Аялдын жыныс органдарын жабыркаткан операциялар

Википедия дан
Варис Дирие - 13 жашында жыныстык органдарына операциядан кийин качып, ийгиликтүү модельдик каьераны кургандан кийин аялдардын жыныстык органдарына каршы Desert Flower Foundatio фондун ачты, Чөл гүлү автобиограиялык китебин жазды. БУУнун атайынэлчиси болгон.

Аялдарды сүннөткө отургузуу[1], же аялдын жыныс органдарын жабыркаткан операциялар[2], ошондой эле аялдын жыныс органдарын кесүү - бул эч медициналык муктаждыгы жок, ырым иретинде толук же жарым-жартылай кыздардын тышкы жыныс органдарын кесип салуу.  Мындай тажрыйба Африка, Азия жана Жакынкы Чыгыштын айрым өлкөлөрүндө, ошондой эле аялдардын жыныс органдарын кесүү тажрыйбасы кадыресе көрүнүш катары кабыл алынган өлкөлөрдүн чет өлкөлөрдөгү жамаатарында кездешет. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, аялдын жыныс органдарын жабыркаткан операциялардын эң көп кездешкен 31 өлкөсүндө кеминде 200 миллион кыз жана аял бул практикага кабылды, алардын жарымынан көбү Мысырда, Эфиопияда жана Индонезияда.[3] Ошондой эле, аялдардын жыныс мүчөлөрүнө залал келтирилип жасалган мындай процедуралар Россиянын айрым региондорунда да катталган.[4]

Негизинен, мындай операциялар жаңы төрөлгөн ымыркай кыздардан баштап, 15 ке толо элек жаш кыздар арасында жасалат.[3][5] Мындай учурлар каттоого алынган айрым өлкөлөрдүн маалыматына таянсак, жогоруда аталган өлкөлөрдүн жарымында кыздар 5 жашына чейин жыныс органдарын жабыркаткан операцияларга кабылышат.[6]  Бул процедуралар алар жасалган өлкөлөргө, же этникалык өзгөчөлүктөрүнө карай айырмаланышат.  

Мындай операцияларда клитор капюшону жана клитордун башы кесилет, ошондой эле, ички жыныс эриндери алынат (2-а түрү), айрым учурларда  ички жана сырткы жыныстык эриндер кошо алынып, вульва жабылат. Инфибуляция деп аталган акыркы процедударада, заара жана айыз суюктугу чыгуучу тешик гана ачык калтырылат. Ал эми кын тешиги жыныстык катнаш жана төрөт үчүн кийинчерээк ачылат.[7]

Бул тажрыйба гендердик теңсиздиктин, аялдык сексуалдуулукту көзөмөлдөөгө умтулуунун кесепеттеринен жана сулуулук, тазалык, жөнөкөйлүктү элестеткен жалган түшүнүктөрдөн улам  келип чыккан. Мындай процедураларды көбүнчө сүннөткө отургузууну тазалыктын булагы деп эсептеген аялдар демилгелеп, ишке ашырышат. Бул аялдар  кыздарына же неберелерине мындай процедуралар кылынбаса, алар коомчулуктан бөлүнүп социалдык изоляцияга кабылат деп кооптонушат.[6] Ал эми кыздардын ден-соолугуна тийгизген залалдары бул процедуралардын түрүнө жараша болот: инфекциялардын жайылып кетүүсү, кыйынчылык менен заара ушатуу жана айыз суюктугунун чыгуусу, дайыма ооруксунуу, тукумсуздук, ашыкча эттин пайда болуусу, төрөттүн оорлошу жана кандын токтоосуз агуусу.[7] Ошол эле учурда, бул процедуралардын ден-соолукка болгон бир дагы пайдасы жок экендиги тастыкталган.[5]

