исламдын өтө популярдуу риторикасын көтөрүп чыгышат.  Ага ылайык, 1400 жылдан ашык убакыт мурун исламдын келиши менен аялдарга тарыхый эмансипация тартууланган жана бутпарастык арабдар дооруна караганда аялдардын укуктары жана статусу коомчулукта бир топ жогорулаган. Консервант мусулмандардын пикиринде,  азыркы феминисттик кыймылдар - исламдагы аялдардын ролун жана ислам дини түзүп берген жагдайын бузуудан башка эч нерсе көздөшпөйт. Тарыхый эмансипация риторикасы көбүнчө мусулман өлкөлөрүндөгү аялдар туш болгон көйгөйлөргө анчейин маани бербөө жана аларды ачык чыгарбоо үчүн колдонулат. Ислам феминисттери белгилегендей,  исламчылар аялдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк чектөөлөрдү киргизүү жана аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун мыйзамдуулугун актоо үчүн  Куранды бир тараптуу чечмелеп келишет. Ал эми Ислам феминисттери Куран жазууларына таянуу менен,  Куран күнүмдүк турмуштан жана жарандык институттардан баштап саясатка катышууга чейин гендердик теңчиликти кубаттайт деген идеяны туу тутушат.[16]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 "Women and Islam - Oxford Islamic Studies Online". www.oxfordislamicstudies.com.
  2. Hakim, Souad (2002), «Ibn 'Arabî's Twofold Perception of Woman: Woman as Human Being and Cosmic Principle», Journal of the Muhyiddin Ibn 'Arabi Society 31: 1-29
  3. Shoghi Effendi, God Passes By, (Bahá'í Publishing Trust, Wilmette, rev. ed. 1953), p. 75.
  4. «Great Ancestors: Women Asserting Rights in Muslim Contexts», by Farida Shaheed with Aisha L.F. Shaheed (London/Lahore: WLUML/Shirkat Gah, 2005)
  5. Roded, Ruth (May 2006), «Bint al-Shati’s Wives of the Prophet: Feminist or Feminine?», British Journal of Middle Eastern Studies 33 (1): 51-66, DOI:10.1080/13530190600603915
  6. Arab Women Novelists: The Formative Years and Beyond by Joseph T. Zeidan, State University of New York Press, 1995
  7. Joseph, Suad. Encyclopedia of Women & Islamic Cultures: Economics, education, mobility and space (англ.). — Brill. — P. 314. — ISBN 9789004128200.
  8. Lindsay, James E. (2005), Daily Life in the Medieval Islamic World, Greenwood Publishing Group, pp. 196 & 198, ISBN 0-313-32270-8
  9. 9.0 9.1 9.2 Maya Shatzmiller (1994), Labour in the Medieval Islamic World, Brill Publishers, ISBN 90-04-09896-8
  10. Maya Shatzmiller (1997), «Women and Wage Labour in the Medieval Islamic West: Legal Issues in an Economic Context», Journal of the Economic and Social History of the Orient 40 (2), pp. 174—206.
  11. Badr, Gamal M.; Mayer, Ann Elizabeth (Winter 1984), «Islamic Criminal Justice» (en.), The American Journal of Comparative Law (The American Journal of Comparative Law, Vol. 32.
  12. Rapoport, Yossef (2005), Marriage, Money and Divorce in Medieval Islamic Society (англ.), Cambridge University Press, pp. 5-6, ISBN 0-521-84715-X
  13. 'Dangerous' women: Why do Muslim feminists turn a blind eye to Islamist misogyny? (en) (3 June 2017). Текшерилген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2018.
  14. Yasmin Alibhai-Brown. As a Muslim woman, I see the veil as a rejection of progressive values | Yasmin Alibhai-Brown (англисче)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). the Guardian (20 March 2015). Текшерилген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2018.
  15. Unveiling 'Islamic Feminism': The Nomenclature Of The Absurd (en) (21 April 2017). Текшерилген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2018.
  16. 16.0 16.1 Rachelle Fawcett. The reality and future of Islamic feminism (англ.) Текшерилген күн: 07.03.2023.