1970-жылдардан бери эл аралык коомчулук тарабынан бул тажрыйбаны колдонгон өлкөлөрдү мындай иш-аракеттерден баш тарттыруу боюнча аракеттер жасалып келет. Бирок бул чакырыктар мыйзам түрүндө ишке ашырылбайт жана аялдардын жыныс органдарына операциялар жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө мыйзамсыз деп табылган, же чектелген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 2010-жылдан бери медицина кызматкерлерин бул процедуралардын бир да түрүн, анын ичинде төрөттөн соң жасалуучу рефибуляцияны жана клиторду символикалык түрдө “тилип коюу” тажрыйбасын да ишке ашырбоого үндөп келет.[8] Мындай иш-чаралардын каршылаштары адам укуктарынын универсалдуулугу жана маданий релятивизм (бардык маданияттарды бирдей деп тааныган антропологиянын багыты) боюнча татаал маселелерди көтөрүп чыккан антропологдордун арасында сынга кабылып келишет.[9][10]

Терминология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөлүк медициналык жана адам укуктары коомчулугунда 1980-жылдан бери “аялдарды сүннөткө отургузуу” (англ. female circumcision) термини иш жүзүндө колдонулбайт жана анын ордуна “аялдардын жыныстык органдарын жабыркаткан операциялар” (анг. female genital mutilation, FGM)[5] жана “аялдардын жыныстык органдарына залал келтирүү” (анг. female genital cutting, FGC)[11] терминдери колдонулат.[12] Эл аралык медициналык коомчулуктун “аялдарды сүннөткө отургузуу” терминин четке кагышынын себеби - анын мааниси туура эмес колдонулуп келет. Себеби бул операцияларды - эркектин сүннөткө отургузулушуна - ашыкча терини алып салган операцияга окшоштуруу такыр туура эмес.[13] Чындыгында, аялдардын жыныстык органдары жабыркаган учурларда ден-соолукка жана жашоого тийгизген кесепеттери сыяктуу эле, мындай операциялык кийлигишүүнүн масштабы да алда канча олуттуу.  Анатомиялык көз караштан алып караганда, аялдарга жасалуучу “клиторидэктомияны” эркектин жыныс мүчөсүнүн чоң бөлүгүн кесип салууга салыштырса болот, ал эми “инфибуляцияны” эркектин жыныс мүчөсүн толугу менен ампутация кылуу деп окшоштурса жарашат.[12]

Локалдык терминдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клитор аялдын оргазмы үчүн жооп берген негизги орган. Аялддын сексуалдуулугун контролдоо үчүн аялдын жыныстык органдарын, анын ичинде клиторду кесишет.

Аялдардын жыныс органдарын жабыркаткан операциялар  кадимки көрүнүш болгон өлкөлөрдө бул практиканын көптөгөн вариациялары ондогон терминдерде чагылдырылат, алар көбүнчө “тазалоо,  тазалык” деген маанилерди билдирет.[6] Мисалы, Малиде колдонулган бамбара тилинде бул процедура bolokoli (“колуңду жуу)”, ал эми чыгыш Нигериянын игбо тилинде isa aru же iwu aru (“денеңди жуу”) дегенди түшүндүрөт.[14] Ал эми араб тилинде “тазалоо” деген маанини камтыган сөздөр t-h-r деген уңгудан турат жана эркек менен аялды сүннөткө отургузуу “тахур” жана “тахара” деп аталат.[15] Бул операциянын араб тилинде хафд жана хифад деген да аталыштары бар.[16]

Кыздардын жыныс органдарын жабыркаткан операциялар жасалган коомдордо  инфибуляцияны “ фараондук” деп, ал эми сүннөткө отургузууну Мухаммед пайгамбардан калган сүннөт деп аташат.[17] Бирок мындай операциянын эч бири Исламдын талаптарына, же пайгамбардын осуяттарына туура келбейт. “Инфибуляция” термини - fibula деген сөздөн алынган, латын тилинен которгондо “илгич” деген маанини билдирет. Белгилүү болгондой, байыркы римдиктер кулдарды жыныстык катнаштан тыюу максатында жыныс мүчөлөрдүн ашыкча этин же жыныс эриндерин атайын илгичтер менен “бекитип” салышкан.

Аялдарга жасалчу инфибуляцияны Суданда “фараондук сүннөткө отургузуу” деп аташса, Египетте бул процедура “судандык сүннөткө отургузуу” деген аталыш менен белгилүү.  Ал эми Сомалиде бул процедура qodob - жөн гана “тигүү” деген аталышка ээ.[18]

Ыкмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Процедуралар,  адатта, кыздын үйүндө, наркоз же анестезия жок эле сүннөтчү тарабынан жүргүзүлөт. Көбүнчө операцияны  улгайган аялдар ишке ашырышат.  Бирок кээ бир жамааттарда эркек чачтарач адамдар дагы медициналык кызматкердин ролун аткарып келишет. Бул жамааттарда мындай чачтарачтарга  кыздарга залалдуу процедураларды дагы жасай берүүгө укуктар берилген.[6]

Салттуу сүннөтчүлөргө келгенде, бычак, устара, кайчы, айнек, курч таштар жана тырмактар ​​сыяктуу стерилдүү эмес аспаптар колдонулушу бышык.[19] 2007-жылы The Lancet гезити угандалык медайымдын айтуусуна таянып, кыздарга жыныстык органдарды кескен адам 30 кызга бир бычакты бир убакта колдонгонун жазып чыккан.[20]

Айрым өлкөлөрдө бул процедураларга саламаттыкты сактоо адистери да тартылат: Египетте 2008-2016-жылдары аялдардын жыныстык органдарына жасалган операциялардын 77 пайызы, ал эми Индонезияда 50 пайыздан ашыгы медициналык адистер тарабынан жасалган.[6]

Классификациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Навал Эль Саадави 1970-жылы жыныс органдарын кесүүгө каршы чыккан биринчи африкалык феминисттердин бири.

1997-жылы Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, ЮНИСЕФ жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу Фонду менен биргеликте билдирүү жасашкан, анда аялдардын жыныс органдарын жабыркаткан мындай операциялардын баардыгын “медициналык көрсөтмөсү жок, кандайдыр-бир маданиятка ыңгайлаштырылып, аялдын жыныс органдарын толугу менен, же жарым-жартылай алып салуу, же жыныс органдарына залал келтирүү процедуралары” деп аныктама берүүгө чакырык жасашкан.[13] Процедуралар этникалык тегине жана айрым практик-дарыгерлерге жараша айырмаланып турат:  1998-жылы Нигер мамлекетинде жүргүзүлгөн сурамжылоодо, аялдардан аларга жасалган операциялар тууралуу суроо берилгенде, алар бул боюнча 50 дөн ашык терминди колдонушкан.[6]

Ошондой эле, котормо иштери жана аялдардын операция болгон-болбогону же операциянын кайсы түрү жүргүзүлгөндүгүн билбестиктери да маселени ого бетер татаалдатат.[21] Изилдөөлөр аныктагандай,  жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жоопторуна ишеним артууга мүмкүн эмес. Ал эми 2003-жылы Ганада жүргүзүлгөн изилдөө иштери төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөткөн: 1995-жылы сурамжылоого катышкан аялдардын 4% жабыркаткан операцияга дуушар болбогонун айтышса, 2000-жылы ошол эле аялдар жабыркаткан операцияларга туш болгонун билдиришкен.[22] Натыйжада, көрсөткүчтөр 4 пайыздан 11 пайызга өзгөргөн. 2005-жылы жүргүзүлгөн Танзаниядагы сурамжылоодо, ага катышкандардын 66% пайызы аларга карата  жыныс органдарын жабыркаткан операциялар жүргүзүлгөндүгүн айтышкан. Бирок медициналык кароолордун жыйынтыгында, алардын 73% пайызына процедуралар жасалгандыгы аныкталган.[23] 2006-жылы Суданда инфибуляция жасалган аялдар менен кыздардын олуттуу пайызы бул практиканын анча оор эмес түрү тууралуу билдиришкен.[24]

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бириккен Улуттар Уюмунун стандарттык анкеталарында аялдарга өздөрү же алардын кыздары төмөнкүдөй процедураларга дуушар болгонбу деген суроолор берилет:

  1. этин албастан кесүү (символикалык кесүү);
  2. этин жарым-жартылай алып салуу менен кесүү;
  3. тигип коюу;
  4. түрү аныкталбаган/ишенимдүү жообум жок/билбейм.[25]

Бул процедуралардын эң кеңири тараган түрлөрүнө “этин жарым-жартылай алып салуу менен кесүү” категориясы кирет, буга клиторду жарым-жартылай же толугу менен кесип салуу процедурасы да кошулат.[6][21]

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1997-жылы бул процедуралардын кененирээк типологиясын иштеп чыккан: I-II типтери кесилип, алынып салынган ткандардын көлөмү боюнча айырмаланат, III түрү ЮНИСЕФтин “тигип салуу” категориясына барабар, ал эми IV түрү ар кандай процедураларды, анын ичинде символикалык кесүүлөрдү камтыйт.[13][7]

ДССУ классификациясы боюнча аялдардын жыныстык органдарына жасалган операциялардын түрлөрү.

I тип[түзөтүү | булагын түзөтүү]

I түрү - клитордун башын жарым-жартылай же толук алып салуу (аялдардын жыныс органдарынын сезгич бөлүгү болуп саналган клитордун сырткы жана көрүнөө бөлүгү) жана/же чыгып турган тери/клитордун капюшонун (клитордун башын курчап турган тери) кесип салуу.

I-а түрү - клитор капюшонун гана алып салууну камтыйт, бирок  сейрек учурларда гана аны жалгыз алып салуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылат.

Кеңири таралган процедура I-b түрү (клиторидэктомия), мында клитордун башы жана клитор капюшону толугу менен же бир бөлүгү бир убакта алынып салынат.  Процедура жасаган киши клитордун башын чоң жана сөөмөйү менен артка тартып туруп, кесип салат.

II тип[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • II түрү - клитор менен жыныс эриндерин алып салуу;
  • II-a түрү - ички жыныс эриндерин гана алып салуу;
  • II-b түрү - ички эриндерди жана клиторду алып салуу;
  • II-c түрү - чоң, ички жыныс эриндерин жана клиторлорду алып салуу;
  • II-c-2 түрү - чоң жана ички жыныс эриндерин алып салуу.

III тип[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • III тип — инфибуляция - “Фараондук сүннөткө отургузуу"- ички кичи жыныс эриндерин (III-а түрү) же чоң (III-b түрү) эриндерин кесип, андан кийин жаракат алган ткандарды тигүү, же буттарды бириктирип байлоо аркылуу клиторду, заара тешигин жана жатындын кире беришин жаап бекитүү. Заара, айыз муктаждыктары үчүн кичинекей гана тешик калтырылат.

V тип[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бул тайпага калган процедуралар киргизилет.

Абалдын оорлошуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салттуу сүннөткө отургузуу операцияларын аткаруу үчүн ар кандай аспаптар, анын ичинде устара же бычактар колдонулат. Көпчүлүк учурда бул процедуралар анестезиясыз ишке ашырылып келет. Маалыматтар боюнча, дүйнөдөгү  мындай операциялардын 18% гана хирургиялык кайчы жана наркоз колдонуу менен саламаттыкты сактоо адистери тарабынан жүзөгө ашырылат.

Аялдардын жыныстык органдарына жабыркаткан операциялар - өзгөчө антисанитардык шарттарда жасалганда, аялдардын ден-соолугуна көптөгөн терс кесепеттерди алып келет. Мындай процедурага дуушар болгон аялдарды заара чыгарууда кыйынчылыктар, жыныс органдарынын инфекциялары жана төрөт учурундагы кыйынчылыктар коштойт.

Таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2020-жылдын март айындагы Global Response отчетуна ылайык II-тип операция жасалган 15–49 жаштагы аялдар менен кыздардын пайызын көрсөткөн карта[26]. Боз боелгон өлкөлөрдүн маалыматтары изилдөөдө камтылган эмес.

Географиялык жактан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын жыныстык органдарын жабыркаткан операциялар дүйнөнүн 30 дан ашуун өлкөсүндө, негизинен Жакынкы Чыгыш жана Африканын өлкөлөрүндө колдонулат.[27] Азияда Филиппин, Малайзия, Пакистан жана Индонезиянын кээ бир жамааттарында салттуу түрдө ишке ашырылат. Кээде Бириккен Араб Эмираттарында, Йеменде, Оманда жана Бахрейнде да бул процедуралар колдонулган учурлар кездешет. Ирактагы “Ислам мамлекети” тобу 2014-жылдын июль айында карамагындагы аймактардагы бардык кыздарды жана аялдарды сүннөткө отургузууга милдеттендирген фатва чыгарган.[28] Учурда Дагестандын жергиликтүү диний басылмалары  тарабынан аялдарды сүннөткө отургузуунун «пайдасын» пропагандалоо жүргүзүлүүдө.[29]

Египетте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Египетте аялдардын жыныстык органдарына жабыркаткан операцияларды кылууга мыйзам тарабынан 2008-жылдан бери тыюу салынган, бирок бул процедуралар дагы эле калк арасында кеңири колдонулуп келет. Египет дүйнөдөгү аялдардын жыныстык органдарын кесүү боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкө. Мамлекеттеги 50 жашка чейинки аялдардын 90%дан ашыгы бул процедурага дуушар болушкан. Эреже боюнча, бул операция 9 жаштан 13 жашка чейинки кыздарга жасалат. Белгилей кетчү нерсе, Египетте мындай операциялардын 70%дан ашыгы квалификациялуу дарыгерлер тарабынан жасалат.

2013-жылы өлкөнүн тарыхында биринчи жолу 13 жаштагы Сухер аль-Батаа бул түр операциядан улам каза болгон. Жаш кыздын өлүмүнөн кийин операция жасаган дарыгер жана кыздын атасы сотко өткөрүлгөн.[30]

Эфиопияда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эфиопия Африкада операцияга кабылган аялдардын саны боюнча Египеттен кийинки экинчи орунда турат. Эфиопияда бул салтты мусулмандар менен кошо, христиандар жана жөөттөр да карманышат. ЮНИСЕФтин 2005-жылдагы маалыматтарына ылайык, 15 жаштан 49 жашка чейинки эфиопиялык аялдардын арасында 74,3% бул операциядан жабыр тарткан, ал эми салыштыра келсек, 2000-жылы бул көрсөткүч 79,9% болгон. Башка маалыматтар боюнча (NCTPE/EGLDAM сурамжылоосу), 2007-жылы Эфиопияда операциядан жабыр тарткан аялдардын  саны  57%ды гана түзгөн.[31]

Орусияда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагестандын айрым тоолуу райондорунда аялдардын жыныс органдарын кесүү иш-чаралары жүзөгө ашырылып келет. Изилдөөчү С. Сиражудинованын маалыматына ылайык, 2010-жылдардын башында аялдарды сүннөткө отургузуу салты Дагестандын бийик тоолуу аймактарында авар жана андо-цез элдеринин айрым өкүлдөрүнүн арасында кеңири тараган.[32] “Орусиядагы укуктук демилге” (42-43-беттер) баяндамасына ылайык, бул практика Ботлих, Цунтинский (анын ичинде Бежта участогу), Цумадинский жана Тлярата жана башка аймактарда, ошондой эле түздүккө көчүп келген айылдарында кайталанууда.[33]  С.Сиражудинованын айтымында, аялдардыжыныстык органдарын кесүү – кээ бир учурларда Ингушетия жана  Чеченстандын  жабык тайпаларында гана кездешиши мүмкүн, бирок Орусиянын  бул аймактарынан башка жерлерде дээрлик  кездешпейт. Ингушетиянын борбору Магаста 2020-жылы медициналык мекемеде операциянын баасы 2000 рубль[34] — 30 доллардан аз акчаны түзгөн. С.Сиражудинованын айтымында, жергиликтүү бийлик бул иштерге эч кандай реакция кылбай келет.[32]  2016-жылы жарыяланган баяндамага ылайык, аялдардын жыныстык органдарына операциялар кээде ооруканада, бирок көбүнчө үйдө жасалат.

Жаш өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар кайсы өлкөлөрдө аялдардын жыныстык органдарына операциялар ар кандай куракта жасалат. Йеменде бул түр операцияларга мыйзам жана дин тарабынан тыюу салынган, бирок Ходейда жана Хадрамаут шаарларында төрөлгөндөн кийинки алгачкы эки жумасында ымыркай кыздардын жыныстык органдары кесилген учурлары сейрек катталат,[35] ал эми Сомалиде, Египетте, Чадда жана Борбордук Африка Республикасында кыздардын 80% пайызы 5 жаштан 14 жашка чейин жыныстык органдарына операцияга кабыл болушат.[6] Кенияда отурукташкан киси элинин арасында кыздар 10 жашында, ал эми камба элинде он алты жаштагы кыздар операция болушат.[6]

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын жыныстык органдарын кесүү практикасы болгон коомдордо “бул процедуралар аялдын жыныстык каалоосун азайтат, ошону менен бирге нике кыйганга чейин кыздыкты сактап, бузулуунун алдын алат” деген ишенимдер орун алган. Чындыгына келгенде, аялдын жыныстык органдарын кесүү ооруксунткан жыныстык катнашка алып келет жана аялды ырахат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  Бул аялдарды мыйзамдуу жубайы менен коомдук нормаларга ылайык гана жыныстык катнашка макул болууга мажбурлайт.

Дагы башка ишенимдер боюнча, жыныстык органдарды кеспей коюу клитордун ашыкча өсүп кетишине алып келет. Кээ бир сейрек учурларда,   жыныстык органдарга операция эркектердин кошулуу ырахатын узартат жана сексуалдык күчүн арттырат деген ишеним да бар. Андан сырткары, сүннөткө отургузуу азабын башынан өткөргөн аялдарда төрөт азабын көтөрүү жөндөмү жакшырып, төрөттү жеңилдетет деген ишенимдер да кездешет.

Аялдардын сүннөткө отургузулушу боюнча дагы бир катар ишенимдер туруктуу орун алган: “бул процедура дин тарабынан колдоого алынат же буйрук кылынат, же сексуалдык чектөөлөр боюнча диний көз караштарга туура келет, ошондой эле бул маанилүү маданий салт болуп саналат, аны талашууга же токтотууга болбойт. Өзгөчө бул коомчулукка тиешеси жок адамдар бул иштерге кийлигишүүгө укуктары жок”.  

Мындай процедуралардан баш тарткандар көбүнчө стигматизацияга дуушар болушат, алар маанилүү коомдук иш-чаралардан жана колдоо чөйрөлөрүнөн четтетилишет жана бардык түрдөгү дискриминацияга туш болушат.

Талаш-тартыштар жана укуктук статус[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көптөгөн мусулман аалымдары аялды сүннөткө отургузууну күнөө деп тааныган жарлыктарды чыгарышкан. Юсуф Ал-Кардави аттуу мусулман теологу бул практика ислам динин тутунгандар үчүн милдеттүү эместигин айткан.

Улуу Британияда аялдын жыныстык органдарын жабыркаткан операция кылууга 1985-жылы расмий түрдө тыюу салынган. Бирок буга карабастан, ири шаарлардагы афррика-азия коомчулугунда бул ырымды жасоо салты улантылып келет.

Ал эми Египетте 1997-жылдан бери медициналык муктаждыгы жок аялдын жыныстык органдарына операция кылууга тыюу салынган. Бирок айрым дарыгерлер медициналык көрсөткүчтөргө шылтоо кылып, бул операцияларды ишке ашырып келишүүдө.

Ал эми 28-ноябрь 2012-жылы Бириккен Улуттар Уюму аялдардын жыныстык органдарын кесүүгө тыюу салган резолюцияны кабыл алган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. "Кээде «аялдарды сүннөткө отургузуу» термини колдонулса да, медициналык адабиятта «аялдын жыныс органдарын жабыркаткан операциялар» деген терминди колдонуу туура болуп саналат <…> «Аялдарды сүннөткө отургузуу» термини дүйнө жүзү боюнча практиктер тарабынан четке кагылган, анткени ал эркектердин сүннөткө отургузулушуна туура эмес окшоштуктарды сунуштайт ..." Martha C. Nussbaum? 1999, Sex and Social Justice.
  2. БУУ. International Day of Zero Tolerance for Female Genital Mutilation, 6 February Текшерүү күнү: 05.04.2023
  3. 3.0 3.1 UNICEF. Female genital mutilation. Текшерилген күн: 05.04.2023
  4. Ю. А. Антонова, С. В. Сиражудинова. Практики калечащих операций в республиках Северного Кавказа: стратегии преодоления : [орус.]. — б. м. : Издательские решения, 2018. — ISBN 978-5-4490-9470-4. Текшерилген күн: 05.04.2023
  5. 5.0 5.1 5.2 ДССУ. Female genital mutilation Текшерилген күн: 05.04.2023
  6. 6.0 6.1 6.2 6.3 6.4 6.5 6.6 6.7 6.8 Cappa, Claudia, et al. Female Genital Mutilation/Cutting: A Statistical Overview and Exploration of the Dynamics of Change, (англ.) New York: United Nations Children's Fund, July 2013. Текшерилген күн: 05.04.2023.
  7. 7.0 7.1 7.2 Abdulcadir, Jasmine; Margairaz, Christiane; Boulvain, Michel; Irion, Olivier (6.01.2011). “Care of women with female genital mutilation/cutting”. (англ.) Swiss Medical Weekly. 140: w13137. PMID 21213149. Текшерилген күн: 05.04.2023
  8. Askew, Ian; Chaiban, Ted; Kalasa, Benoit; Sen, Purna (1 September 2016). "A repeat call for complete abandonment of FGM". Journal of Medical Ethics. 42 (9): 619–620. PMC 5013096. PMID 27059789. Текшерилген күн: 05.04.2023
  9. Silverman, Eric K. (2004). “Anthropology and Circumcision”. Annual Review of Anthropology. 33: 419—445. DOI:10.1146/annurev.anthro.33.070203.143706.
  10. Shell-Duncan, Bettina (June 2008). “From Health to Human Rights: Female Genital Cutting and the Politics of Intervention”. American Anthropologist. 110 (2): 225—236. DOI:10.1111/j.1548-1433.2008.00028.
  11. UNICEF. Female Genital Mutilation: A global concern February 2016. Текшерилген күн: 05.04.2023.
  12. 12.0 12.1 Nussbaum, Martha. Sex and Social Justice. (орус.) — New York and Oxford : Oxford University Press, 1999. — ISBN 9780195355017.
  13. 13.0 13.1 13.2 Eliminating Female genital mutilation: An Interagency Statement, Geneva: World Health Organization, 2008.
  14. Zabus, Chantal. The Excised Body in African Texts and Contexts // Bodies and Voices: The Force-field of Representation and Discourse in Colonial and Postcolonial Studies. — New York : Rodopi, 2008.
  15. El Guindi, Fadwa. Had This Been Your Face, Would You Leave It as Is? // Female Circumcision: Multicultural Perspectives. — Philadelphia : University of Pennsylvania Press, 2007. — ISBN 978-0812201024
  16. Asmani, Ibrahim Lethome. De-linking Female Genital Mutilation/Cutting from Islam / Ibrahim Lethome Asmani, Maryam Sheikh Abdi. — Washington : Frontiers in Reproductive Health, USAID, 2008.
  17. Gruenbaum, Ellen. The Female Circumcision Controversy: An Anthropological Perspective. — Philadelphia : University of Pennsylvania Press, 2001
  18. Abdalla, Raqiya D. 'My Grandmother Called it the Three Feminine Sorrows': The Struggle of Women Against Female Circumcision in Somalia // Female Circumcision: Multicultural Perspectives. — Philadelphia : University of Pennsylvania Press, 2007.
  19. Kelly, Elizabeth; Hillard, Paula J. Adams (October 2005). “Female genital mutilation”. Current Opinion in Obstetrics and Gynecology. 17 (5): 490—494. PMID 16141763.
  20. Wakabi, Wairagala (31.04.2007). “Africa battles to make female genital mutilation history”. Lancet. 369 (9567): 1069—1070. Текшерилген күн: 05.04.2023
  21. 21.0 21.1 Yoder, P. Stanley; Wang, Shanxiao; Johansen, Elise (June 2013). “Estimates of female genital mutilation/cutting in 27 African countries and Yemen”. Studies in Family Planning. 44 (2): 189—204. PMID 23720002
  22. Jackson, Elizabeth F.; Akweongo, Patricia; Sakeah, Evelyn; Hodgson, Abraham; Asuru, Rofina; Phillips, James F. (2003). “Inconsistent reporting of female genital cutting status in northern Ghana: explanatory factors and analytical consequences”. Studies in Family Planning. 34 (3): 200—210. PMID 14558322
  23. Klouman, Elise; Manongi, Rachel; Klepp, Knut-Inge (January 2005). “Self-reported and observed female genital cutting in rural Tanzania: associated demographic factors, HIV and sexually transmitted infections”. Tropical Medicine & International Health. 10 (1): 105—115. PMID 15655020.
  24. Elmusharaf, Susan; Elhadi, Nagla; Almroth, Lars (15 July 2006). “Reliability of self reported form of female genital mutilation and WHO classification: cross sectional study”. BMJ (Clinical Research Ed.). 333 (7559): 124. PMID 16803943.
  25. ЮНИСЕФ 2013: «Бул категориялар ДСCУнун типологиясына толук дал келбейт: этин алып салбастан кесүү, операциянын IV түрү болуп саналат. Этти кесүү, жарым-жартылай алып салуу I түргө (клиторидэктомия) жана/же II түргө (кесип алуу) туура келет. Ал эми тигиш салуу III түргө, инфибуляцияга туура келет"
  26. "Female genital mutilation/cutting: a call for a global response" (англ.) End FGM European Network, U.S. End FGM/C Network and Equality Now. 2020. Текшерилген күн: 25.04.2023.
  27. The New Humanitarian (08.03.2005). Razor's Edge: The Controversy of Female Genital Mutilation (англ.) Текшерилген күн: 06.04.2023.
  28. Militants order female genital mutilation in Iraq: U.N. | Reuters (24.07.2014) Текшерилген күн: 06.04.2023.
  29. БУУ. Почему в Дагестан вернулось «женское обрезание»? 2016 ж. (орус.) Текшерилген күн: 06.04.2023.
  30. BBC. Власти Египта повели борьбу с женским обрезанием (орус.) Текшерилген күн: 06.04.2023.
  31. Отрезать все: жизнь без клитора (орусю). Текшерилген күн: 06.04.2023.
  32. 32.0 32.1 «Ведут девочек под нож в угоду мужчинам» Как и для чего проводится женское обрезание в Дагестане (орус.) Текшерилген күн: 06.04.2023.
  33. Сиражудинова С.В. «Я не могу сказать!»: к проблеме домашнего и сексуального насилия в республиках Северного Кавказа (орус.) // Женщина в российском обществе. — 2017. — № 4. — С. 26—35. Текшерилген күн: 06.04.2023.
  34. Карпицкая Д. Отец отправил девятилетнюю дочку на обрезание // Комсомольская правда. — 2020. — № 22-т (27133-т). — С. 7.
  35. UNICEF 2005. Changing a HArmful Social Convention: Female Genitale Multilation|Cutting. (англ.) Текшерилген күн: 06.05.2023.